Благовещенка
Көрүнүш
(«Благовешенка, Сузак району» барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Благовещенка
|
Благовещенка — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Сузак айыл аймагына кирет.
Көгарт суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ― Сузак айылынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Кыштак 1897-жылы негизделген. Алгач Украинанын Киев облусунан көчүрүлүп келген 300 үй-бүлө (украин, орус, балкар, чечен жана башкалар) отурукташкан.
Негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП, мончо жана башкалары бар.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 4 235 киши.[1]
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.