Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры

Википедия дан

Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 1989-жылы Бишкекте уюшулган. Туңгуч директору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер И. Төкөлдөшев болгон. Алгачкы артисттери Москвадагы М. С. Щепкин атындагы театр институтунун бүтүрүүчүлөрү болушкан. Театр драматург Ж. Садыковдун «Эр Төштүк» (режиссёр Б. Абдылдаев) драмасы менен ачылган. 2004-жылы Б. Кыдыкееванын ысмы берилген. Театрда кыргыз драматургдарынын жана чет өлкөлүк классиктердин чыгармалары коюлууда (Б. Жакиевдин «Алтын аяк», Н. Жүндүбаеванын «Кыз Сайкалдын арманы», Ж. Өзүбекованын «Саргайган күндөлүк», Ч. Калыбекованын «Мен да бактылуу болгум келет», Ж. Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр»,- «Чыңгыз менен Бүбүсара», Б. Өмүралиевдин «Найман эне», У. Шекспирдин «Жайкы күндө көргөн түш», С. Ахмеддин «Күйөө бала» ж. б.). Труппада Т.Турсунбаева, К. Медетбеков, Б.Кыдыкеева, Б. Алиев, Б. Бейшеналиев, Н. Мамбетова, Д. Байдөбөтов, А. Сарлыкбеков, К. Атамкулова, К. Осмонов, Г.Ташматова, Ш.Касымалиева ж. б. эмгектенишкен. Кийинки муундун өкүлдөрү: Ч. Калыбекова, Т. Мамытов, Р. Курманалиев, М.Байгабылова, А. Эсеналиева, Н. Аскарбек кызы, А. Темирова, Э.Тургумбаев, Э.Тагаева. Театр жыл сайын таланттуу жаштар менен толукталып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]