Жардам:Булак редактору аркылуу сүрөттөргө киришүү/3

Википедия дан

Киришүү
Википедияга сүрөттөрдү кошуу

Сүрөттөрдү жүктөө
Миң сөзгө тете

Сүрөттү колдонуу
Сүрөттү макалага кошуу

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөн нерселериңизди карап чыгуу



Дурдл эшиги, , Лулворт булуңунун жанындагы табигый арка

Сиздин сүрөтүңүз вики казынага же википедияга жүктөлгөндөн кийин, аны макалада колдонууну каалайсыз. Ичине сүрөт киргизгиңиз келген макаладагы Булагын оңдоо баскычын чыкылдатыңыз, андан кийин сүрөттүн пайда болушун каалаган жерге төмөнкүлөрдү кошуңуз:

[[File:Сүрөттүн аты.jpg|thumb|Сүрөттүн аныктамасы]]

Мисалы:

[[File:Дурдл эшиги.jpg|thumb|[[Durdle Door]], [[Лулворт булуңунун]] жанындагы [[табигый арка]]|alt=Суунун үстүндө аскалуу аркасы бар суу жээги]]

Сүрөттү жүктөөдө Image icon баскычы дагы иштейт. Сүрөткө аныктама жазууда шилтемелерди да кошсо болорун эсиңизге салабыз.

See caption
Римдеги Колизей

Демейки шартта, сүрөттөр макаланын оң жагында көрсөтүлөт. Сүрөттөрдү макаланын сол жагына |left менен жайгаштырсаңыз болот.

[[File:Римдеги Колизей, Италия - Апрель 2007.jpg|thumb|left|Римдеги [[Колизей]]]]