Бaрселонa (футбол клубу)

Википедия дан
Барселона (футбол клубу)‎»‎ барагынан багытталды)
Испaния желеги Барселона
Клубтун эмблемасы
Толук
аталышы
«Барселона» футбол клубу
(исп. Futbol Club Barcelona)
Лакап аттары Barça Blaugranas (көк-анар түстүү) Cataloness (Каталондуктар)
Негизделген 29-ноябрь 1899
Стадиону Камп Ноу, Барселона
Мелдеш Испан Примерасы
2018/19 Учурдагы жеңүүчү Чемпион
Тариз
Негизги
формасы
Тариз
Коноктук
формасы
Тариз
Резервдик
формасы

«Барселона» футболдук клубу (кат. Futbol Club Barcelona, исп. Fútbol Club Barcelona), андан тышкары «Барса» деген аталыш менен дагы белгилүү (исп. Barça) — Испаниянын Каталония аймагындагы Барселона шаарынын футбол клубу. Дүйнөнүн жана Испаниянын эң көп мелдеш уткан командаларынын бири. 1899-жылы Хоан Гампердин демилгеси менен Швейцария, Англия жана Испаниялык бир топ тарабынан курулган. Каталония аймагынын өкүлү катары эсептелген бул клуб "Més que un club" б.а. "Клубдан да чоң бир жамаат" деген ураанды карманат. Барса гимни ("Cant del Barça") Хосеп Мария Эспинас тарабынан чыгарылган.

«Барселона» — Испаниянын эң көп официалдуу олжо (трофей) чогулткан клуб, баардыгы болуп — 66 трофей бар (23 — Испания чемпиону наамы, 27 — Испания кубогу, 11 — Испаниянын Суперкубогу, 2 — Эва Дуарте кубогу (Мурунку Испания Суперкубогу), 1 — Копа де Оро Аргентина (Мурунку Испании Суперкубогу), 2 — Испан лигасынын кубогу).

Барселона Испания жогорку лигасынан (исп. La Liga) түшпөгөн үч клубдан бири, ошондой эле Реал Мадрид экөө Испаниянын эң ийгиликтүү эки клубу. 1928-жылы курулган лиганын 1929-жылдагы тунгуч чемпиону. 2015-жылга чейин Испанияда 23 жолку Ла лига (24 жолу вице-чемпион), 27 жолку Испания кубогу (11 жолу финалист), 11 жолку Испания супер кубогу (7 жолу финалист), 4 жолку Ева Дуарте кубогу (2 жолу финалист) жана 2 жолку Лига кубогу чемпиону. 5 жолу Чемпиондор лигасын утуп алган (3 жолу финалист). 1955-жылдан бери УЕФА аренасында бет алышып келет.

Клубдун негизги стадиону — «Камп Ноу», Европадагы эң көп адам батыра алчу стадион. 2009-жылдан бери клубдун негизги командасынын машыгуу жери «Сьюдад Депортива Жоан Гампер» аталышындагы споттук комплекске которулган. Ал комплекс Сан-Жоан-Деспи аймагында, стадиондон бир нече километр алыс жерде жайгашкан.

Клуб 2009-жылы, катышкан бардык 6 турнирди тең жеңип алган тунгуч клуб. Чемпиондор лигасы, УЕФА супер кубогу, Ла лига, Испания кубогу, Испания супер кубогу жана ФИФА дүйнө клубдары кубогуна ээ болду. Жана дагы «Барселона» Испан клубдарынын ичинен «Алтын хет-трик (футбол)|алтын хет-трикти» жасаган жалгыз клуб болуп калды (Испания чемпионаты, Испания кубогу жана УЕФА Чемпиондор Лигасы)

«Барселона» көп убакыт бою өзүнүн футболкаларында демөөрчүлөрдүн белгилерин колдонуудан баш тарткан клубдардын бири болуп келген. Бирок 2005-жылдан бери команданын футболкасынын сол ийининде TV3 логотиби пайда болуп калган (Каталония теле берүүсү), ал эми шорталарында жана жакаларында Каталониянын кичинекей желеги да чагылдырылган. 2006-жылдын 14-июль күнү клуб ЮНИСЕФ менен беш жылдык келишим түзгөн, анын негизинде фонддун белгиси форманын бетинде болмокчу. 2012-жылы «каталондуктар» Qatar Foundation коммерциялык эмес компания менен беш жылдык келишимге кол коюшуп, футболкадагы жарнамасы үчүн клуб жылына 30 млн € алып турган[1].

2013-жылы «Барселона» футболисттердин трансфердик баасынын негизинде эң кымбат клуб деп таанылган[2].

2014-жылы клуб 627 млн евро көлөмдөгү кирешеси менен дүйнөнүн эң бай клубдар арасында экинчи орунду алган[3].

Барселонага караштуу футбол боюнча Барселона В (FC Barcelona B) жана жаш өспүрүмдөр клубу Барселона С (FC Barcelona C), ошондой эле спорттун башка түрлөрү боюнча баскетбол, гандбол, ролик хокейи жана футзал командары бар.

Тотал футбол[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кaмп Ноу, Европaнын эң ири стaдиону, 30-октябрь 2005

Тотал футболду 1974төгү дүйнөлүк кубокто Голландиялык Йохан Кройф дүйнөгө тааныткан. Негизинен 4-3-3 тактикасы менен ойнолот. 1970-80-жылдары ар бир оюнчунун орун алмаштырып ойношуна жана көбүнчө жеке бир адамдын мүмкүнчүлүгүнө таянса, азыркы футбол болсо оюнчулардын өзүнүн ордунда калып бир эле паска таянган команда оюну менен ойнолот. Кройф 1988-жылы Барселонага машыктыруучу болгондон соң ушул системаны киргизгени аракет кылат. Барселона өзүнүн aлгaчкы Чемпиондор лигасы кубогун 1992-жылы Кройф маалында жеңген. 2003-жылы башка Голландиялык Франк Рийкард келгенден кийин бул система кайрадан киргизилет. 2008-жылы Барселонанын эски оюнчусу клубга машыктыруучу болуп келип бул системанын туу чокусуна жетет. Ошондо 2009да клуб алты кубок жеңет.

Ийгиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испaния[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңүүчү (23): 1928-29, 1944–45, 1947–48, 1948–49, 1951–52, 1952–53, 1958–59, 1959–60, 1973–74, 1984–85, 1990–91, 1991–92, 1992–93, 1993–94, 1997–98, 1998–99, 2004–05, 2005–06, 2008-09, 2009-10, 2010-11, 2011-12, 2014-15, 2015-16, 2017-18.
Жеңүүчү (26): 1909–10, 1911–12, 1912–13, 1919–20, 1921–22, 1924–25, 1925–26, 1927–28, 1941–42, 1950–51, 1951–52, 1952–53, 1956–57, 1958–59, 1962–63, 1967–68, 1970–71, 1977–78, 1980–81, 1982–83, 1987–88, 1989–90, 1996–97, 1997–98, 2008–09, 2014-15, 2015-16, 2016-17, 2017-18.
Жеңүүчү (10): 1983, 1991, 1992, 1994, 1996, 2005, 2006, 2009, 2010, 2011, 2015, 2016.
Жеңүүчү (2): 1982–83, 1985–86

Европa[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бaрселонa футболчулaры 2008-09 УЕФA чемпиондор лигaсын жеңген учур
Жеңүүчү (5): 1991-92, 2005-06, 2008-09, 2010-11, 2014-15
Жеңүүчү (4): 1978-79, 1981-82, 1988-89, 1996-97
Жеңүүчү (3): 1955-58, 1958-60, 1965-66
Жеңүүчү (4): 1992, 1997, 2009, 2011, 2015
Жеңүүчү (2): 1949, 1952

Дүйнө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңүүчү (2): 2009, 2011, 2015

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]