Көкөтөйдү койгону

Википедия дан

Көкөтөйдү койгону — бөлүмдөгү негизги окуянын башталышы, сюжеттин иреттүү өнүгүшүндөгү алгачкы кадам.

Манастын кеп-кеңешин угуп, үйүнө кайткан Бокмурун башы Жызак менен Жөлөк, аягы Ысар менен Көлөпкө чейин атама топурак салсын деп кабар айттырып, өтө көп эл жыйып, келгендерди урматтап тосуп, бей-бечара, жакырларга Көкөтөйдүн эсепсиз малынан мүчө берип, сөөктү кырк күн сактатып коюп, кемеге ашына ат чаптырып, чоң салтанат менен көмөт. Ага удаа кырк ашын берди. Ашты Кошой башкарды. Келгендер кеткенден кийин өз элине Бокмурун эки жыл өтүп, үчүнчү жылы атама чоң ашын берем, ошого чейин баарың камдангыла, керектүүңөрдү Көкөтөйдүн казынасынан алып, малыңарды сарп кылбай, төлдөтүп көбөйткүлө — деди. Жалгыз улак мал сатпай, жарым табак дан сатпай бүт эли камданып, айткан убактысы бүттү.

Сюжет иреттүү айтылган окуя катары Радлов жазып алган вариантта жок, кары Көкөтөй кан түкүрүп, катуу ооруганда элин, уулун чакырганы, алар чогулуп келгенде өлгөнү кыскача эскерилет да, сөз ашка эл чакырууга өтөт. Ч. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөй айткандай кылып азем менен коюу, ары болсо алты, бери болсо беш миңдей кунан чабылганы, кырк ашын бериши бир топ деталдаштырылып берилген.

Саякбай Каралаевдин вариантында да көп мал, пул сарп кылып Көкөтөйдү азем менен коюшат. Он экидеги дөөлөт мас көпкөлөң Бокмурун Манаска кабар айтпайт, Көкөтөйдүн кара ашына Манас келбей, өлүккө топурак салбай калат. Намыстанган Манас Бокмурунду чаап алам деп күүлөнүп жөнөмөк болгондо балага катылганың уят иш болот деп Бакай тыйып токтотуп коёт.

Чоң ашты берүүгө камылга — окуялардын нугунун салттык эрежелердин талабына ылайык фабулалык ык менен өнүгүшү, бөлүмдүн маанилүү бутактанууларынын бири.

Үч жыл өтүп, көргөн камылгасы карк болгон Бокмурун атайы үй тиктирип, туу көтөртүп, Кошойду баш кылып, эл билермандарын жыйып алып, атам өлөрүндө аш берсин деп керээзин айткан экен, карызымдан кутулайын деп ар түрдүү дүйнө чуктадым. Кыямат кайым болгуча кылым журт айтып жүргүдөй аш берсем деген оюм бар, кандай дейсиңер? — деп, сурады. Кошой Бокмурунга ыраазы болуп, чогулгандар да Бокмурундун оюн кубатташты. Аш берүүгө ылайыктуу жер деп Каркыраны жактырышты. Кеңешке келгендерди узатып, Бокмурун казак — кыргыздан үч жүз миң үй чогултуп, Каркыраны көздөй элин көчүрүп, Үч-Каркыранын боюна, Үч-Булактын оюна жетип үй тигишти. Каркыранын талаасы ээн, чөбү үзөңгүдөн экен. Токсон миң жигит тоодон отунга арча, четин, карагай кыркып ашка камылга көрө башташты. Бокмурун кимдерди чакыралы деп кеңеш салса Баймырза казак менен кыргызга, калмактардын азыраагына айтып, ашты өткөрүп, милдеттен кутулалы — дейт. Нааразы болгон Бокмурун аны кагып таштап, алтымыш уруу тил билген, акылдуу бала жаш Айдарды чакырып алып, Мааникерди мингизип, күндүн чыкканы менен батканындагы аралыкта жашаган элдерге бүт кабар бер деп жөнөтөт. Бадакшан, Балыктагы Маамытсултан канды, Мысыр менен Көпөнүн чоңу Сейиттин уулу Кемелди, даңгыттардын чоңу Чоюн алпты, бараң элинин улугу Балтаматты, Сыймун аралындагы жапандарды башкарган Көтөрүштү, калмактардын дөөлөрү Жолой менен Ушаңды, Кырмустун уулу Мурадылды, кызыл чоктуу Нескараны , Алоокени уулу Коңурбай менен, кара жалдуу Бороончу менен каңгайлардын Ороңгуну, Күбө деген жердеги дугул деген элдин Киеңкес, Кишидаш аттуу дөөлөрүн, тогуз уруу бараңдын Чатанайыш канын, дөбөттүн беги Дөмүлдү, Акун кан, Кошой карыны, Төштүк, Жамгырчы, Үрбү, Жүгөрү, Чегиш, Манас, Багышты чабар атын байлап, элин шайлап келсин деп ашка чакыртат. Манастан башкаларынын баарына келбесе чаап ала турганын да айттырат. Кабар жетип, келүүчүлөр камданып, жолун кошо эсептегенде баш-аягы бир жылга айланып, коноктордун келер учуру болду деп күтүп турушканда элдин алды болуп Толтой аттуу баласын ээрчитип жедигердин Багышы төрт миң адамы менен келип түшөт. Анын артынан жүз миң колу менен Коңурбай, ага удаа Мурадыл, Нескара, Ушаң жана башка чакырылган элдер, баатырлар — кандар өз колдору менен ашка келишет. «Сыпаанын жолу башка, барбай болбойт ашка» деп жер үстүнө чыкканга жети эле күн болгон төрө Төштүк да келет. Коноктор келип бүтүп, Манас баатыр гана кечигип жатты. Элди ашка чакырып жүргөн жаш Айдар Бокмурундун бар деген жерине барып, айт деген сөзүн айтып ирети менен аягында Манаска кабар айтканы Таласка кайрылат. Айдар барганда Манас ууга кетип ордосунда жок экен. Сыргак, Серек, Чубак үчөөнө жолуккан Айдар Бокмурундун Манаска опуза айтпа дегени эсинен чыгып кетип, тигил үчөөнө да келбесең чаап аламын дейт.

Серек чылбырдан кармай калып токтотуп, оозуна келген кепти айтып опурулган тың немени алы канча болду экен көрөлүчү?!— деп аттан оодара тартып, өлтүрмөк үчүн Айдардын киймин чечип кирди. Абийиримди ачпа, андан көрө башымды чаап ташта — деп Айдар чыркырап жатканда Манас келип калат. Иштин жөнүн уккан Манас каткырып күлүп, буга өкүм сөздү айттырган мен өзүм деп түшүндүрүп, Айдарга чапан жаап, ат мингизип, аз күндө барарын айтып аткарып ийди. Манас элине кабарлап керектүү камын бүтүрүп, кырк чоросун ээрчитип ашка келип түшөт. Бокмурун Манасты урмат менен тосуп чыгып, Арчатору тулпарын тартып, алдына дилде чачтырды. Кошой баш болгон Көкчө, Төштүк, Жамгырчы, Багыш, Агыш, Үрбү, Жүгөрү да тосо чыгып учурашты. Мынча неге кечиктиң? Бир айдан бери күтүп, келген коноктор талап жеп жатып элдин шайы кетти — деген Кошойдун сөзүнө Манас намыс үчүн ойлогон ою бар экенин айтып, дүнүйө-мал үчүн кайгырба деп камырабады. Манастын артынан Каныкей көчө келди. Манас менен Бокмурун кеңешип, аштын бийлигинКошойгоыйгарышты.

Окуя кыскача, өзүнчө вариациялары менен Радлов жазып алган вариантта бар. Ч. Валиханов жазып алган үзүндүдө алда канча кенен берилип, көп жагынан Сагымбайдыкына жакын болгон менен окуянын өнүгүшүндө орчундуу айырмачылыктар да бар.

Саякбай Каралаевдин вариантында Көкөтөйдүн көр байгесин өткөргөн соң Бокмурун Кошойду баш кылып калайыкты жыйып алып, капыр менен мусулманды бүт жыйып атасына аш бере турганын билдирет. Кошой анча көп эл чогулса каш кайтарар адам жок кордук көрүп калбайлы, Манаска кабар айтып, кеңеш сал деди эле, Бокмурун моюн толгоп, Манасыңа барбаймын, ага кеңеш салбаймын, андан көрө өзүң аш башкарып бер, аш берер жердин жайын айт — деп коёт. Кошойдун кеңеши боюнча аш берүүгө ылайыктуу жер деп Үч-Каркыра тандалат. Бокмурун ташкендеги өз элин азем менен көчүрүп, Каркырага жетип үй тигет. Ашка Кошой, Төштүк, Урумкандын Көкбөрү келет. Бокмурун ашка адам уулу болгондун баарын чакырып, келбегендерди чаап аламын — деди. Кас-дос бүт келсе, аш берген киши айыпкер дейт, талоонго түшүп калбайлы, чактап эле чакыр деген Баймырзаны жемелеш Бокмурун жаш Айдарга Мааникерди мингизип, нойгут Карачаны, Котондун каны Жүгөрүнү, Жеркендеги кан Жортуулчуну, Оогандын каны Акунду , Чамбыл-Белдеги Жанаалы, Карачты, Урумкандын Көкбөрүнү, Кокон каны Козубек менен Маргалаңдын Малабегин, Букардын каны Темирканды, жедигердин Багышы, Кара-Чөлдөгү Агышты, Буудайык кандын Музбурчагын, Эйбит таздын Үрбүсүн, Текечи кан, Шыгай канды, эштектердин Жамгырчыны, Иледеги Эдигей, Тейишти, Айдаркандын Көкчөсүн, калмактардын Жолоюн, солондордун улугу Ороккырды, манжу каны Нескараны, тыргооттун каны Канышайды, кытайлардын Коңурбайды, Дөөдүралыпты, Түкүбай балбанды ашка келсин деп айттырды, келбей калса чаап алам деп эскертти. Аты аталгандар, аталбагандар жүздөгөн кошундары менен ашка келишти. Келгендердин баарын жайгаштырып, союшун камдап күтүп алышты.

Ар бир белгилүү баатырга Бокмурун тартуу тартты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4