Иса Ахунбаев

Википедия дан
Ахунбаев, Иса Коноевич‎»‎ барагынан багытталды)
Кыргызстандын 2008-жылы чыгарылган почтоо маркасы.

Ахунбаев Иса Коноевич [12 (25). 9. 1908, Ысык-Көл облусу , Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы - 5. 1. 1975, Фрунзе] - хирург, медицина илимдеринин доктору (1948), профессор (1949), СССР МИАнын корреспондент мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) жана туңгуч президенти (1954-60). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмгек Сиңирген ишмери (1974).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылында туулган.

Атасы менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген.

Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөндөн кийин (1935), Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935-37).

1937-39-жылдары жазыксыз жерден Сталиндик абакта камалып жаткан. [1]

Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941) болгон.

1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948-52-жылы КММИнин директору.

1952-54-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы болгон.

1975-жылы 5-январда автокырсыктан улам дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Илимий-педагогдук жана дарыгерлик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон.

Илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган.

Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюшгурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган.

230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинен 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык илимий жана коомдук форумдарга, 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан.

Австралия, Франция, Грекия, Канада жана башка мамлекеттерде илимий докладдарды окуган.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССР Жогорку Советинин 2-4 шайланышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6 шайланышынын депутаты болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын УИАнда Ахунбаев атындагы сыйлык белгиленген, Бишкек шаарынын жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эндемиялык богок. Ф., 1964, (Н.С. Андросов менен авторлош);
  • Жүрөккө операция жасоо. Ф., 1964;
  • Проблема эндемического зоба в Киргизии. Ф., 1965;
  • Аппендицит детского возраста. М., 1947;
  • Проблема эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1963;
  • Очерки по шоку и коллапсу. Ф., 1967;
  • Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем. Ф., 1973.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.azattyk.org/a/stalinism_purge_1937_academician_cardiologist_isa_akhunbayev_ky/28894278.html