Барак Обама

Википедия дан
Барак Хусеин Обама‎»‎ барагынан багытталды)
Барак Хуссейн Обама II
англ. Barack Hussein Obama II
Барак Хуссейн Обама II
Желек
Желек
АКШнын 44-чү президенти
желек
желек
20-январь 2009 — 20-январь 2017
Вице-президент: Джозеф Байден
Андан мурунку: Жордж Буш II
Андан кийинки: Доналд Трамп
Желек
Желек
Иллинойс штанынан сенатор
желек
желек
4 январь 2005-жыл — 16 ноябрь 2008-жыл
Андан мурунку: Питер Фицжеральд
Андан кийинки: Роланд Бёррис
Желек
Желек
13-шайлоо округунан Иллинойс сенатору
желек
желек
8 январь 1997-жыл — 4 ноябрь 2004-жыл
Андан мурунку: Элис Палмер
Андан кийинки: Кваме Рауль
 
Жарандыгы:  АКШ
Дини: методизм
Туулган жылы: 4 август 1961-жыл
Туулган жери: Гонолулу, Гавайи, АКШ
Атасы: Барак Хуссейн Обама I (1936—1982)
Апасы: Стэнли Энн Данхэм (1942—1995)
Жубайы: Мишель Обама
Балдары: кыздары: Малия Энн (1998)
Наташа («Саша») (2001)
Партиясы: Демократиялык партия
Билими: 1) Колумбия университети
2) Гарвард университети
Илимий даражасы: искусство бакалавры жана укук доктору
Кесиби: адвокат
 
Сайты: «Ак үйдүн» расмий сайты
 
Автограф: Кол тамгасы

Барак Хусейн Обама II (англ. Barack Hussein Obama II; 1961-жылдын 4-августунда төрөлгөн) - америкалык саясатчы, 2009-жылдан 2017-жылга чейин Кошмо Штаттардын 44-президенти. Ал президент катары кызмат кылган биринчи афроамерикалык болуп саналат. Алгач ал АКШнын сенатында Иллинойсту 2005-2008 жылдары көргөзгөн, андан мурда Иллинойс штатынынын сенатында ал 1997-жылдан 2004-жылга чейин болгон.

Обама 1961-жылы Гонолулуда, Гавайиде туулган, андан эки жыл мурун эле территория 50-штат болуп АКШ на кошулган эле. Гавайиден чоңойгон Обама, балалык кезинин бир жылын Вашингтон штатында жана төрт жылын Индонезияда өткөргөн. 1983-жылы Колумбиялык университетти бүтүргөндөн кийин ал Чикагодогу жамааттарды уюштуруучу болуп иштейт. 1988-жылы Обама Гарвард юридикалык мектебине тапшырып, анда Harvard Law Review журналынын эң биринчи кара терилүү президенти болуп калган. Окуусун бүтүргөндөн кийин ал адвокат жана жарандык укуктар боюнча профессор болуп, 1992-жылдан 2004-жылга чейин Чикаго университетинин юридикалык мектебинде конститутуциялык укуктан сабак берет. Обама 1997-жылдан 2004-жылга чейин Иллинойс штатынын Сенатында 13-округдун өкүлү болуп турган, андан кийин АКШ нын Сенатына шайланган. Обама 2004-жылы март айында күтүүсүз жеңиши менен улуттун көңүлүнө арзыйт, июль айында Демократиялык улуттук конвенцияда сүйлөгөн сөзү жакшы кабыл алынат жана Сенатка ноябрдык шайлоолордо көчкү түшкөндөй эле кирип келген. 2008-жылы Обама шайлоо кампаниясынын башталышына бир жыл болгондо жана Хиллари Клинтонго каршы кылдат биринчи кампания жабылгандан кийин президенттик постко талапкер катары көрсөтүлөт. Ал республикачыл Жон Маккейндин үстүнөн жеңишке жетишип, 2009-жылдын 20-январында инаугурациясы өттү. Тогуз айдан кийин Обама 2009-жылдын тынчтыктын Нобель сыйлыгынын лауреаты болду.

Обама өзүнүн постун 2017-жылдын январында 60% колдогон рейтинг менен таштап кетти. Азыркы учурда ал Вашингтондо, Колумбия округунда жашап жатат. Анын президенттик китепканасы Чикагодо курулат.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...