Жардам:Википедияда багыттоого киришүү/3

Википедия дан

Киришүү
Википедияда багыттоо

Аталыштар мейкиндиги
Барактардын ар кандай түрлөрү

Барактарды издөө
Каалаган нерсеңизди табуу үчүн амалдар

Барак тарыхтары
Мурунку түзөтүүлөрдү караңыз

Пайдалуу шилтемелер
Редакторлор үчүн ыңгайлуу барактар

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Издөө кутучасы ар бир барактын жогору жагында жайгашкан. Издей турган маалыматты терип баштасаңыз, издеп жаткан барактарды сунуштай баштайт. Издөө кутучасы сунуштаган баракка түздөн-түз өтүү үчүн ал маалыматты басыңыз. Ошондой эле барактын толук аталышын терип, ↵ Enter баскычын бассаңыз, сиз түз эле ошол баракка өтөсүз.

Эгерде сиз макаланын аталышы болбогон сөздү же сөз айкашын терип, ↵ Enter баскычын бассаңыз, издөө сөзүңүздү камтыган макалалардын тизмеси келтирилген толук издөө барагын көрөсүз. Ошондой эле издеп жаткан баракка чоңойткучту чыкылдатуу менен же издөө кутучасына бир нерсени терип, андан соң сунуштар тизмесинин ылдый жагындагы макаланы камтыган шилтемени чыкылдатуу менен жете аласыз. Мисалы; википедия боюнча "Балык" деген сөздү издөөнү кааласаңыз, түз эле Балык деген макалага барбай эле койсоңуз болот.


Издөө барагы издегиңиз келген аталыштар мейкиндигин таңдоого мүмкүндүк берет. Сиз алдын ала орнотулган ырастоолорду (демейки, талкуу, жалпы жардам же бардыгы) тандай аласыз же аталыштар мейкиндиктерин жекече кошуп жана алып салсаңыз болот.

Категориялар

Жөнөкөй категория дарагы
организмдер
/
жаныбарлар
\ 
өсүмдүктөр 
/
иттер
\ 
мышыктар

Барактарды табуунун дагы бир пайдалуу жолу-барактын ылдый жагында көрсөтүлгөн тиешелүү барактарды топтогон категорияларды карап чыгуу. Алар жалпыланган темалардан конкреттүү темаларга чейин иерархиялык дарактарды түзүшөт, ошондуктан барактарда эң конкреттүү колдонулуучу категориялар гана болушу керек. Мисалы: буга чейин Азербайжан музыканттары категориясы астында түзүлгөн бир макаланын ичине Музыканттар категориясын кошпоо.