Мазмунга өтүү

Александер Сэмюэл

Википедия дан
Александер, Сэмюэл‎»‎ барагынан багытталды)
Александер Сэмюэл

Samuel Alexander
Толук аты-жөнү Сэмюэл Александер
Англис тилинде Samuel Alexander
Аймак Неореализм
Олуттуу идеялары Эмердженттик эволюция

Сэмюэл Александер (англ. Samuel Alexander, 6 январь 1859, Сидней, Австралия — 13 сентябрь 1938, Манчестер) – англиялык философ - неореалист, эмердженттик революциянын идеалисттик теориясынын негиздөөчүсү.

Александер акыркы реалдуулук «мейкиндик убакыт» түшүнүктөрүн эсептеген. Эволюция процесси Александердин айтуусунда алдын-ала айтылбаган жана илимий жактан түшүндүрүлбөгөн мүнөзгө ээ. «Мейкиндик – убакыт», «эмердженттик сапаттарды-материалдык дүйнөнү, жашоону, психиканы, аң-сезимди жаратат. Александер этика жана эстетика маселелери менен дагы иштеген. Анын көз-караштары азыркы илимде карама-каршы турат.

Анын негизги философиялык эмгеги – «мейкиндик, убакыт жана кудай» 1920-ж. жазылган. Антикалык философияБайыркы Грецияда жана байыркы Римде өнүккөн кул ээлөөчүлүк коомдун философиясы. Философия коомдук аң-сезимдин өзгөчө формасы катары, качан коом таптарга бөлүнгөн пайда болгон. Биринчи философиялык элестер байыркы Египетте, Кытайда, Индияда ж. б. Байыркы чыгыш өлкөлөрүндө пайда болгон. Жогорку деңгээлде философиялык ой байыркы Антикалык философиясында жетти.

Александердин философиясынын баардык тарыхында карама-каршы эки багыттын: материализмдин жана идеализмдин күрөшү жүрөт. Биринчи байыркы грек материалисттери болуп Фалес, Анаксимандр, Анаксимен, Гераклит болушкан. Дүйнөнүн биринчи негизи катары сууну (Фалес), абаны (Анаксимен), отту (Гераклит) эсептешкен. Андан аркы антикалык материализмдин өнүгүшү Демокриттин аты менен байланыштуу. Ал материянын түзүлүшүнө жана гипотезанын өнүгүшүнө терең кирүүгө умтулган. Анын айтуусу боюнча, дүйнөдө атомдордон башка жана боштуктагы кыймылдап турган атомдордон башка эч нерсе жок деген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]