Кыргызстан сурьма кендери

Википедия дан

Кыргызстандын аймагында сурьманын 17 кени жана 32 кенчеси табылган.

Алардын 2%тейи жалаң сурманын калгандары сурьма-сымаптын жана алтын-полиметаллдын комплекстүү рудалары болуп эсептелет. Алардын кээ бирлери байыркы убактан берки сурьманын казып алынуучу обьектилери болуп келген. Өнөр жайлык маанидеги кендери (Кадамжай менен Терек) жаспериоддик типке кирип, үзгүлтүксүз созулган брекчия катмарларында топтолушу менен мүнөздөлөт. Руданын минералдык курамы жөнөкөй келип, анда антимонит басымдуулук кылат. Экинчи даражадагы кошунду минералдардан пирит менен марказит кезигет. Руда массивдүү, брекчиялуу, сепкилдүү, тарамчалуу текстура мүнөздүү. Сурьма, ошондой эле палезойдун бир түрдүү кумдук-сланецтин калың катмарларында жана гранитоидин-интрузияларында тик кесип өткөн тарамдар жана түз сызыктуу түрүндө жаткан минералдашкан зоналарда кезигет (Актөбө-Карагай, Чоң Кымыздыктуу-Куурчанды, Ничкесуу ж. б.) Мында зоналардын узундугу жүз метрден бир нече кмге созулат. Руда эреже катары комплекстүү: алтын-сурьма-полиметаллдуу, көп компоненттүү (коргошун, күмүш, цинк, мышьяк, висмут, вольфрам ж. б. ).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]