Жардам:Википедияда багыттоого киришүү/5

Википедия дан

Киришүү
Википедияда багыттоо

Аталыштар мейкиндиги
Барактардын ар кандай түрлөрү

Барактарды издөө
Каалаган нерсеңизди табуу үчүн амалдар

Барак тарыхтары
Мурунку түзөтүүлөрдү караңыз

Пайдалуу шилтемелер
Редакторлор үчүн ыңгайлуу барактар

Жыйынтыктоо
Үйрөнгөндөрүңүздү карап чыгуу


Багыттамалар

Википедиядагы кээ бир барактар багыттама барактары болуп саналат. Алардын ичинде өзүнө тиешелүү эч кандай мазмуну жок, алар жөн гана сизди башка баракка жөнөтөт. Мисалы: АКШ барагы багыттама барак, ал Америка Кошмо Штаттары барагына багыттайт. Демек, издөө кутучасына АКШ деп издөө салсаңыз, ал сизди түздөн-түз Америка Кошмо Штаттары жөнүндөгү макалага алып барат. (Ошондой эле макаланын аталышынын астында "АКШ барагынан багытталды" деген жазуу болот.)

Кандайдыр бир баракка багыттама түзүү үчүн:

  • Вики коддоо редактору аркылуу: Багыттоо белгиси баскычын чыкылдатып, анан багытталуучу барактын аталышын териңиз же болбосо #REDIRECT [[Destination]] кодун колдонуңуз.
  • Визуалдык редактор аркылуу:   менюга кирип, анан барактын жөндөөлөрүнөн   багытталуучу баракты тандаңыз.

Кыска жолдор

Википедиячылар көбүнчө ички википедия барактарына кыска жолдор менен кайрылышат. Бул терүүнү жана жумушту жеңилдетет. Википедиянын аталыштар мейкиндигинин префиксин ВП: дагы кыскартууга болот. Бул кыска жол барактардын негизги максаты жөн гана багытталуучу баракка кыска жол менен багыттоо болуп саналат.

Мисалы: Википедия:Негизги принциптер барагына шилтеме берүү же издөө тилкесинен табуу үчүн ВП:НП деп жазуу жетиштүү болот. Барактын кыска жолдору адатта, ошол барактын оң жагында кутучада көрсөтүлөт.