Коон

Википедия дан
Коон.
Коон.

Коон (Cucumis melo) — коон ашкабактар тукумуна кирүүчү өкүл болуп саналат. Ал илгертен бери эле мыкты десерт иретинде гана эмес, буга кошумча диетикалык жана дарылык касиетке ээ жашылча катары белгилүү.

Коонду кантип жеш керек?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Коонду кантип жана эмне менен айкалыштырып жеш керек?” деген суроо өтө маанилүү. Себеби, туура эмес жеп алган шартта ал ашказан үчүн оордук жаратат жана анын иштешин бузуп коюшу толук мүмкүн:

  • Негизи коонду эртең мененки жана түшкү же түшкү жана кечки деген негизги тамактануулардын ортосунда жеген жакшы
  • Колдон келсе аны башка азыктар менен аралаштырбай эле жеш керек
  • Коонду ачкарын жегенге болбойт
  • Жаңы бышкан абалында гана эмес, кургатылган коон дагы пайдалуу болуп саналат. Ал дагы кадимки коон сыяктуу организмди тазалоочу касиетке ээ
  • Тоңдурулган коонду болсо муздаткычта 3 ай сактаса болот. Тоңдурууга жакшы бышкан коон гана жарайт, аны коктейль же шире катары ичсе жакшы.

Коонду кантип тандоо керек?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коонду автомобилдер жүрүүчү жолдун жээгинен сатып алуу эң коркунучтуу. Анткени, ал зыяндуу болгон оор металлдарды өзүнө тез сиңирип алат. Андыктан, коонду үстү жабык, алдына сөзсүз бир нерсе төшөлгөн жерден сатып алуу керек:

  • Дарбыздыкынан айырмаланып, коондун кабыгы жука болот. Ошон үчүн анын сырты бүтүн, урулбаган, согулбаган, сыйрылбаганын тандоо кажет
  • Коондун сизге чейин кесилгенин албай, бышкан-бышпаганын көзүңүзчө кестирип тандаңыз
  • Бышкан коонду аңкыган жагымдуу жытынан билсе болот
  • Сатуучунун коон сатууга уруксат кагазы бар-жогуна кызыгып коюу да ашыктык кылбайт.

Витаминдүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коон фолий кислотасына, С витаминине жана бета-каротинге бай. Буларды алуу үчүн аны шире катары ичүү эмес, табигый абалында жеш керек. Фолий кислотасы аялдарга кош бойлуу маалда жана климактериялык мезгилде өтө пайдалуу болуп саналат. Мындан тышкары, эске тутуусун жакшыртууну жана депрессиядан арылууну каалагандар үчүн да ал жакшы жардам берет. Ал эми С витаминин көп жеген адамдын организми кышкы суукка чыдамдуу келет. Бета-каротин болсо терини жана чачты сулуу, жылмакай кылат. Көл жээгинде эс алган маалда коон жеп турган адамдын денеси бирдей тегиз болуп күйөт. Ошол эле маалда анын курамындагы витаминдердин топтому биригип келип иммунитетти чыңдоого жана күзгү депрессияны жок кылууга көптөн көп жардамын берет.

Сапаттуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өнөкөт чарчоону жазууда, уйкусуздукту жоюуда, көңүлдү көтөрүүдө коон табылгыс каражат. Анын маңызындагы кремний элементи нервдин, теринин жана чачтын ткандарын бекемдөөгө да салымын кошот. Ал эми андагы темир адамды аз кандуулуктан арылтат.

Калориялуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

100 г коондун курамында анын сортуна жараша 30-38 килокалорий бар. Аны жеп туруу менен оор күндөрдү жагымдуу кылууга болот. Бирок, бир эле коонду үч күндөн ашык сактап жегенге болбойт.

Пайдалуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коон аялдар үчүн гана эмес, эркектер үчүн да пайдалуу болуп саналат. Тагыраагы, күн сайын коондун семичкесинен бир аздан жеп турган эркек күчтүү жана сексуалдуу болот. Ошондой эле коондун клетчаткага бай болушу да анын жеңиши катары саналып, ал заманбап медицинада организмди жана ичегини тазалоочу катары колдонулат. Коонду “организмдин санитары” деп мына ушундан улам атап коюшкан.

Зыяндуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сүт жана алкоголь ичимдиктери менен аралаштырып жесе, коон тамак сиңирүүнү бузат
  • Эмчек эмизген энелер жесе, баласынын тамак сиңирүү системасы жабыркайт
  • Курамы шекерге бай болгондуктан, кант диабетин күчөтөт
  • Ашказан-ичеги жолдорунун инфекциялык ооруларынан жабыркагандарга болбойт
  • Ашказан жарасы жана гастритти күчөтүшү мүмкүн

Коондон жасалган маскалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кургак тери үчүн: 2 аш кашык коондун маңызына 1 аш кашык өсүмдүк майын жана 1 жумуртканын сарысын аралаштырып, пайда болгон массаны бетиңизге тегиз сүйкөйсүз. 15 мүнөттөн соң жылуу сууга жууп саласыз.
  2. Азыктандыруучу маска: Идишке коондун маңызынан 2 аш кашык салып, ага 1 аш кашык каймакмай менен 1 чай кашык балды кошуп аралаштырасыз. Пайда болгон массаны бетиңизге сүйкөп, 10-15 мүнөттөн соң бөлмө температурасындагы сууга жууйсуз.
  3. Кургак, кесиле берүүчү тери үчүн: 2 аш кашык коондун ширесин жарым чай кашык туз, 1 аш кашык жылуу манка боткосу жана 1 жумуртканын сарысына кошуу керек. Аралашмага дагы 2 чай кашык өсүмдүк майы менен 1 чай кашык бал кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Андан кийин масканы 25 мүнөткө бетке коюп, жылуу сууга жууп таштайсыз
  4. Жылмакай кылуучу маска: Коонду жука жана узун кесиндилерге бөлүп, аларды бетке тегиз кылып 15-20 мүнөт коюп отурса жана кургагандан кийин жылуу сууга жууп салса, тери жылмакай болуп калат.

Интеренеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]