Матрилиналдуулук

Википедия дан

Матрилиниалдуулук - бул энеден уланган тукуму аркылуу туугандык изин табуу. Ошондой эле, бул социалдык система менен байланышта болушу мүмкүн, анда ар бир адам өзүнүн матрилиниалык теги менен аныкталат, ошондой эле мүлк жана/же наамдар мураска калтырылышы мүмкүн. Матрилиния – бул өткөн муундардагы аялзатынан баштап азыркы муундун эркек-аялын дагы камтыган туугандык чынжыры, анда бардык муундардагы адамдар энелер, башкача айтканда, "эне тарабынан уланган тукум". Матрилиниалык системасында адам энеси менен бир тукумга таандык деп эсептелет. Бул байыркы эне тарабынан уланган тукум үлгүсү, азыркы күндө популярдуу болгон, адатта атасы тарабынан фамилия берилген патрилиниялык системага карама-каршы келет.  

Адамзаттын алгачкы туугандык байланыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз санжырасы эркек теги менен жазылат. Кыздар жазылат, бирок алардын балдары эркектин санжырасына жазылат.

XIX кылымдын аягында дээрлик бардык тарыхчылар жана антропологдор Льюис Х. Моргандын “Байыркы коом (Ancient Society) аттуу таасирдүү китебине ылайык, адамдардын алгачкы туугандыгы бардык жерде матрилиниалык болгон деп ишенишкен[1]. Бул идея Фридрих Энгельс тарабынан «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» аттуу китебинде берилген. Морган-Энгельстин тезиси боюнча, адамзаттын эң алгачкы үй-бүлөлүк мекемеси үй-бүлө эмес, матрилиниалык клан болгон, ал система көп өтпөй коммунисттик ортодокско өзгөргөн. Буга жооп катары XX кылымдагы социалдык антропологдордун көпчүлүгү матрилиниалык артыкчылык теориясын колдоого мүмкүн эмес деп эсептешкен[2][3], бирок 1970-1980-жылдарда бир катар феминист окумуштуулары аны жандандырууга аракет кылышкан[4].

1952-жыл, каныша Елизавета II анын урпактары ханыша Виктория менен ханзаада Альберттин эркек теги боюнча тукумдары болбосо да, Виндзор үйүнүн курамына кирерин билдирген жарлык чыгарган.

Акыркы жылдары эволюциялык биологдор, генетиктер жана палеоантропологдор бул маселелерди кайрадан карап чыгышып, көбү генетикалык жана башка далилдерге таянып, адамдардын алгачкы тууганчылык байланышы матрилиниалык болушу мүмкүн экенин айтышкан[5][6][7][8]. Маанилүү кыйыр далил катары миңдеген жылдар бою Сахаранын түштүгүндөгү Африка аймагындагы аңчы-жыйноочуларынын арасындагы аялдар никеден кийин күйөөсүнүн үй-бүлөсү менен эмес, өз энеси жана башка төркүндөрү менен жашоону тандашканын көрсөткөн генетикалык маалыматтар боло алат[9]. Дагы бир аргумент - эже-сиңдилер менен алардын энелери бири-бирине бала багууда жардам беришкендиги тек атадан эмес, энеден улангандыгын бекемдейт[10]. Биологиялык антропологдордун айтымында, биргелешип бала багуу адамдардын чоң мээнин өрчүшүнө жана адам баласына таандык психологиянын өнүгүшүнө шарт түзгөн[11]. Башкалары матрилокалдуулуктун же патрилокалдуулуктун универсалдуулугун жактаган окумуштуулардын ырастоолорун четке кагып, аңчы-жыйноочу коомдордун ийкемдүү филопатриясы же практикалык мультилокалдуулугу бар экендигин белгилешет. Эркектер да, аялдар да ким менен жашоону тандоого укуктуу болгондуктан, бул өз кезегинде эгалитардык тең укуктуу коомго алып келет[12][13]. Айрым маалыматтарга ылайык, малчылык жана дыйканчылык менен алектенген коомдор патрилокалдуулукка катуу тартылышат, ошондуктан патрилокалдуулук пигмей эместер арасында кеңири таралган көрүнүш[14]. Бирок кээ бир аңчы-жыйноочулардын арасында патрилокалдуулук дыйкандарга караганда сейрек кездешет. Мисалы, ака пигмейлеринин арасында, анын ичинде биака менен бензене урууларында, жаш жубайлар биринчи баласы төрөлгөндөн кийин күйөөсүнүн чатырына көчүп келет[15]. Бирок күйөөсү кайын журтуна барып аялы менен кошо жашай да алат, ошондой эле жанына бир тууганын же эжесин алып келип алса болот. Бул келин кызмат аткарган коомдордо болушу мүмкүн, же башка коомдордо. Жогорудагы маалыматтарга ылайык, айрым окумуштуулардын айтымында аңчы-жыйноочу коомдордо туугандык мамиле жана жашоо турмушу татаал жана көп кырдуу. Мисалы, мурунку маалыматтарды кайра текшерүүдөн өткөрүп (алар өтө ишенимдүү эмес), изилдөөчүлөр топтордун 40%ы билокалдык, 22,9%ы матрилокалдык жана 25%ы патрилокалдык болгонун белгилешет[16]. Бир катар окумуштуулар бир гана матрилокалдуулук (матрилинеалдуулук) же бир гана патрилокалдуулук (патрилинеалдуулук) түшүнүктөрүн четке кагып мультилокалдуулукту жакташат[13][17].

Маданий модельдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдарга кам көрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк учурда балдарга энеси кам көрөт. Кыргызстанда аталар балдарына күнүнө 8 мүнөт убакы бөлүшөт.[18]

Адатта, эне, бардык маданияттарда өз балдарына кам көрөт, ал эми кээ бир матрилиниялдык маданияттарда эненин ордуна "тайке-атасы" жээндерине кам көрөт: башкача айтканда, социалдык аталар бул жерде таякелер. Атанын ролун аткарган менен биологиялык атасынын ролунун ортосунда сөзсүз бир байланыш жок. Мындай матрилиниялдык маданияттардын көбүндө, айрыкча, жашаган жери матрилокалдык болгон жерлерде, эркек өз балдарына эмес, "өзүнүн каны" катары эсептелген эже-карындаштарынын балдарына камкордук укугун колдонот. Бул балдардын биологиялык атасы энесинин бир тууганы жана камкорчусу болгон таякесинен айырмаланып, керек болсо мээримдүү жана эмоционалдык жактан балдарга жакын болсо дагы кандайдыр бир мааниде алар үчүн "чоочун" болуп эсептелет.[19]

Матрилиниалык фамилия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Матрилиниялык фамилиялар – фамилия берүүдө эң кеңири таралган жолу болгон атадан балага берилген патрилиниялык фамилиялардан айырмаланып, энеден кызга берилген ысымдар. Тактык жана кыскалык үчүн, патрилиниялык фамилия жана матрилиниялык фамилия деген илимий терминдер, адатта, патроним жана матроним деп кыскартылат[20].

Бир фамилия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Патрилиниялык маданияттарда матронимдердин жоктугу салттуу санжыраны колдонуу менен ата тегин издөөгө караганда энеден уланган тегин издөөнү татаалдаштырат[21]. Антсе да, патрилиниялык фамилиялар адамдардын жекелигин так аныктоо үчүн пайда болгон жана административдик себептерден улам кабыл алынган жана бул патронимдер кылымдар бою фактыларды жана документтерди издөөгө жардам берип келет. Патронимдер - бул өзгөртүлгүс адамдын өздүгүн аныктоочу фамилиялар, жеке адамды, учурда же өткөндө же келечекте аныктаган фамилиялар; ушул сыяктуу эле, матронимдер - бул аялдардын өздүгүн аныктоочу фамилиялар.

1979-жылы Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясында (CEDAW) БУУ өзүнүн 16-беренесинин (г) пунктунда аялдар менен эркектер, айрыкча аялы менен күйөөсү саясий нормалар сакталган коомдо "баланын фамилиясын", ошондой эле өз "кесибин" жана “ишмердүүлүктү” тандоо укугуна бирдей ээ деген көз карашта[22]. Бул үч укук аялдардын эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушун камсыз кылуу максатында гендердик теңчиликке байланыштуу укуктардын узун тизмесинин кичинекей бөлүгү. Айрым маданияттарда фамилия такыр эле берилбейт. Эгер кайсы бир маданиятта мындай көрүнүш болсо, анда дискриминация болбошу үчүн, жогоруда айтылгандай, ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө матроним да, патроним да ыйгарылат[22].

Эки фамилия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым маданияттарда атанын да, эненин да фамилиясы колдонулат, мисалы испандыктардын ысым ыйгаруу салты, португалдыктардын ысым ыйгаруусу, жана латиноамерикалыктардын ысым ыйгаруу салттары. Бул патрилиниялык маданияттарда патрилиниялык фамилия – патроним болуп эсептелет, ал эми эне тарабынан берилген фамилия матроним катарына кирбейт. Анын ордуна, латиноамерикалыктар энесинин патронимин колдонушат.

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда мыйзам боюнча балдарга атасынын же апасынын фамилиясы коюлат. Сейрек учурларда ата-эне эки фамилия коюшу мүмкүн. Отчество же атасынын аты атасынын же багып алган адамдын, өгөй атасынын же чоң ата, таятасынын атынан жазылууга тийиш.

1930-1940-жылдардан тарта пайдаланылып, азыркы күндө дагы деле колдонулуп жаткан үлгү[23] чоң атасынын атына -ов/ев, -ова/ева мүчөлөрүн улап колдонуу. Советтик Союз убагында Союз боюнча бардык өлкөлөрдө фамилиялар орус тилдин стандартына келтирилген. Ошондой эле атасынын атына (отчество) -ович/овна, евич\евна мүчөсү уланып документтерге атасынын аты дагы жазылып келет. Расмий жолугушууларда кайрылуу учурунда аттар атасынын аты (отчество) менен кошо колдонулуп келет.

Азыркы учурда баланын фамилиясы атасынын аты боюнча эркек балдар үчүн “уулу” же “тегин”, ал эми кыз балдар үчүн “кызы” деген сөздөрдү кошуу менен, болбосо ал сөздөрдү кошпостон адегенде өз атын, андан кийин атасынын ысмын жазуу менен аныктайт. Апасынын атын фамилия же атасынын аты (отчество) катары колдонууга уруксат берилбейт. 2021-жылы Кыргызстандык жалгыз бой эне Алтын Капалова үч баласына өзүнүн фамилиясын, атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошуп келе жатат. Мамкаттоо кызматы апасынын атын (матчество) жокко чыгаруу менен катар жазуучудан мамлекеттик алымды өндүрүп алууну да талап кылган. Ведомстводон Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген.[24] Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, атасынын аты деген графага атасынын же багып алган адамдын, өгөй атасынын же чоң ата, таятасынын аты жазылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Murdock, G. P. 1949. Social Structure. London and New York: Macmillan, p. 185.
  2. Malinowski, B. 1956. Marriage: Past and Present. A debate between Robert Briffault and Bronislaw Malinowski, ed. M. F. Ashley Montagu. Boston: Porter Sargent.
  3. Harris, M. 1969. The Rise of Anthropological Theory. London: Routledge, p. 305.
  4. Leacock, E. B. 1981. Myths of Male Dominance. Collected articles on women cross-culturally. New York: Monthly Review Press.
  5. Knight, C. 2008. Early human kinship was matrilineal. In N. J. Allen, H. Callan, R. Dunbar and W. James (eds.), Early Human Kinship. Oxford: Blackwell, pp. 61-82.
  6. Hrdy, S. B. 2009. Mothers and others. The evolutionary origins of mutual understanding. London and Cambridge, MA: Belknap Press of Harvard University Press.
  7. Opie, K. and C. Power, 2009. Grandmothering and Female Coalitions. A basis for matrilineal priority? In N. J. Allen, H. Callan, R. Dunbar and W. James (eds.), Early Human Kinship. Oxford: Blackwell, pp. 168-186.
  8. Chris Knight, 2012. Engels was Right: Early Human Kinship was Matriliineal.
  9. Schlebusch, C.M. (2010) Genetic variation in Khoisan-speaking populations from southern Africa. Dissertation, University of Witwatersrand this is available online, see pages following p.68, Fig 3.18 and p.180-81, fig 4.23 and p.243, p.287
  10. Wu, J-J; He, Q-Q; Deng, L-L; Wang, S–C; Mace, R; Ji, T; Tao, Y (2013). "Communal breeding promotes a matrilineal social system where husband and wife live apart". Proc R Soc B 280 (1758): 20130010. doi:10.1098/rspb.2013.0010. PMC 3619460. PMID 23486437. 
  11. Burkart, J. M.; Hrdy, S. B.; van Schaik, C. P. (2009). "Cooperative breeding and human cognitive evolution". Evolutionary Anthropology 18 (5). doi:10.1002/evan.20222. 
  12. Dyble, M.; Salali, G. D.; Chaudhary, N.; Page, A.; Smith, D.; Thompson, J.; Vinicius, L.. "Human behavior. Sex equality can explain the unique social structure of hunter-gatherer bands". Science 348 (6236). doi:10.1126/science.aaa5139. PMID 25977551. 
  13. 13.0 13.1 Hill, Kim R.; Walker, Robert S.; Bozicević, Miran; Eder, James; Headland, Thomas; Hewlett, Barry; Hurtado, A. Magdalena; Marlowe, Frank; Wiessner, Polly; Wood, Brian (11 March 2011). "Co-residence patterns in hunter-gatherer societies show unique human social structure". Science. 331 (6022): 1286–1289. Bibcode:2011Sci...331.1286H. doi:10.1126/science.1199071. ISSN 1095-9203. PMID 21393537. S2CID 93958.
  14. Verdu, Paul; Becker, Noémie S. A.; Froment, Alain; Georges, Myriam; Grugni, Viola; Quintana-Murci, Lluis; Hombert, Jean-Marie; Van der Veen, Lolke; Le Bomin, Sylvie; Bahuchet, Serge; Heyer, Evelyne (2013). "Sociocultural behavior, sex-biased admixture, and effective population sizes in Central African Pygmies and non-Pygmies". Molecular Biology and Evolution. 30 (4): 918–937. doi:10.1093/molbev/mss328. ISSN 1537-1719. PMC 3603314. PMID 23300254.
  15. Destro-Bisol, Giovanni; Donati, Francesco; Coia, Valentina; Boschi, Ilaria; Verginelli, Fabio; Caglià, Alessandra; Tofanelli, Sergio; Spedini, Gabriella; Capelli, Cristian (1 September 2004). "Variation of Female and Male Lineages in Sub-Saharan Populations: the Importance of Sociocultural Factors". Molecular Biology and Evolution. 21 (9): 1673–1682. doi:10.1093/molbev/msh186. ISSN 0737-4038. PMID 15190128.
  16. Dyble, M. (2016). "The behavioural ecology and evolutionary implications of hunter-gatherer social organisation". S2CID 202198539.
  17. Marlowe, Frank W.. "Marital Residence among Foragers". Current Anthropology 45 (2). doi:10.1086/382256. 
  18. kloop.kg. У работающих женщин в Кыргызстане почти нет свободного времени — они тратят его на уборку дома. 08.02. 2019. Текшерилген күн: 26.04.2023.
  19. Schneider, D. M. 1961. The distinctive features of matrilineal descent groups. (англ.) Matrilineal Kinship. Berkeley: University of California Press, 1-29 бет.
  20. Sykes, Bryan (2001). The Seven Daughters of Eve. W.W. Norton. ISBN; pp. 291-2. Bryan Sykes uses "matriname" and states that women adding their own matriname to men's patriname (or "surname" as Sykes calls it) would really help in future genealogy work and historical record searches. Sykes also states (p. 292) that a woman's matriname will be handed down with her mtDNA, the main topic of his book.
  21. Sykes, Bryan (2001). The Seven Daughters of Eve. W.W. Norton. ISBN 0-393-02018-5; 291–2 бет.
  22. 22.0 22.1 UN Convention, 1979. "Convention on the Elimination of Discrimination Against Women", or CEDAW. Текшерилген күн: 20.04.2023.
  23. Шералы Жапаров. Адам аттары – эл байлыгы. —3, толукт. бас. – Б.: “Текник” ББ, 2009. ISBN 978-9967-436-21-3
  24. kloop.kg. Жогорку сот Алтын Капалованын балдарынын документинде «матчествону» калтыруудан баш тартты. 28/04/2022. Текшерилген күн: 20.04.2023.