Жоон-Күңгөй
Көрүнүш
(«Жоон-Күңгөй, Сузак району» барагынан багытталды)
Айыл
Жоон-Күңгөй
|
Жоон-Күңгөй (мурдагы — Архангельский) — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Курманбек айыл аймагына кирет.
1938-жылы негизделген.
Райондун административдик борбору — Сузак айылынан 67 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 56 чакырым. Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун боюнда.
Деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан.
Калк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы — 2617 киши (2009-жылы)[1], 2007-жылы — 2671 киши, 1986-жылы — 1017 киши.
Калктын негизги чарбасы — пахтачылык, тамекичилик.
Инфратүзүм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орто мектеп, почта бөлүмү, клуб, китепкана, медпункт, ФАП бар. Соода түйүндөрү, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5