Биса (эл)

Википедия дан

Би́са (бусансе) — Батыш Африкадагы эл.
Жалпы саны — 807 миң адам. Көпчүлүк (500 миңге жакын) Буркина-Фасодо жашайт. Калгандар Гана, Нигерия, Бенин, Того өлкөлөрүндө жашайт.

Тил

Биса тили Нигер-конго макробүлөсүнүн курамындагы манде уясына кирет.

Дин

Калктын көпчүлүгү сүннөттүк Исламдын маликит мазхабын тутушат.

Чарбалык иштер

Негизги кесиптери — кол менен иштетилген жер чарбасы (жүгөрү, таруу, күрүч, жер жаңгак, карите жаңгактары, буурчак өсүмдүктөр) жана малчылык (ири мүйүздүү мал). Кээ бирлер малын фульбе чабандарына бактырышат.

Кол өнөрчүлүк

  • коло жана күмүш куюу;
  • зергерчилик;
  • токуучулук;
  • карапачылык.


Турак жай

Үйлөр тик бурчтуу, ортодо тегерек короо түзүү максатында бири-бирине мүмкүн болушунча жакын курулган.

Кийим

Эркектердин улуттук кийими көйнөк жана шым болсо, аялдар узун чоң юбка кийишет.

Тамак-аш

Салттуу тамак-аш — татымал кошулган күрүч, таруу боткосу, буурчак токочору жана таруу сырасы.

Коом

Үй-бүлөлөр патриархалдык, көбүнчө бүтүндөй кландарды (ду) түзөт. Тойдон кийин аял күйөөсүнүн үй-бүлөсүнүн үйүнө көчүп келет.

Тарых

Оозеки уламыштар боюнча биса ата-бабалары Енди (азыркы Гана) аймагынан көчүп келишкен. Андан кийин бисанын бир бөлүгү бөлүнүп, батышка кетип, алар сан (сане) субэтникалык тобун түзүшкөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Выдрин В. Ф. Биса // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]