Лапаз Көкөз уулу

Википедия дан

Лапаз Көкөз уулу (1899, Өзгөн району, Куршаб айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Л-дын тогуз атасына (Белек, Тасма, Эшполот, Дүйшө, Такабай, Кайназар, Кененсары, Матен, Көкөз) чейин «Манас» айтууну кесип кылып келишкен. Л-дын «Манасы» башка варианттардан Жакыптын атасынын алмашылып айтылгандыгы, кыргыздардын кытайлардан чабылып Жакыптын сүрүлүшү жана Манастын төрөлүү мотиви боюнча айырмаланат. Л-дын варианты Таласты мекендеген Бөйөн кандын уулу Чаяндан Жакып туулуп, Чаян өлгөндөн кийин Жакыптын кан болуп турушунан башталат. Жакыптын Чыйырды, Бакдөөлөт деген аялдарынан Манас, Бакдөөлөттөн Абыке, Көбөш деген уулдары болот. Чыйырдынын боюнда бар кезинде кыргыздарды кытайлар чаап, Жакыпты Таластын эл барбас бир четине бир кула бээ, эки ат, ончакты кой-эчки берип айдап жиберет. Манас ошол сүргүндө төрөлөт, кула бээден Аккула туулат. Манас 12 жашка чыкканда кырк жигит чогултуп, элин кытайдын эзүүсүнөн куткарат. Жакып кан уулу Манаска кыз издеп жүрүп Караканга жолугуп, анын кызы Каныкейге куда түшөт. Манас баатыр эли-жерин бошотуу үчүн Кошой менен бирге кытайларга каршы көп жолу согушат. Коңурбай менен тарынышып, кытайдан качып кеткен Алмабет Көкчөгө жигит болуп жүрүп, андан Манаска келип жигит болуп калат Көкөтөйдүн ашынан кийин Манас кырк чоросу менен элине келип сайран куруп жатып калат Коңурбай Манасты чаап алуу үчүн миңдеген аскери менен келип жылкы тийип кетет. Согушта кытайлар жеңилет. Бээжинге Кошойду кан көтөрөт. Коңурбай жеңилдим, күнөөмдү кеч деп суранымыш болуп, Манасты алдап айбалта менен башка чаап жарадар кылат Ал согушта Алмамбет, Сыргак, Чубак жана Манастын Аккуласы окко учат. Манастын жарааты айыкпасын билген Каныкей ага арнап күмбөз салдырып, бирок сөөгүн башка жерге койдурат. Л. Көкөз уулунан жазылган «Манас» варианты Кыргыз Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4