Кыргыз-уйгур согушу

Википедия дан
Кыргыз-уйгур согушу
Каршы тараптар
белгисиз белгисиз
Колбашчылар
белгисиз белгисиз
Тарап күчтөрү
белгисиз белгисиз
Жоготуулар
белгисиз белгисиз

Кыргыз-уйгур согушу – 820-жылы Ажо башында турган енисейлик кыргыздардын уйгур гегемониясына каршы көтөрүлүшүнүн учурунда башталган куралдуу кагылышуу[1].

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адегенде 751-жылы Енисей кыргыздары карлуктар жана башка түрк элдери менен союздаш болуп, Уйгур каганы Элетмиш Билге каршы чыгышкан. 758-жылы уйгурлар кыргыздарды талкалап, өз мамлекетин ,Уйгур каганатынын вассалы кылган.

Согуштун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

820-жылы Енисей кыргыздары уйгур гегемониясына каршы көтөрүлүп, Ажону өздөрүнүн каганы деп жарыялашкан. Ошол эле жылы көтөрүлүштү басууга уйгур вазирлеринин бири жетектеген жазалоочу кошуун жөнөтүлүп, кийинчерээк кошуун женилүү ызасын тарткан. .

Енисейлик кыргыздардын отряддары азыркы Туванын аймагындагы уйгур чептеринин тармагын акырындап бузуп, уйгурдарга чабуул жасашкан. Уйгурлардын борбору Хара-Балгасты басып алардан бир аз мурда Ажо Уйгур каганына [2] кат жазган.  

Уйгурлардын борборун басып алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

840-жылы согуштун акыркы бөлүгү жакындай баштаганда Енисей кыргыздарынын 100 000 аскери уйгур аксакалдарынын бири Жулу Мохенин жардамы менен Уйгур каганатынын борборун ийгиликтүү басып алган . Натыйжада шаар жер менен жексен болуп, от менен урандылардын арасында Ажо алтын чатырын тигип, ага кытай ханзадасы Тайхон олжо катары келет. Енисей кыргыздарынын башкаруучусу өзүнүн баш кеңсесин Лаошань тоолоруна көчүрүп, кытай ханбийкесин коштоосунда Тан империясына жөнөтөт, бирок жолдо Үгэ хандын чабуулуна кабылып, ханбийкени колго түшүрөт, ал эми өз кезегинде уйгурлардын талкааланган ар кандай топтору енисейлик кыргыздардын аскерлеринен ар кайсы тарапка кача баштаган .

Уйгур миграциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңилген уйгурлардын калдыктары ар кайсы тарапка кача башташат. Тегин Кежили башчылык кылган уйгурлардын чакан тобу Забайкальеге, дагы бир тобу Тегин Хучонун жетекчилиги астында Манчжуриянын түштүгүнө кидандарга жөнөшөт . Уйгурлардын бир бөлүгү Тан империясынын чек арасына качышкан, ал эми он үч уруу Тегин Угени каган деп жарыялашып, Цози-тан тоолоруна жакын жерде бекемделишет. Уйгурлардын башка топтору ар кайсы жерлерде отурукташып, Ганчжоу Уйгур Идикут жана Кочо мамлекети сыяктуу мамлекеттерди негиздешкен.

Чыгыш Түркстанга сапар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

841-жылы Кыргыз каганы кытай ханзадасы Тай-хонгду колго түшүрүп, элчилердин коштоосунда кайра Кытайга жөнөтөт. Жолдо аларды Ву-цэ каган кармап, Тай-хонг ханбийкеден башка элчилерди өлтүрөт. Аны менен бирге ал Гоби чөлүн кесип өтөт.

Кыргыздар Орто Азиянын бир топ жерлерин көзөмөлдөй беришет . 9-кылымда Тан империясы менен дипломатиялык байланыштарды жүргүзүшөт. Бирок 9-кылымдын аягында гана алардын таасири Чыгыш Түркстанга тарайт. Пенчул жана Аксуу шаарларын, ошондой эле Анси (Куча), Бейтинг ( Бешбалык ) жана Дада ( татарлар ) шаарларын басып алышкан .

Акыр-аягы, Кыргыз каганаты Түркстандагы Кашкардан Ысык-Көлгө чейинки бир топ аймакты көзөмөлдөй баштайт .

Татар-уйгур каршылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алп Сол Тепеканын ийгиликтүү сапарынан кийин, үрккөн татарлар менен уйгурлар Кытайдын Ганьсу провинциясынын чек арасына кетип калышат. Бирок алардын ал жердеги турушу көпкө узаган эмес,анткени алардын каршылыгы бат эле басылган[3] жана Кыргыз каганынын жогорку бийлигин таанууга аргасыз болушкан. Кыргыздардын чабуулунун кесепеттеринен Ганьсу провинциясы жапа чеккен.

Кытай бийлигине «аларга беш уруу баш ийген: анси, бейтин, дада (татар) жана башкалар» деген маалымат алган. Бул маалыматтар кытай тарыхый жазмаларында сакталып калган, Тан дооруна таандык байыркы кыргыз руникалык эстеликтеринде жана булактарында камтылган [4] .

Кыргыздардын Ганьсуга басып кириши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

842-жылы кыргыз-татар согушунан кийин жеңилген татарлардын калдыктары Кытайдын Ганьсу провинциясына көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Татарлар менен уйгурлардын артынан сая түшүп, енисейлик кыргыздар Ганьсуга кол салып, аны талкалап, көптөгөн туткундарды жана байлыктарды алып кетишет [5] .

Манчжуриялык операция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

848-жылы Кыргыз каганы аскер башчы Абону 70 миң аскери менен түштүккө жортуулга жөнөтөт. Абонун операциясынын негизги максаты маркум каган Уге хандын бир тууганы Энян деле ханды издеп, жок кылуу болгон. Або кыймылын түштүк-батыштан баштаган. Маньчжурияга кирип, Шивэйди талкалап, уйгурларды колго түшүрөт. Андан соң качкан уйгурларды Гоби чөлүнөн түндүккө алып келип, Кыргыз каганатынын чек арасын кеңейткен . Натыйжада Абонун жортуулу Кыргыз каганатынын таасирин күчөтүп, жаңы аймактарды башкарууга мүмкүндүк берген [2] .

Маданиятта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уйгурлар менен кыргыздардын ортосундагы 20 жылдык согуш байыркы кыргыз стелаларынын биринде, тактап айтканда Сунжа жазуусунда чагылдырылган:

  • (1) Яглакар хандарды уйгур өлкөсүнөн кууп чыктым.
  • (2) Мен кыргыздын уулумун. Мен Бойла Кутлуг Ярганмын .
  • (3) Мен буйрук Кутлуг Бага тархан - огя .
  • (4) Мен жөнүндө сөздөр Чыгыш жана Күн баткан өлкөлөргө чейин жетти.
  • (5) Бай элем, он айылым бар, жылкыларым сансыз...
  • (6) Устатыма жүз булуң жылкы бердим.
  • (7) Уулдарым! Эл арасында менин устатымдай бол! Каганга кызмат кылгыла ! Кайраттуу бол !

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргызский каганат - «Энциклопедия». Большая российская энциклопедия.
  2. 2.0 2.1 Кыргызы - этногенез и история: Эпоха Кыргызского Великодержавия(31 часть) (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  3. С.Г. Кляшторный, 2005(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  4. С.Г. Кляшторный, 1993(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  5. С.Г. Кляшторный, 2005(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  • Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. (рус.) / под ред. А. Н. Гладышевского и В. И. Молодина. — Абакан: Хакасский государственный университет, 2000. — С. 58—70. — 272 с. — ISBN 5-7810-0119-0.