Мазмунга өтүү

Жон Бунян

Википедия дан
Жон Бунян
‎John Bunyan
Туулган датасы:

1628 жыл(1628)

Туулган жери:

Элстоо, Англия

Өлгөн датасы:

31 -август 1688(1688-08-31)

Өлгөн жери:

Лондон

Жон Бунянанглиялык жазуучу жана пуритан насаaтчы болгон. Ал «Зыяратчынын сапары» деген аллегория чыгармасынын жазуучусу катары эстелет, ал дагы эле таасирдүү адабий үлгү катары эсептелет.

Бунян 1592-жылдагы дин мыйзамы боюнча камакка алынган, бул мыйзам боюнча үй-бүлөсүнөн тышкары бештен ашык адам менен чиркөөдөн башка жерде диний жыйынга катышуу кылмыш болуп саналган.

Анын «Зыяратчынын сапары» экинчи жолу камакта отурган учурунда жазылып бүткөн, бирок 1678-жылга чейин жарыяланган эмес. Бул китеп дароо ийгиликке жетип, Бунянды жазуучу катары даңазалаган жана бүгүнкү күнгө чейин анын эң белгилүү чыгармасы болуп эсептелет. 1692-жылга келип, жазуучунун өлүмүнөн төрт жыл өткөндө, басмакананын ээсинин бири Чарльз Доу Англияда 100,000 нуска басылып чыкканын, ошондой эле китептин "Франция, Голландия, Жаңы Англия жана Уэлсте" басылган басылыштары бар экенин билдирген[1]. 1938-жылга чейин, Буняндын өлүмүнөн 250 жыл өткөндө, китептин 1,300дөн ашуун басылышы жарыяланган[1].

Бунянга таасирленген жазуучулардын катарына К. С. Лүис, Натанил Готорн, Герман Мелвилл, Чарльз Диккенс, Луиза Мэй Олкотт, Жорж Бернард Шоу, Уилям Теккерей, Шарлотта Бронте, Марк Твен, Жон Стейнбек жана Энид Блайтон кирет[1][2].

  1. 1.0 1.1 1.2 Forrest, J. F.; Greaves, R. L. (1982). John Bunyan: A Reference Guide. Boston: GK Hall & Co. 
  2. McCrum, Robert. The 100 best novels: No 1 – The Pilgrim's Progress by John Bunyan (1678), The Guardian (23.9.2013).

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]