Аксу (Палодар облусу)
Аксу
|
Аксу (каз. Ақсу ) — Казакстан Республикасы Павлодар облусунун борбору эсептелген Павлодар шаарынан түштүккөчө 50 км алыстыкта, Иртиштин сол жээгинде жайгашкан. Шаардын аймагы түндүгүнөн Актогай району, түштүгүнөн Баянауыл, Май, Лебяжи райондору, батышынан Павлодар, чыгышынан Экибастуз шаары менен чектешет. Калкынын саны анын айланасындагы айылдарды кошкондо 70 миңге чукул.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаардын калкы тегеректеги айылдарды кошкондо 68522 киши, шаардын калкы 45845 (2012-ж), айыл калкы 23048 кишини түзөт[1].
Шаар калкынын улуттук курамы, анын ичинде айланасындагы айылдарды кошкондо (2010-жылдын 1-январы)
- казактар — 30 432 kishi (44,41 %)
- орустар — 27 295 kishi (39,83 %)
- украиндер — 4007 kishi (5,85 %)
- немистер — 2 429 kishi (3,54 %)
- татарлар — 1382 kishi (2,02 %)
- белорустар — 729 kishi (1,06 %)
- молдаванлар — 403 kishi (0,59 %)
- азербайжанлар — 239 kishi (0,34 %)
- чечендер — 213 kishi (0,31 %)
- башка улуттар — 1 339 kishi (1,95 %)
- Жалпы — 68 522 kishi (100,00 %)
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аксуунун тарыхы Экибастуз районунун көмүр кенинин ачылышына байланыштуу. 1897-жылы Экибастуздан 109 км темир жолдун курулушу башталган. Келечектеги шаардын аймагы аркылуу Воскресенск темир жолу өткөн. Эмгек мигранттары жергиликтүү материалдардан: чоподон, камыштан жана самандан өз алдынча үй кура башташты. Жаңы кылымдын башында № 5 казак айылы менен бирдикте Кызыл-Ширпинин аскаларында Глинка деген ылайдан салынган чакан кыштак пайда болду.
1911-жылы жумушчулар шаарынын калкы 1000 адамга жеткен. 1913-жылы Глинка каласына талаа өлкөсүнүн губернаторунун жарлыгы боюнча Ермак деген наам ыйгарылган. Воскресенск Глинка калсы жана Ермак шаарлары деп атала баштаган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Численность населения Республики Казахстан по отдельным этносам на начало 2023 года. Комитет по статистике Министерства национальной экономики Республики Казахстан. Текшерилген күнү 3 -май (бугу) 2023.