Кулчулукта өткөргөн 12 жыл

Википедия дан
Кулчулукта өткөргөн 12 жыл
12 Years a Slave
Жанры

Тарыхый драма

Режиссёру

Стив Маккуин

Продюсери

Деде Гарднер
Энтони Катагас
Жереми Кляйнер
Стив Маккуин
Брэд Питт
Арнон Милчен
Билл Похлад

Сценарийдин
автору

Китеп:Соломон Нортап Сценарийи: Жон Ридли

Башкы ролдордо

Чиветел Эжиофор
Майкл Фассбендер

Оператору

Шон Боббитт

Композитору

Ханс Циммер[1]

Кинокомпания

New Regency Productions
Plan B Entertainment
River Road Entertainment
Regency Enterprises
Film4

Узактыгы

133 мүнөт

Бюджети

20 млн $.[2]

Кирешеси

187 733 202 долл.

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2013

IMDb

ID 2024544

«Кулчулукта өткөргөн 12 жыл» (англ. 12 Years a Slave) - Стив Маккуиндин тарыхый кинодрамасы, тасманын өзөгүн Соломон Нортаптын биографиясы түзгөн. Премьерасы Теллурид фестивалында 2013 - жылдын 30 - августунда болгон. АКШда 18-октябрда, Улуу Британияда 24-январда,2014-жылы, ал эми Орусия жана башка КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда 2013-жылдын 12-декабрда прокатка чыккан.

Башкы ролдорду Читевел Эджиофор жана Майкл Фассбендер аткарып, бул фильм көптөгөн кинокритиктердин мактоосуна арзыган. Көпчүлүк басылмалар тасманы жылдын мыкты тасмасы деп, андан тышкары Metacriticтин маалыматы боюнча жыл ичинде эң көп мактоолорду алган тасма болгон.

2014-жылы болуп өткөн "Оскар" киносыйлыгында "Кулчулукта өткөргөн 12 жыл" - "Жылдын мыкты тасмасы" деген наамга татыган. Ал эми "Алтын глобус" сыйлыгында рекордуу 7 номинацияга сунушталган.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чиветел Эджиофор — Соломон Нортап

1841-жыл. Соломон Нортап (Читевел Эджиофор), Саратога-Спрингс шаарында(Нью-Йорк штаты) жашаган кара торулуу(негр) музыкант адам болгон. Вашингтонго цирк менен гастролго чакыруу сунушу түшө электе баардыгы өз нугу менен өтүп жаткан, сүйүктүү жар жана мэримдүү ата скрипкада мыкты ойногон. Вашингтонго келип, скрипка ойногон соң аны чакырган эки шериктеши менен майрамдайт. Кийин эсин жоготуп, муздак камерада, чынжырга байланган жеринен эсине келет. Бул учурда эки шериктеши аны катуу мас кылып, атын өзгөртүп, Джорджиядан качып келген кул деп сатып жибергенин али түшүнө элек болчу. Соломон эмес эми качып жүргөн Плат атту кул болуп калат.

Көп өтпөй аны пароход менен Жаңы Орлеанга алып келишет. Жергиликтүү кул саткан байдан Платты көптөгөн плантациялардын ээси Уильям Форд (Бенедикт Камбербэтч) сатып алат. Форд Платка жакшы мамиле жасайт, анын скрипкада ойноорун билип, ага сүйгөн музыкалык аспабын белекке берет. Бирок Форддун штаттык жыгач устасы Джон Тибитс(Пол Дано) аны сабаттуу кул жана Форд менен жакын мамиледе экени үчүн жек көрүп, болбогон жерден шылтоо таап, сабай берген.

Платтын кыжыры келип, бир күнү Тибитсти сабап кирет. Тибитс болсо достору менен келип, платты бактын бутагына асканы аракет жасайт. Кулдарды карагыч Тибитсти жана анын досторун Платты асылып, бирок буту жерге тийип турган кезде кууп жиберет жана кулду куткаргысы келбей кетип калат. Плат ошондой абалда бир күн кечке буту менен тик турат. Форд кеч киргенде аны көрүп калып, аны куткарат. Тибитс кулдун жанын койбосун билип, аны каардуу плантатор Эдвин Эппске  (Майкл Фассбендер), сатат. Эдвин динге бекем ишенген, кул ээси кулдарды ырайымсыз эзүүгө боло тургандыгын "Библия"да жазылган деп эсептеген жана өзү каалаганын жасаган адам болчу.

Майкл Фассбендер — Эдвин Эппс, Нью-Йорктогу премьерада

Ал жерден Плат Эппстин жаш, эмгекчил(күн сайын 500 футтан ашык пахта жыйнаган) кулу Пэтси (Люпита Нионго), жана Пэтсини күйөөсүнөн кызганган жана бир нече жолу ага колрдук көрсөткөн аялы Мэри (Сара Полсон), менен таанышат.

Бир жылы Эппстин пахталарын пахта курттары каптайт. Муну ал жаңы сатылып алынган кулдар(анын ичинде Плат дагы) күнөөлүү, алар үчүн кудай аны ушинтип жазалап жатат деп, сезон бүткүчө аларды коңшу плантаторго жиберет. Ал жактан Соломон бир байдын үйлөнүү тоюнда скрипка ойноп табат. Кийин ал акчага барак сатып алып, досторуна жана үй-бүлөсүнө кат жазат. Аны мурда кул карагыч болуп, бирок кийин ичип карыз болуп калган Армсбиге (Гаррет Диллахарт), берип, акча берип, Саратога-Спрингске жеткирүүсүн өтүнөт, себеби Армсби ак адам эле жана карызын төлөгөн соң эркин адам катары каалаган жерине бара алмак. Бирок ал Платты сатып кетет. Түн бир оокумда Эппс Платтын мойнуна бычак такап суракка алганда ал баары жалган, мунун баарын Армсби Эппстин ишенимине кирип, кул карагыч болуп иштеши үчүн жасап жаткандыгын айтат. Эппс ага ишенип, жанын аман калтырат. Плат болсо өз бөлмөсүндө көзүнө жаш алып, катты өрттөйт.

Пэтсинин кыйынчылыктан чыдамы түгөнүп, Платка аны өлтүр деп өзү сунуштайт, бирок Соломон баш тартат. Бир күнү плантациядан көпкө жок болуп кетет. Эппс аны издеп таппай, качып кетти деп ойлойт. Көп өтпөй Пэтси келет. Ал Эппске бир кичинекей самын үчүн барганын айтат. Жини келген кул ээси Пэтсини жылаңач кылып, жыгач мамыга колун байлап, Соломонго узун камчы менен ургула деп буйрук кылат.

Люпита Нионго - Пэтси, Нбю-Йорктогу премьерада
Бенедикт Камбербэтч — Уильям Форд, Нью-Йорктогу премьерада

Пэтси өзүнө келе баштайт, ал эми Нортап болсо канадалык уста Басс (Брэд Питт), менен жайкы павильон салууга киришет. Басс кулдарды кыйноого, буюм катары сатууга жана кордук көрсөтүүгө каршы экенин айтып, Эппстин күн ысыкта көп иштебей, көлөкөдө отуруп, муздак ширеден ичели деген сунушуна кулдар деле эч тынбай иштеп жатат деп ачык айта баштайт. Эппске бул жакпай калат. Соломондун баштан өткөргөн окуясын өзүнөн угуп, анын абалы туурасында үй-бүлөсүнө жана досторуна кат жазып жиберүүнү суранат. Басс макул болот.

Бир күнү Плат иштеп жаткан плантацияга шериф келип, ага бир сыйра анын мурунку жашоосу тууралуу суроо берет. Арабадан түшүп, Платтын жанына келе жаткан адамды таанып, анын аты Паркер (Роб Штайнберг), ал Саратолга-Спрингсте сатуучу жана аны менен көптөн берки таанышы экендигин айтат. Эппс мунун баарын билип, Плат анын менчиги жана аны алып кетип жаткандыгы тууралуу сотко кайрылаарын айтат. Соломон арабага түшөөрдө Пэтси менен коштошот.

Ошентип, фильмдин аягында өзү жашаган шаарына келип, үй-бүлөөсү менен жоолугат. Балдары чоңоюп, Соломон неберелүү болгондугун билип, көзүнө жаш алат. Небесинин атын чоң атасынын урматына Соломон деп коюлган болот. Өмүрүнүн 12 жылын кулчулукта өткөрүп, кыры эркиндикке ээ болот.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Брэд Питт — Сэмюэл Басс, фильмдин продюссери. Нью-Йорктогу премьеда
  • Стив Маккуин - фильмдин режиссёру
    Чиветел Эджиофор[8] — Соломон Нортап
  • Майкл Фассбендер[9] — Эдвин Эппс
  • Люпита Нионго — Пэтси
  • Сара Полсон[10] — Мэри Эппс
  • Пол Дано[11] — Джон Тибитс
  • Бенедикт Камбербэтч[12] — Уильям Форд
  • Элфри Вудард[13] —  Гарриетт Шоу айым
  • Брэд Питт[14][15] — Сэмюэл Басс
  • Пол Джиаматти[10] — Теофилус Фриман
  • Гаррет Диллахант[8] — Армсби
  • Рут Негга[16] — Селеста
  • Одиперо Одуйе[17] — Элиза Нортап
  • Кувенжаней Уоллис[18] — Маргарет Нортап
  • Дуайт Генри —  Абрам байке
  • Скут Макнэйри — Браун
  • Таран Киллам — Хэмилтон
  • Крис Чок — Клеменс Рэй

Тартуу иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стив Маккуин бул фильмден мурда "Уят" атту кино тарткан. "12 жылга" анын киришүүнүн себебин "Бул кадам Экинчи дүйнөлүк согуш же Холокост тууралуу кино тарткандай" деп түшүндүргөн.

Фильмди тартып баштаганда режиссёр Соломон Нортап жөнүндө эч нерсе билчү эмес, ошону үчүн жөн гана эркин адамды уурдап, аны 12 жыл кул кылгандыгы тууралуу тартам деп ойлогон. Бирок жубайы Нортаптын биографиясын таап бергенде ал аны аябай кызыгып окуган: " Менде Анна Франктын күндөлүгүн биринчи жолу окугандагыдай сезимдер болду" - дейт Стив.

Белгилүү актёр Брэд Питт эпизоддук гана ролду аткарган жана фильге продюссерлик кылган.

Эң башкы терс кармандын ролун Маккуин мурдагы "Уят" жана "Ачарчылык" ленталарында чогуу иштешкен Майкл Фассбендерге ишенген. Режиссёрдун айтымында чыныгы жашоодо Майкл такыр башка, Эппстин карама-каршысы. Пэтсини сабап жаткан эпизоддо ал эсин жоготуп койгон.

Тартуу иштери 2012-жылдын июнь айында Жаңы Орлеан жана Луизиана штаттарында башталаган. Фильм Одубон паркында, Джон айымдын үй-музейинде, Француздук кварталда жана Ыйык Джозефтин плантациясында тартылган. Луизинада фильмди тартып жатканда абдан ысык болгон, Маккуин эсин жоготуп коё жаздаган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Hans Zimmer Scoring Steve McQueen’s ‘Twelve Years a Slave’, FilmMusicReporter.com.
  2. Fuller, Graham Steve McQueen's "Twelve Years a Slave" Set to Shine Light on Solomon Northup's Ordeal. Artinfo (10 Апрель 2012). Текшерилген күнү 26 -сентябрь (аяк оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 13 -декабрь (бештин айы) 2012.