Баррикада

Википедия дан

Баррикада - жергиликтүү материалдардан (устун, дөңгөч, кум салынган мешок, таш ж. б.) көчөлөрдө, жолдордо, көпүрөлөрдө жана тоодогу өткөөлдөрдө тосулуп коюлган жасалма бөгөт.

Баррикада 13-14-кылымда Москваны, Рязанды, Владимирди моңгол-татар баскынчыларынан коргоодо, Степан Разин жана Емельян Пугачёвдун жетекчилиги менен болгон дыйкандар согушунда колдонулган. 19-кылымдагы пролетариат көтөрүлүштөрүндө (Париж, Брюссель, Лион, Прага, Берлин, Дрезденде), 1871-ж. Париж Коммунасы учурунда баррикадаларда айыгышкан салгылашуулар болгон.

Россияда 1905-ж. революцияда жана Улуу Октябрь Социалисттик революциясы күндөрү көтөрүлгөн эл баррикаданы падышанын аскерлерине каршы күрөшүү үчүн пайдаланды. Жарандык согушта (1918-20) жана Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) кээ бир шаарларда баррикада - жасалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.