Балдардын спорттук мектеби

Википедия дан

Балдардын спорттук мектеби - – мектеп жашындагы балдарды дене бой жактан тарбиялоонун системасын уюштуруунун өркүндөтүлгөн калыптагы мекемеси.

Бул комплекстүү (спорттун 2–5 түрлөрү) же спорттун бир гана түрү боюнча адистештирилген болушу мүмкүн. Балдардын спорттук мектеби Билим берүү министрлигинин системасында жана спорттук коомчулуктарда түзүлүп, максаты мектептеги дене тарбиялоонун милдеттери менен тыгыз байланыштуу. Муну кеңири жайылтуу жаштарды эмгекке жана Ата мекенди коргоого жарамдуу кылып даярдоого мүмкүндүк берет. Спорттун спецификалык бөтөнчөлүгүнө жана организмге тийгизе турган таасирине жараша ар түрдүү курактагы балдарга анын тигил же бул түрлөрүнө катышып машыгуу сунуш кылынат: 7–8 жаштан баштап сууда сүзүү; 8–10 жаштан – фигуралык муз тебүү(муз тебүү), тоодо лыжа тебүү, стол тенниси, бадминтон, сууга секирүү, шахмат, шашки; 10–11 жаштан көркөм гимнастика, трамплинден секирүү, парустук спорт, акробатика, спорттук гимнастика, баскетбол, волейбол, футбол, кол тобу, топ менен хоккей ойноо; 12–13 жаштан спорттук гимнастика, фехтование, лыжа менен жарышуу, жеңил атлетика; 13–14 жаштан класстык жана эркин күрөшүү; 14 жаштан атыш, бокс; 15–16 жаштан оор атлетика.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,