Ахматбек Келдибеков
Келдибеков Ахматбек Келдибекович | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Келдибеков Ахматбек Келдибекович |
Улуту: | Кыргыз |
Билими: | Жогорку |
Туулган жылы: | 1966-жылы 15-июнь |
Туулган жери: | Сопу-Коргон , Алай району, Ош облусу, Кыргызстан |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | саясатчы, мамлекеттик ишмер |
Учурдагы кызматы: | Депутат (КР) |
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1966-жылдын 15-июнунда Ош облусундагы Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган.
Улуту - Кыргыз.
Жогорку билимдүү.
1990-жылы Воронеж политехникалык институтун бүтүрүп, инженер-механик адистигине ээ болгон.
Ал эми 1999-жылы Кыргыз Улуттук университетине караштуу Кайра даярдоо жана
кадрлардын адистигин өркүндөтүү институтунун финансы жана кредит адистиги боюнча бөлүмүн бүтүргөн.
Ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1984-1986-жылдары аскер кызматын өтөгөндөн кийин, эмгек жолун Алай районундагы «Правда» совхозунда жумушчулуктан баштаган.
Жогорку окуу жайын бүтүгөн соң, 1990-1992-жылдары Илимдер академиясынын «Импульс» ИИБинде инженер, 1992-1993-жылдары Илимдер академиясынын Машина куруу институтунун директорунун орунбасары болуп иштеген.
1992-1994-жылдары КР Экономика жана финансы министрлигинин Тармактык өнөржайды өнүктүрүү бөлүмүндө башкы адис болгон.
1994-2002-жылдар аралыгында КР Финансы министрлигиндеги аргандай кызматтарда иштеп келген.
1994-1995-жылдары – Финансы өнөржай бөлүмүнүн башкы адиси, 1995-1998-жылдары – Транспортту жана байланышты каржылоо бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001-жылдары - Экономика жана өнөржайлык ички түзүмдөрдү каржылоо башкармалыгынын башчысы, 2001-2002-жылдары – КР Финансы министринин орунбасары.
Ал эми 2002-2005-жылдарда КР Социалдык фондунун төрагасы болуп иштеген.
2005-жылдын март айында III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетин жетектеген.
2007-жылдын 22-октябрында КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин таркатуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ал өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
2008-2009-жылдары – КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон.
2009-жылдан тартып 2010-жылга чейин КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп иштеген.
2010-жылдын октябрь айында «Ата Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына, ал эми ошол жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалыгына шайланган.
Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Данк» медалы жана «Содружества» ордени менен сыйланган.
- 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.
- Генерал-лейтенант деген атайын чени бар.
- Экономика илимдеринин кандидаты.
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.
Шилтеме
[түзөтүү | булагын түзөтүү]http://www.kenesh.kg/Articles/467-KELDIBEKOV_Axmatbek_Keldibekovich__Frakciya_AtaZHurt.aspx Archived 2011-08-07 at the Wayback Machine