Леонид Романович Кызласов

Википедия дан

==Балалык чагы== Советтик жана Россиялык археолог, чыгыш таануучу ,Борбордук Азия, Сибирь этнографиясы , Орто Азия боюнча адис Кызласов Леонид Романович 1924-жылы 24-мартта Енисей Губериясынын Хакас уездинин Синявино кыштагында туулган. Атасы Роман репрессияланган жана атылган. Леониддин кыз бир тууганы экѳѳнγ апасы жалгыз багып чонойткон , ошондуктан ал ар дайым жокчулуктун азабын билип жашаган.Окуучу кезинде эле В.П.Левашов жетектеген археологиялык экспедицияга катышып(1940-жыл),С.В.Киселевдин байыркы Алтай боюнча лекцияларына катышып , археологияга шыктануу алган. 1941-жылы Абакандагы №1 мектекти аяктап ,Томск мамлекеттик университетинин тарых жана филология факультетине тапшырган.1942-жылы танк училищасынын курсанты болуп калган,аны аяктаган сон Т-34 танкынын механик - айдоочусу кесибине ээ болуп ,1943-1944-жылдары 1- жана 4- Украиналык фронттунда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.Анын γй-бγлѳсγ эки жолу ѳлдγ деген кара кагаз (похоронка) алган, бирок ал оор жарат алып айыгып кеткен.1945-49-жылдары М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинин археология кафедрасында билим алып , дипломдук ишин «Алтай V-Xкк.» деген темада ийгиликтγγ жактаган .
==Илимий жолу== 1949-1952-жылдары аспирантурада окуп, 1953-жылы « Таштык доору I-V кк. Хакас-Минусин ойдунун тарыхында » темасына кандидаттык диссертациясын жактаган .1950-жылы Москва мамлекеттик университетинде Хакас-Тува экспедициясы уюшулуп , бул экспедицияны ошондон тартып 1991-жылга чейин Л.Кызласов жетектеген .40-жылдан ашык стационардык жана чалгындоо изилдѳѳлѳрγ неолит доорунун аягындагы культтук эстеликтерден баштап XV-XVIІ кк.чейинки кѳрγстѳндѳрдγ карашкан. Изилдѳѳлѳр Туванын, Хакасиянын ,Красноярь крайынын , Казакстандын , Кыргызстандын, Байкалдын ,Приморьенин аймактарында болуп , жыйынтыгында Сибирь археологиясы боюнча адистерди даярдаган кафедра тγзγγгѳѳ мγмкγнчγлγк берди.1966-жылы «История Тувы в средние века» деген темага докторлук диссертациясын жактаган.Л.Кызласов жетектеген экспедиция Тγштγк Сибирь боюнча алгачкы общиналык коомго тиешелγγ ыйык жерлерди , Будда жана манихейизм храмдарын, несториан чиркѳѳлѳрγн табышкан жана Кыргызстан менен Казакстан территориялярында маанилγγ иштерди жγргγзγшкѳн .
==Л.Кызласовдун илимий-уюштуруучулук жактан иштери== СССР ИА нын археология институтунун окумуштуулар советинин мγчѳсγ ,СССР МИНВУЗунун жана РСФСР агартуу министрлигинин алдындагы илимий-техникалык жана илимий –методикалык советтин мγчѳсγ, СССР ИАнын (РАН) адабият жана тил бѳлγмγнγн тγркологдор комитетинин мγчѳсγ , «Советская археология» жана « Татар археологиясы» журналдарынын релколлегиясынын мγчѳсγ.
==Илимий жетишкендиктери== Сибирдин этникалык археологиясын аныктоонун методун иштеп чыккан , Тγштγк Сибирдин байыркы жана орто кылымдагы шаар маданиятын , Уйгурлардын эстеликтерин изилдеген, Енисей руна жазуусунун доорун аныктаган,хакастардын орто кылымдагы искуствосун , VІІІ-XІІкк. Манихей храмдарын тапкан, тγндγк манихейликти ачкан, Сибирь жана Борбордук Азия боюнча кытай , перс, араб, тγрк, грек, батыш европалык , орус маалыматтарын чогултуп аларды ирээтеген. Анын илимий жана талаа изилдѳѳлѳрγ кѳптѳгѳн докладдарынан орун алган.Ал 1985 жана 1988- жылдары Стамбулда болгон , тγркологдордун V жанаVІ конгресстерине катышкан.Л.Кызласов 15 монография , 14 автордук китептерди жазууга катышкан , финн-угор коомунун мγчѳсγ , Германия археология институнун мγчѳ-корреспонденти, ал илимий иштен сырткары хакас эпосунун негизинде поема жазган жана мугалими С.В.Киселев,А.В.Арцихов жѳнγндѳ эскерγγлѳрдγ жазган.
==Наамдары жана даражалары== СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты(19851), Ломоносов премиясынын І даражадагы сыйлыгынын ээси,Хакасия мамлекетинин илимине эмгек синирген ишмер,Москва университетинин эмгек синирген профессору(1992),Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана инвалиди ,Ата мекендик согуштун І жанаІІ даражадагы орденинин ээси,« Ата Мекендик согушта Германияны женгени γчγн» медалынын ээси,Советтик армиянын 9 медалынын,«Эмгек ветераны» медалынын ээси,эки ардак белгисинин ээси.
Тува АССР.-Кызыл.1990.