Гарри Поттер жана Сырлар бөлмөсү (тасма)

Википедия дан

Гарри Поттер жана Сырлар бөлмөсү - бул Крис Коламбус жана Warner Bros. студиясы тарткан 2002-жылы жарык көргөн британ-америкалык фэнтези жанрындагы кинотасма.[1] Фильм британ жазуучусу Жоан Роулиңдин калемине таандык ушул эле аталыштагы чыгармасы боюнча тартылган. Бул кино 2001-жылы экрандарга чыккан "Гарри Поттер жана Философ ташы" тасмасынын уландысы жана Гарри Поттер фильм франшизасынын экинчи бөлүгү. Сценарийди Стив Клоувз жазган, продюсерлик кызматты Дэвид Хейман аткарган. Тасмада Гарри Поттердин Хогвартс Көз байлоочулук жана Сыйкырчылык мектебинде экинчи жыл окуп жатканда Салазар Слизериндин мураскөрү Сырлар бөлмөсүн ачып, анын ичинде жашаган коркунучтуу макулукту бошотуп, мектеп тургундарынын үрөйүн учуруп, айрымдарын шал кылганы тууралуу баяндалат. Башкы каармандар: Гарри Поттер ролунда Дэниэл Рэдклифф, Рон Уизлинин образын Руперт Гринт жараткан, Гермиона Грейнжер ролун Эмма Уотсон аткарган, ал эми профессор Албус Дамблдор ролун жараткан Ричард Харрис жаш сыйкырчы жөнүндөгү тасмаларда акыркы жолу катышкан - актер ошол жылы кайтыш болгон.

Фильм 2002-жылдын 15-ноябрында Улуу Британия жана Кошмо Штаттар кинотеатрларында жарык көрдү. Тасма дүйнө жүзү боюнча $ 879 млн топтоп, көрүүчүлөрдүн да, сынчылардын да көңүлүнө жаккан. Кино 2002-жылдын эң кирешелүү тасмалардын экинчиси болгон - биринчиликти "Шакектер ээси: Эки мунара" фильми багындырган. "Сырлар бөлмөсү" көптөгөн сыйлыктарга сунушталган, алардын ичинде BAFTA (Британ киноакадемиясынын) сыйлыгына үч категорияда номинация алган: мыкты декорациялар, мыкты үн жана мыкты атайын эффекттер. Бул тасмадан кийин дагы алты фильм тартылган, алардын арасында 2004-жылы жарык көргөн "Гарри Поттер жана Азкабан туткуну" жана 2011-жылы чыккан франшизанын жыйынтыктоочу фильми болгон "Гарри Поттер жана Өлүм жемиштери, 2-бөлүк" тасмасы.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хогвартс досторунан зарыгып кат күткөн Гарри Поттер жайкы эс алуусун Дурсли үй-бүлөсүндө өткөрөт. Бир күнү Гарри бөлмөсүндө Добби аттуу үй элфи менен кезигет. Добби Гарринин Хогвартс мектебине кайтуусу анын өмүрүнө коркунуч туудуруусун айтууга келгени маалым болот. Көрсө, Добби Гарри досторунан кабар албаса, мектебин жек көрүп, Хогвартска барбай коёт деген үмүтү менен Гарриге келген каттарды бекитип жүрүптүр. Доббинин аракети ийгиликсиз болуп, акыркы жолу эскертүү катары таеже жана таа жездесинин меймандарына арналган тортту бузуп, Гаррини бул окуяга күнөөкөр кылып кетет. Буга ачууланган Дурслилер Гаррини бөлмөсүнө камап коюшат, бирок Рон, Фред жана Жорж Уизли атасынын уча турган машинесин алып, Гаррини куткарып алып кетишет.

Окуу куралдарын сатып алып жатканда Гарри Уизли үй-бүлөсү менен Рубеус Хагрид жана Гермиона Грейнжерге жолугуп калат. Бардыгы белгилүү сыйкырчы Гилдерой Локхарттан автограф алуу үчүн китеп дүкөнүнө барышат. Дүкөндө Локхарт Гаррини таанып калып, китептерин ага белек кылып, Хогвартстын жаңы Караңгы сыйкырлардан коргонуу боюнча жаңы мугалим болуп дайындалганын жарыялайт. Драко Малфой менен айтышып кетип, Гарри анын атасы Люциус Малфойго кездешет. Лүциус Жинни Уизлинин баштыгына акырындан бир китепче салып коёт. Гарри жана Рон 9¾ платформасынан өтө албай, машине менен Хогвартска учуп барып, Күркүрөк мажүрүмдү сүзүп алышат. Рондун сыйкыр таякчасы сынып калат, ал эмесе машине балдарды салондон сыртка ыргыта таштап, өзүн-өзү айдап кетет. Эки дос араң эле мектептен куулбай калат, бирок анын ордуна профессор МакГонагалл аларга жаза берет.

Профессор Локхарттын байкоосунда жазасын өтөгөн Гарриге кызыктай үндөр угула баштайт. Ал үндөр чыккан жерди издеп баратып, Аргус Филчтин Миссис Норрис аттуу мышыгынын шал болуп калган денесин таап алат. Мышыктын жанында дубалда кан менен "Сырлар бөлмөсү ачылды" деген жазуу жазылган болот. МакГонагалл Хогвартс мектебин негиздөөчүлөрүнөн болгон Салазар Слизерин тууралуу эски уламышты айтып берет: илгери-илгери Слизерин башка негиздөөчүлөр менен ар кандай келишпестиктерден улам мектептен кетип, а бирок кетээрден мурун атайын бир жашыруун бөлмө куруп, ичине бир макулукту катып кеткен. Өз убакыты келгенде, Слизерин Мураскөрү мектепке келип, ал нерсени бошотуп, мектепти таза кандуу эмес сыйкырчылардан тазаламакчы. Макулукту бир гана Слизерин мураскөрү башкара алат. Гарри менен Рон Мураскөр Малфой болушу мүмкүн деп шектенип, Гермиона ал экөөнө Өңү-башты өзгөртүүчү эритмени колдонуп, Малфойду суракка алууну сунуштайт. Алар Ыйлак Миртл аттуу арбак кыз ээлеп алган ээн калган ажатканы лаборатория катары колдонуп, эритмени даярдашат.

Гарри жылан менен сүйлөшө алганын көргөндөн кийин мектеп окуучулары аны Мураскөр деп эсептешет. Рождество күнү Гарри жана Рон эритменин жардамы менен келбетин өзгөртүп, Малфойдон Мураскөр жөнүндө сурашат. Малфой ал ким экендигин билбегенин, элүү жыл мурун Сырлар бөлмөсү ачылып, бир кыз каза болгонун айтып берет. Гарри Том Марволо Риддл деген окуучуга таандык болгон эски сыйкырдуу күндөлүктү таап алат. Күндөлүк Гарриге 50 жыл мурун болгон окуянын элесин көрсөтүп берет - ал окуяда Риддл ошол маалда Хогвартста окуп жаткан Хагридди Сырлар бөлмөсүн ачты деп айыптайт. Күндөлүк уурдалып, Гермиона шал болу калгандан соң Гарри менен Рон Хагриддин үйүнө барып, аны суракка алышат. Профессор Дамблдор, Корнелиус Фадж жана Лүциус Малфой дал ошол маалда Хагридди Азкабан сыйкырчылар түрмөсүнө жеткирүү үчүн келишет. Хагрид бекинип алган балдарга "жөргөмүштөрдүн аркасынан баргыла" деген кеңеш берип кетет. Гарри Рон экөө жөргөмуштөрдү аңдып, Тыюу салынган Токойго барганда Хагрид багып жүргөн Арагог аттуу килейген жөргөмүшкө жолугушат да, Арагог аларга Хагрид күнөөсүз экендигин ырастап, Сырлар бөлмөсүндө жашаган макулук жөнүндө бираз айтып берет. Андан соң Арагог балдарды башка Акромантула жөргөмүштөрүнө талатып жиберем дегенде, баягы эски учуучу машине келип, Рон жана Гаррини куткарат.

Гермионанын колунда калган китеп баракчасы Бөлмөдө жашаган макулукту базилис деп аныктайт. Базилис чоң жыланга окшош, көз карашы менен өлтүргөн жаныбар болот, ал эми Хогвартс окуучулары базилис көздөрүнө түз карабаганынан улам өлбөй, шал болуп калган. Мураскөр Жиннини Бөлмөгө алып кеткенин уккан мектеп мугалимдери Локхартты кызды куткарууга үндөшөт. Гарри Рон экөө Локхартка жардам сунушу менен барганда, ал мугалим алдамчы экенин жана мектептен качууга даярданып жатканын көрүшөт. Балдар баягы элүү жыл мурун курман болгон кыз Миртл болгонун түшүнүп, Локхартты кошо алып арбак кыздын ажатканасына барышат. Сырлар бөлмөсүнө кирүүчү жер ошол ажатканда болот. Бөлмөгө кирээр менен Локхарт Рондун сынык таякчасын тартып алып, Гарри жана Рондун эс-тутумун өчүрөм деп атканда, таякча жарылып, дуба таасири тескеринче өзүнө тийет да, Локхарт эсин жоготуп коет. Жардыруудан улам бөлмөнүн шыбы урап, Гарри менен Рон таш урандынын эки ар башка жагында калышат.

Гарри өзү жалгыз Бөлмөгө киргенде Жинни эсин жоготуп жатканын, анын жанында Том Риддл турганын көрөт. Риддл күндөлүк аркылуу Жиннинин башын айлантып, анын жардамы менен Сырлар бөлмөсүн ачканын айтат. Риддл өзүнүн толук атынан "Мен Лорд Волдемортмун" деген анаграмма түзгөндө гана Гарри Волдеморт жөн эле купуя ысым болгонун, ал эмесе Том Риддл чынында Слизериндин мураскери экендигин түшүнөт. Гарри Риддл менен айтышып, Дамблдорду жактаганда бөлмөгө Дамблдордун Фоукс аттуу феникс кушу Бөлүштүрүүчү Калпакты көтөрүп учуп кирет да, ал эми ачуусу келген Риддл Базилисти чакырат. Фоукс Базилистин көзүн чукуп жиберет, ал эми Гарри Бөлүштүрүүчү калпактан жардам сураганда, Калпак ага кылыч берет. Гарри кылыч менен Базилисти сайып өлтүрөт, бирок макулук Гаррини уу тиштери менен тиштеп алганга үлгүрөт.

Гарри базилис тиши менен күндөлүктү сайып жиберип, Риддлди жеңет да, Жиннини эсине келтирет. Фоукстун көз жаштары Гаррини айыктырып, Гарри мектепке достору жана эс-тутумун жоготкон Локхарт менен бирге кайтат. Дамблдаор аларды мактап, Хагридди түрмөдөн чыгарууга буйрук берет. Дамблдор Гарриге Бөлүштүрүүчу калпак берген кылыч Годрик Гриффиндордун кылычы болгонун жана Гарри Волдеморттон өз тандоолору менен айырмаланганын айтат - анткени Гарри өзү Слизерин факультетин эмес, Гриффиндор факультетин тандаган. Гарри Лүциус Малфой күндөлүктү Жинниге берген деп айыптап, Малфойду үй элфи Доббини кулчулуктан бошотууга мажбурлайт. Базилис курмандары айыгышат, Гермиона карайдан Гарри менен Ронго кошулат жана Хагридин мектепке кайтат.

Титрлерден кийинки кино үзүндүдө Локхарт "Мен киммин?" деген жаңы автобиография китебин чыгарганы көрсөтүлөт.". [2]

Ролдорду аткаргандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дэниел Рэдклифф Хогвартс Көз байлоочулук жана Сыйкырчылык мектебинде 2-курста окуй баштаган 12-жашар Гарри Поттер аттуу, Лорд Волдеморт деген кара жадыгөй Гарринин бөбөк кезинде ата-энесин өлтүрүп, бирок ымыркайга күчү жетпей, Гарри аман калуусу менен атагы чыккан британ сыйкырчы баланын ролун ойнойт.
  • Руперт Гринт Гарринин эң жакшы досторунун бири жана Уизли сыйкырчылар үй-бүлөсүнүн кичи балдарынан болгон Рон Уизлинин образын жараткан.
  • Эмма Уотсон Гарринин экинчи эң жакшы досу болгон маггл (сыйкырчы эмес) үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн аябай акылдуу сыйкырчы кыз Гермиона Грейнжердин ролун аткарган.
  • Кеннет Брана Хогварста Караңгы сыйкырлардан коргонуу боюнча жаңы мугалим болуп дайындалган белгилүү жазуучу жана сыйкырчы Гилдерой Локхарттын ролуна тандалган. Алгач бул ролго Хью Грант чакырылган эле, бирок ал башка кинолордо тартылып бошой албаган.[3] 2001-жылдын 25-октябрында Гранттын ордуна Брана келгени жарыяланган.[4]
  • Жон Клиз Гриффиндор факультетинин Дээрлик Башы Жок Ник аттуу арбактын ролун жаратты.
  • Робби Колтрейн Хогвартс мектебинин дөө-чалыш аңсакчысы Рубеус Хагриддин ролун аткарды. Жаш Хагриддин ролунда Мартин Бэйфилд тартылган.
  • Ричард Гриффитс Гарринин Маггл (сыйкырчы эмес) жана сыйкырчыларды жек көргөн бурамалар чыгаруучу ишкана башчысы болуп иштеген жездеси Вернон Дурслинин ролун ойногон.
  • Ричард Харрис Хогвартс мектебинин мүдүрү жана тарыхтагы эң күчтүү сыйкырчылардын бири болуп келген Албус Дамблдордун ролун жаратты. Харрис фильм премьерасына аз жетпей көз жумган.
  • Джейсон Айзекс Драко Малфойдун Слизерин факультетин бүтүргөн мурдагы Хогвартс окуучусу болгон, азыркы учурда Хогвартс камкорчулар кеңешинин мүчөсү Лүциус Малфойдун ролун аткарган.
  • Алан Рикман Слизерин факультетинин жетекчиси жана Эритмелер боюнча мугалими Северус Снейп образын кайрадан жараткан.
  • Фиона Шоу Гарринин сыйкырчы эмес таежеси Петуния Дурслинин ролун ойногон.
  • Мэгги Смит Гриффиндор факультетинин жетекчиси, мектеп мүдүрүнүн орун басары жана Кубулуулар боюнча мугалими Минерва Макгонагаллдын ролун аткарды.
  • Жули Уолтерс Гарри Поттерди өз баласындай жакшы көргөн Уизли үй-бүлөсүнүн мээримдүү апасы Молли Уизлинин образын чагылдырды.

Фильм жаратылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Режиссерлук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Крис Коламбус дагы бир Гарри Поттер киносун тартууга тандалган, а бирок Фрэнк Оз The A.V. Club сайтына берген маегинде ага "Сырлар бөлмөсүн" тартууга сунуш түшүп, бирок долбоорго кызыкпаганынан улам баш тартканын айткан.[5]

Декорациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кинодо колдонулган "Форд Англия" машинеси

Биринчи тасмада декорациялар боюнча дизайнер болуп иштеген Стюарт Крэйг өз жумушун улантып, экинчи фильм үчүн жаңы элементтерди жасаган. Алар Ийин (Уизли үй-бүлөсү жашаган үй), Дамблдордун кабинети (кабинетте Бөлүштүрүүчү калпак, Гриффиндор кылычы жана Дамблдордун столу турат)[6], "Боргин жана Бөркс" дүкөнү жана Сырлар бөлмөсү болду. Мистер Уизлинин учуучу машинеси 1962-жылы чыккан 105Е моделдеги Форд Англия унаасынан жасалган.[7]

Тартуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Гарри Поттер жана Сырлар бөлмөсү" биринчи тасма жарыкка чыкканына үч күн болгондо эле тартыла баштаган - 2001-жылдын 19-ноябрында.[8] Тартуулардын биринчи үч жумасы атайын эффекттер бар эпизоддор үчүн декорацияларды тартуу менен өткөн, учуучу машине менен кадрлар ушул убакытта тартылган.[9] Негизги тартуулар кийин Суррей графствосунан башталды - Дурсли жашаган Литтл Уиңиң шаарындагы Прайвет көчөсүндөгү №4 үйдөгү сценалар тартылды. Андан кийин тартуулар Мэн аралында жана Улуу Британиянын башка жерлеринде уланган, айрым Хогвартс кадрлары Лондондогу Ливзден фильм студиясында тартылды. Кингз Кросс темир жол бекетинде 9¾ Платформасы жана Хогвартс Экспресс поезди тартылды. Англиянын аты чыккан Глостер собору дагы Хогварстын кээ бир бөлүкторү катары колдонулган.

Сценарий боюнча тасма аягында Лүциус Малфой Дамблдордун кабинетинде Гарри менен айтышып кеткени кыскараак жазылган, бирок тартууларда импровизацияланган учур тасманын акыркы вариантына кошулган. Джейсон Айзекс өзүнүн каарманы шылдың болгондон кийин жөн эле басып кетпестен сөзсүз чучукка тийдирген сөз менен коштошуп кетет эле деген оюн Коламбус менен бөлүшкөн да, Крис аны ошол эпизодду Айзекс өзү туура көргөндөй аткарууга үндөгөн. Актердун айтымында, ал сценарийде жазылган көрүнүштүн аягына: "Эми Мистер Поттер бизди куткарууга ар дайым даяр болгонуна үмүт кылалы", - деген фразаны кошкон. Дэниел Рэдклифф да улуу кесиптешинен артта калбай, аны абдан таң калтырган - ал эпизоддо Рэдклифф да өзү ойлоп тапкан: "Тынчсызданбай эле коюңуз. Мен даяр болом", - деген сөзүн кошуп кеткен. [10]

Кембриж университетинин лингвистика профессору Фрэнсис Нолан Гарри жыландар менен сүйлөшкөн көрүнуштөр үчүн жылан тилин ойлоп түзүп берген.[11]

Негизги тартуулар 2002-жылы жайында аяктаган, ал эми тасманын пост-продакшн жумуштары ошол жылдын октябрь айына чейин созулган.[12] Биринчи тасмадан ("Гарри Поттер жана Философ ташы")айырмаланып, "Сырлар бөлмөсү н" тартууда Крис Коламбус актерлордун кыймыл-аракетин эркин тартуу максаты менен кол камераларын көбүрөөк колдонгон.[13]

Үн жазуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма чагылдырган окуялардан улам "Гарри Поттер жана Сырлар бөлмөсүндөгү " үн эффекттери менен иштөө мындан мурунку фильмге салыштырмалуу кыйла татаал болгон. "Гарри Поттер жана Философ ташы" киносунда үн дизайнер жана үн редактор болуп иштеген Рэнди Том экинчи фильмде өз жумушун уланткан. Ал Pro Tools шаймандарын колдонуп, Калифорниядагы "Skywalker Sound" жана Англиядагы Шеппертон студиясында иштеген.[14]

Музыка[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жон Уильямс, композитор

Биринчи тасмада иштеген Жон Уильямс "Гарри Поттер жана Сырлар бөлмөсүнө " да музыка жазып берген. Жаңы обондорду жаратуу абдан кыйын келген. Уильямс "Жылдыздар Согушу, 2-эпизод: Клондор чабуулу" жана "Өзгөчө билдирүү " кинолорунда ишин жаңы эле аяктап, "Кармай алсаң мени карма" тасмасында иштей баштаган. Ушуга себептүү Жон Уильямс бош убактында жазган жаңы обондорду "Философ ташы " фильминде колдонгон саундтректер менен бирге аранжировка кылууга Уильям Росс чакырылган. [15] "Гарри Поттер жана Сырлар бөлмөсү" фильминин саундтреги 2002-жылы 12-ноябрда жарык көргөн.

Фильм таратуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маркетинг[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма үзүндүлөрү 2002-жылы жай айларынан баштап көрсөтүлө баштаган, биринчи тизер "Скуби Ду " фильм премьерасы менен бирге чыккан.[16] Electronic Arts кинонун негизинде жасаган видео оюн 2002-жылы ноябрда GameCube, PlayStation 2 жана Xbox сыяктуу оюн консолдорунда чыккан.[17] Фильм "Философ Ташы" киносу көрсөткөн коммерциялык ийгиликке умтулуп, ар кандай кошумча оюнчук-сувенирлерди чыгарган. "Сырлар бөлмөсү " негизинде чыккан айрым Lego топтомдору тез сатылып, дүкөндөргө тартыш болгон.[18]

Премьера[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фильм Улуу Британияда 3-ноябрь 2002-жылы, Америка Кошмо Штаттары жана Канадада 2002-жылдын 14-ноябрында, ал эми дүйнө жүзүндө 15-ноябрь 2002-жылы жарыкка чыккан - франшизанын биринчи бөлүгү болгон "Гарри Поттер жана Философ ташы " тасмасынан бир жыл кийин.

Медиа форматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма алгач Британия, АКШ жана Канадада 11-апрель 2003-жылы VHS кассета жана актерлордун маектери, фильмге кирбей калган көрүнүштөр ж.б.у.с. видео материалдар кошулган эки дисктен турган атайын DVD топтом болуп чыккан.[19] 2007-жылдын 11-декабрында кино Blu-Ray [20] форматында жарык көргөн. Тасмага кирбей калган сценалар кошулган фильмдин узун версиясы, актерлорун маектери, жарнама видеолор, съемка аянтчасынан кошумча видеолор жана "Гарри Поттер дүйнөсүн жаратуу, 2-бөлүк: Каармандар " аттуу кинону тартууга кандай даярдыктар болгонун чагылдырган атайын кичи-фильмден турган толук чыгарылыш 8-декабрь 2008-жылы чыкты.[21] Кинонун узун версиясы 174 мүнөттөн турат, айрым өлкөлөрдө сыналгыдан көрсөтүлгөн. [22]

Кабыл алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кассалык топтомдор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма премьералык көрсөтүүлөрдө бир нече рекордго жеткен. АКШ жана Канадада фильм биринчи дем алыш күндөрү 3.682 кинотеатрларда $ 88,4 млн топтоп, ошол маалдагы эң кирешелүү премьералар тизмесинде үчүнчү орунга чыккан - "Жөргөмүш-Адам" менен "Гарри Поттер жана Философ ташы" мындан да көп акча топтогон.[23] Ошондой эле, эки жолу дем алыш күндөрдүн кирешеси боюнча биринчиликти алган. [24] Улуу Британияда "Философ ташы " кармап келген бардык рекорддорунан ашкан. Алдын ала көрсөтүүлөрдү кошо санаганда £ 18,9 млн топтогон, ал эми ал көрсөтүүлөрдү эске албаганда £10.9 млн киреше көргөн. [25] Жалпысынан кино Улуу Британияда £ 54,8 млн топтоп, ошол маалда Британияда эң көп акча топтогон тасмалардын бешинчиси болгон. [26]

Фильм дүйнө жүзүндө $ 879 млн киреше көрүп,[1] бул көрсөткүч боюнча ал маалдагы эң кирешелүү тасмалардын тизмесинде бешинчи орунду алган. [27] Ал жалпы топтомдор боюнча 2002-жылдын экинчи тасмасы болду - биринчиликти "Шакектер ээси: Эки мунара" [28] киносу багындырган, АКШ жана Канадада көргөн кирешеси боюнча ошол жылы чыккан "Жөргөмүш-Адам" , "Шакектер ээси: Эки мунара " жана "Жылдыздар согуштары, 2-эпизод: Клондор чабуулу"[29] фильмдеринен кийинки төртүнчү болгон. А бирок башка өлкөлөрдө "Сырлар бөлмөсү" ($617 миллион) "Эки мунарага " караганда көбүрөөк акча топтогон ($ 584,5 млн). [30]

Сынчылар пикири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Rotten Tomatoes сын баалар сайтында бул тасма 230 сынчыдан 82% колдоого ээ, орточо баасы 7,3 упай (10 упайлык шкала менен). Rotten Tomatoes'теги жалпы пикир мындай дейт: "Жашыраак балдарга арналган болсо да, "Сырлар бөлмөсү " биринчи тасмага караганда жандуураак жана караңгыраак тартылып, "Философ ташында" тааныштырлган каармандар жана сыйкырчылар дүйнөсүн кененирээк баяндайт".[31] Metacritic сын баалар сайтында бул фильм 35 сынчыдан алынган баа боюнча 100 упайдан 63 упайга ээ болуп, "Гарри Поттер" кинофраншизасынын эң төмөн бааланган киносу болуп келет.[32] CinemaScore сайтында көрүүчүлөр тасмага А+ баасын берген (А+ эң жогорку баа, F эң төмөн баа), мындай баага бардык Гарри Поттер фильмдеринен "Сырлар бөлмөсү" гана татыган.[33]

Роджер Эберт "Гарри Поттер жана Сырлар бөлмөсүн" "кереметтүү тасма" деп атап, декорацияларын абдан мактап, 4-жылдыздан төрт баасын берген. [34] "Entertainment Weekly" тасма мурунку бөлүгүнө салыштырмалуу жакшыораак жана караңгыраак тартылганына көңүл бурган: "Бул Гарри Поттер тасмасы көрүүчүлөрдү кызыктырган, коркунучтуу маанайды жакшы көрсөтө алды. Кино деген ушундай болуш керек. Гарри Поттер баяны мындан ары караңгыраак, коркунучтураак, муңдураак болуп кетет". [35] Ричард Ропер режиссердун ишин мактап, китептен тайбаганын жактырган: "Тасма режиссеру Крис Коламбус китеп сөзүн көп өзгөртпөй, көрүүчүлөрдүн көңүлүн кармап турган кино тартканына алкыш". [36] "Variety" журналы фильм өтө эле узун болгонун, а бирок караңгыраак жана сергек тартылганынан улам "Гарри Поттер жана Философ ташындай " жөн эле китеп видеоиллюстрациясы эмес, толук кандуу кино болгонун жазган.[37] New York Times сынчысы А.О.Скотт болсо "жалпысынан алганда, бул тасма өтө эле көңүлдү албайт, а бирок көрүүчүнү толкутуп турбастан, тескеринче, чарчатып уктатат экен".[38]

"Rolling Stone" сынчысы Питер Треверс фильм узактыгын жана китеп сөзүнө өтө эле туура калганын жактырбай, киного терс баа берген: "Крис Коламбус кайрадан Роулиңге кошомат кылып, акылга салып ойлонбостон эле китеп сөзү боюнча кыялы жок тартылган, дээрлик үч саатка созулган көрүүчүнү жадаткан бир немени жараткан экен".[39] Кеннет Туран "Los Angeles Times" гезитинде фильм жала гана штамптардан туруп, кызыксыз болгонун жазган: "Тасманы көрүп жатканда дежа вү сезими эч кетпей турат: баягы биринчи Гарри Поттер киносу жөнүндө кандай пикирде болсоң - жакшыбы, жаманбы, - кыязы, экинчи фильм дагы так ошондой эле тартылган". [40]

Жетишкендиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмасы үч BAFTA сыйлыгына көрсөтүлгөн. Алар "Мыкты декорациялар", "Мыкты үн" жана "Мыкты атайын эффекттер" номинацияларында болгон. [41] Визуалдык эффекттер коомунун алгачкы сыйлыктар аземинде эки номинация алган - "Актердук кинотасмадагы мыкты каарман анимациясы" жана "Кинотасмадагы мыкты кадр композициясы".[42] "Сырлар бөлмөсү" 2003 жана 2004-жылкы DVD чыгарылышы үчүн алты Сатурн сыйлыгына да номинация алган. [43]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Harry Potter and the Chamber of Secrets (2002). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2015.
  2. WhatCulture 10 Movies You Didn't Know Had Secret Post-Credit Sequences (26 March 2017).
  3. Reiter, Amy. Hugh can't always get what you want, Salon (1 October 2001). Архивировано из первоисточника 13 -октябрь (тогуздун айы) 2007. Текшерилген күнү 26 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  4. Gilderoy Lockhart actor found for Potter 2, Newsround (25 October 2001). Текшерилген күнү 26 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  5. Rabin, Nathan Frank Oz. The A.V. Club (16 August 2007). Текшерилген күнү 10 -август (баш оона) 2015.
  6. Harry Potter and the studio tour: Fans to go behind-the-scenes at Leavesden. Daily Mail (22 August 2011). Текшерилген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  7. Harry Potter's 'flying' car taken. BBC News (28 October 2005). Текшерилген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  8. 'Harry Potter' making records disappear. USA Today (18 November 2001). Текшерилген күнү 23 -сентябрь (аяк оона) 2012.
  9. Kehr, Dave At the Movies: Trading Britain For America. The New York Times (23 November 2001). Текшерилген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2012.
  10. Creating the World of Harry Potter, Part 2: Characters. A&E.
  11. For the Love of Language: An Introduction to Linguistics. Cambridge University Press (16 October 2015).
  12. Potter film should be finished next week. CBBC Newsround (4 October 2002). Текшерилген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  13. Lawson, Terry. The second installment is charmed, director says (14 November 2002), стр. D10. Текшерилген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  14. Jackson, Blair The Chamber of Secrets. MIX. NewBay Media, LLC. (1 January 2003). Текшерилген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 12 -октябрь (тогуздун айы) 2008.
  15. Harry Potter and the Chamber of Secrets (John Williams/William Ross). Filmtracks (7 November 2002). Текшерилген күнү 23 -сентябрь (аяк оона) 2012.
  16. Potter trailer gets Scooby outing. BBC News (13 June 2002). Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  17. Krause, Staci Harry Potter and the Chamber of Secrets: The second outting for the young wizard is better than the first...but how much better?. IGN (26 November 2002). Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  18. Cagle, Jess When Harry Meets SCARY. Time (3 November 2002). Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 24 -август (баш оона) 2013.
  19. Kipnis, Jill. of secrets VHS and DVD release 11 April 2003&f=false Blockbuster Sequels Ensure DVD's Sale Saga (1 March 2003). Текшерилген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
  20. Harry Potter and the Chamber of Secrets Blu-ray. Blu-ray.com. Текшерилген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
  21. Calogne, Juan Ultimate Editions Announced for First Two Harry Potter movies. Blu-ray.com (18 September 2009). Текшерилген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
  22. Exclusive First Look at 'Harry Potter and the Goblet of Fire' to Be Presented During Network Television Debut of 'Harry Potter and the Chamber of Secrets,' Airing May 7 on ABC. Business Wire (2 May 2005). Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  23. Gray, Brandon Harry Potter Potent with $88.4 Million Weekend. Box Office Mojo (18 November 2002). Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  24. November 29-December 1, 2002 Weekend. Box Office Mojo. Текшерилген күнү 24 -ноябрь (жетинин айы) 2013.
  25. Potter conjures up box office record, BBC News (18 November 2002). Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  26. All time box office. Sky is Falling. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007. Түп булактан архивделген күнү 1 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  27. Strowbridge, C.S. Chamber of Secrets sneaks pasts Jurassic Park. The Numbers (28 January 2003). Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  28. 2002 WORLDWIDE GROSSES. Box Office Mojo. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  29. 2002 Yearly Box Office Results - Box Office Mojo.
  30. OVERSEAS TOTAL YEARLY BOX OFFICE. Box Office Mojo. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  31. Harry Potter and the Chamber of Secrets (2002). Rotten Tomatoes. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  32. Potter and the Chamber of Secrets Harry Potter and the Chamber of Secrets. Metacritic. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.(жеткиликсиз шилтеме)
  33. CinemaScore. cinemascore.com.Калып:Dead link
  34. Ebert, Roger. Harry Potter and the Chamber of Secrets, Chicago Sun-Times (15 November 2002). Архивировано из первоисточника 13 -октябрь (тогуздун айы) 2007. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  35. Schwarzbaum, Lisa. Harry Potter and the Chamber of Secrets, Entertainment Weekly (13 November 2002). Архивировано из первоисточника 12 -август (баш оона) 2009. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  36. Roeper, Robert. Harry Potter and the Chamber of Secrets, Ebert & Roeper (15 November 2002). Архивировано из первоисточника 11 -декабрь (бештин айы) 2002. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  37. McCarthy, Todd. Harry Potter and the Chamber of Secrets, Variety (15 November 2002). Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  38. Stevens, Dana. FILM REVIEW; An Older, Wiser Wizard, But Still That Crafty Lad, The New York Times (15 November 2002). Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  39. Travers, Peter. Harry Potter and the Chamber of Secrets, Rolling Stone (15 November 2002). Архивировано из первоисточника 13 -октябрь (тогуздун айы) 2007. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  40. Turan, Kenneth. Harry Potter and the Chamber of Secrets, Los Angeles Times (15 November 2002). Архивировано из первоисточника 11 -октябрь (тогуздун айы) 2007. Текшерилген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  41. BAFTA Nominees and Winners 2003 – The Pianist Tops the List. About.com. Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2016.
  42. 1st Annual VES Awards. visual effects society. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2017.
  43. Moro, Eric The 29th Annual Saturn Awards Nominations – Feature Film Category. Mania.com (5 March 2003). Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 18 -октябрь (тогуздун айы) 2012.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]