Милгрэмдин эксперименти

Википедия дан
Эксперименттин схемасы: "Мугалим" (T) "окуучунун" (L) эс тутумун текшерүү үчүн жөнөкөй тапшырмаларды берип, "окуучунун" ар бир кетирген катасы үчүн ток менен уруп туруш керек. Муну эксперимент жүргүзүүчү киши (E) "мугалимден" талап кылат (чындыгында, "окуучунун" ролундагы актер аны ток урумуш болуп отурат). Ар бир кетирген катасы үчүн "мугалим" чыңалууну 15 В баштап 450 В чейин чоңойтуп туруусу керек.

Милгрэмдин эксперименти (англ. Stanley Milgram) — социалдык психологиядагы эксперименттер сериясынын биринчи эксперименти. Бул экспериментти 1963-жылы Йел университетинин студенти Стэнли Милгрэм өзүнүн "Баш ийдирүүдөгү жүрүм-турумду изилдөө" (англ. Behavioral Study of Obedience) макаласында түшүндүргөн. Кийинчирээк "Авторитетке баш ийүү: эксперименттик изилдөө" (англ. Obedience to Authority: An Experimental View; 1974) китебинде жазган.

Киришүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Милгрэм, эксперимент аркылуу бул суроого жооп издеген: эгерде жөнөкөй элдин жумуш милдетинде күнөөсү жок адамды кыйноо милдети бар болсо, анда, алар канчалык кыйнаганга даяр? "Башчы" (лаборатордук ак халатчан изилдөөчү) сыналуучуларга эксперименттин башка катышуучууларын кыйнай турган буйрук бергенде (чынында актерлор кыйналбайт), сыналучуулар "башчыга" ачык каршылык көрсөтө албай тургандыгы байкалган.

Эксперименттин жыйынтыгы: авторитеттерге баш ийүү муктаждыгы биздин аң сезимибизде түпкү тамыры менен сакталып калган. Анткени, сыналуучулар моралдык кыйналгандарына жана ички конфликттерине карабай буйрукту аткара беришкен.

Алгачкы тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизи, Милгрэм өзүнүн изилдөөлөрүн, кантип немис жарандары концентрационный лагердеги миллиондогон күнөөсүз элди жок кылууга катышкандыгын түшүнүш үчүн баштаган. Алгач, өзүнүн эксперименталдык методикаларын АКШдан даярдап алып, Германияга барууну пландаган. Анткени, анын ою боюнча Германиянын тургундары баш ийүүгө оңой көнүшкөн. Бирок, Нү-Хэйвендде (Коннектикут штаты) өткөргөн биринчи эле экспериментинен кийин Германияга баруунун кажети жоктугун түшүнүп, илимий изилдөөлөрдү жашаган жеринде өткөзүүнү туура көргөн. Милгрэм бул тууралуу "Мен ушунча көп баш ийип берүүнү байкаганымдыктан, бул экспериментти Германиядан өткөрүү себебин көрбөй элем" деп айткан.

Жыйынтыгында Милгрэмдин бул эксперименти Голландия, Германия, Испания, Италия, Австрия жана Иорданияда кайталанып өткөрүлгөн. Бирок, эксперименттин натыйжасы АКШныкынан айырмаланган жок. Бул эксперименттер тууралуу кенен жазылган отчет Стэнли Милгрэмдин "Авторитетке баш ийүү" (англ. Obedience to Authority; 1973) китебинде, Миус менен Рааймэйкерстин китебинде жарыяланган (англ. Meeus W. H. J., Raaijmakers Q. A. W. (1986). Administrative obedience: Carrying out orders to use psychological-administrative violence. European Journal of Social Psychology, 16, 311—324).

Эксперименттин түшүндүрмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучуларга бул эксперимент - кыйноонун эс тутумга берген таасирин изилдөө деп тааныштырышкан. Экспериментте - экспериментатор, сыналуучу жана экинчи сыналуучунун ролун ойногон актер катышат. Шарт боюнча, сыналуучулардын бири ("окуучу") узун тизмедеги бүт жуп сөздөрдүн баарын жатташ керек, а экинчиси ("мугалим") - биринчи сыналуучунун эс тутумун текшерип, анын ар бир кетирген катасы үчүн электр тогу менен жазалап турушу керек.

Эксперименттин башында, ролдорду бөлүштүрүш үчүн эки сыналуучунун ортосунда чучукулак өткөзүлөт, бирок, актер дайыма "окуучунун" ролуна ээ болуп, сыналуучу киши "мугалимдин" ролуна ээ болуп калат. Мындан кийин, "окуучуну" электроддорго туташтырылган креслого байлашат. "Мугалим" демонстрациялык түрдө электр тогун алып көрөт.

"Мугалим" башка бөлмөгө өтүп, үстүндө генератор турган столдун алдына отурат. Генератор ящик формасында болот, алдыңкы панелинде 30 переключатель жайгашкан: 15 Вдан 450 Вга чейин (араларында 15 В кадамы менен). Экспериментатор "мугалимге", эгерде переключатель басылган болсо - тиешелүү чыңалуудагы ток "окуучуну" ураарын, кое берилгенде - токтоп калаарын түшүндүрөт. "Мугалим" кайсы переключателдерди басканын унутуп калбасы үчүн, басылган переключатель ылдыйкы абалда сакталып калат. Ар бир переключателдин ылдый жагында ага тиешелүү болгон чыңалуусу жазылган. Мындан сырткары, переключателдерди топторго бөлүп, түшүндүрмөлөрүн жазып коюшкан: "Катуу эмес" (англ. Slight Shock), "Орточо" (Moderate Shock), "Катуу" (Strong Shock), "Абдан катуу" (Very Strong Shock), "Интенсивдүү" (Intense Shock), "Абдан интенсивдүү" (Extreme Intensity Shock), "Абайлагыла: киши көтөрө алгыс күч" (Danger: Severe Shock). Акыркы эки переключателге "XXX" белгисин чаптап коюшкан. Генератордун панели жогорку сапатта жасалган: кандай максатта жасалганы (генератор 15 В - 450 В) жана өндүрүүчүлөрдүн аттары (Type ZLB, Dyson Instrument Company, Waltham, Mass.) жазылган, панелде жебелүү вольтметр бар. Переключателдер басылганда ага тиешелүү кичи лампалар күйүп, үндөр чыгып турат. Башкача айтканда, генератор атайын ушул эксперимент үчүн жасалган түр калтырган.

Инструктаждан кийин эксперимент башталып, "мугалим" "окуучуга" жуп сөздөрдү окуп баштайт. Ал жуптарды "окуучу" жатташы керек. Андан кийин, "мугалим" жуптун биринчи сөзүн жана ага тиешелүү болгон 4 вариантты айтат. "Окуучу" 4 варианттын бирин тандап, алдында турган баскычтардын арасынан тандоосуна тиешелүүсүн басат. Окуучунун жообу мугалимдин маңдайында жайгашкан жарык таблодо көрсөтүлүп турат. Эгерде, "окуучу" ката кетирсе, "мугалим" жооп туура эместигин айтып, канчалык чыңалуудагы ток менен окуучуну ураарын билдирип, баскычты басат. "Окуучунун" ролун ойногон актер ток урумуш болот. Андан соң, "мугалим" туура жообун айтат. "Мугалим" ката болгон сайын токтун чыңалуусун 15 Вдан баштап 450 Вга чейин 15 В кадам менен чоңойтуп турат. 450 Вга жеткенде, экспериментатор "мугалимден" акыркы переключателди колдонуп кетүүнү өтүнөт. 3 жолу колдонулгандан кийин, эксперимент бүттү деп эсептелинет.

Чынында, "окуучунун" ролун ойногон актерду ток урбайт. Анын жооптор стандартташтырылган - орто эсеп менен үч туура эмес жоопко бир туура болуп келген. Демек, "мугалим" биринчи барактагы суроолорду берип бүткөндөн кийин, "окуучу" 105 В ток алып баштаган болот, "мугалим" экинчи барактагы суроолорду берип баштаганда, экспериментатор кайра 15 Вдан баштоосун жана тизменин аягына жеткенде, суроолорду кайра башынан берүүсүн өтүнгөн. Бул аракеттер "мугалимдин" анын жаңы милдеттерине көнүп, оңой өздөштүрүп алышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Эгерде сыналуучу арсар болуп жатса, экспериментатор алдын ала даярдалган төмөнкү фразалардын бири менен улантууну талап кылат[1]:

  • "Уланта бериңиз" (Please continue/Please go on);
  • "Экспериментти бүтүрүш үчүн, улантышыңыз керек" (Experiment requires that you continue);
  • "Сиздин улантып кетишиңиз абдан керек" (It is absolutely essential that you continue);
  • "Сиздин улантуудан башка жолуңуз жок" (You have no other choice, you must go on).

Бул фразалар, "мугалим" улантуудан баш тартып баштаса, башынан баштап, ирээти менен айтылат. Эгерде бүт фразалар айтылып бүткөндөн кийин "мугалим" улантууга макул болбой койсо, эксперимент токтотулат.

Мындан сырткары, эки атайын даярдалган фраза бар. Сыналуучу, "окуучунун" катуу жабыркап калуусу боюнча суроолорду берип жатса, экспериментатор: "Ток менен урганда оорутса дагы, ткандардын көп убакытка созулчу жаракаттарына алып келбейт" (Although the shock may be painful, there is no permanent tissue damage) деп жооп берет. Эгерде сыналуучу "окуучунун" улантуудан баш тартып жатканын байкап калса, экспериментатор: "Бул окуучуга жакса дагы, жакпаса дагы, ал бүт жуп сөздөрдү туура жаттамайынча сиз улантышыңыз керек" (Whether the learner likes it or not, you must go on until he has learned all the word pairs correctly) деп жооп берет.

Катышуучулар, экспериментке катышкандыгы үчүн 4,5 доллар акчалай сыйлык алышат. Башында экспериментатор бул акчалай сыйлык лабораторияга келгендиги үчүн берилип, кийин эмне болуп кетпесин, сыналуучуда калаарын айтат. Йел университетинин 43 студенти бул экспериментте акчалай сыйлык албай катышканы менен, жыйынтык бирдей болуп чыккан.[1]

Эксперименттин негизги варианты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Милгрэмдин Behavioral Study of Obedience[1] деп аталган ишинде эксперименттин биринчи вариантына түшүндүрмө берилген: "окуучу" "мугалим" жайгашкан бөлмөсүнө коңшу, үн угулбаган бөлмөдө орун алат. "Мугалим" "окуучунун" үнүн укпайт, бирок, 300 Вга жеткенде "окуучу" "мугалимге" угуза дубалды соккулай баштайт. Андан соң окуучу таблого жоопторду чыгарбай да калат. Мындай көрүнүштү экспериментатор туура эмес катары кабыл алыш керек деп, кийинки деңгээлдеги чыңалуу менен ток урушун "мугалимден" талап кылат. Кийинки 315 В чыңалуусу менен келген токтон кийин дагы "окуучу" дубалды согуп, таблого жооп чыгарбайт. Мындан кийин "окуучудан" эч кандай үн, эч кандай жооп чыгарылган эмес.

"Obedience" тасмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Милгрэмдин "Obedience" аттуу документалдык тасмасында эксперименттин дагы иштетилген варианты көрсөтүлгөн. Ал вариант боюнча, эксперимент башталардын алдында "окуучу" алдын ала жүрөгү начар экенин билдирет. "Окуучу" "мугалимге" үнү угулган бөлмөдө жайгашат. 150 Вга жеткенде, "окуучунун" ролун ойногон актер жүрөгүнө арызданып, экспериментти токтотууну суранат, бирок, экспериментатор "Мугалимге": "Эксперимент уланышы керек. Уланта бериңиз" деп айтып турат. Токтун чыңалуу күчү жогорулаган сайын "окуучу" улам катуу үн чыгарып, чоң дискомфорт болуп жатканын көргөзүп, аягында эксперименттин аякташын суранып кыйкырып баштайт. 300 Вга жеткенде, "окуучу" экспериментке катышпай тургандыгын жана эч кандай жооп бербесин билдирет. Ошентип, 345 Вга жеткенде, "окуучу" кыйкырбай алсыз тынчып калат.

"Окуучу" чыгарып коюусун талап кылат, экспериментти токтотуну суранат, жүрөгүнө арызданып жооп берүүдөн баш тартат, бирок, "мугалимди" же экспериментаторду урушпайт, коркутпайт. Ал тургай, "окуучу" "мугалимге" түз кайрылып эч нерсе сүйлөбөйт.

Жыйынтыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эксперименттин жыйынтыктары % менен

Эксперименттин негизги варианттарынын биринде 40 сыналуучунун ичинен 26сы "окуучуну" аяп, экспериментти токтотуунун ордуна 450 Вга чейин же эксперимент бүткөнгө чейин уланта беришкен. "Окуучу" дубалды ургулап, жооп бербей баштаганда беш сыналуучу гана (12,5 %) 300 Вдан токтошкон. Экинчи жолу дубалды соккулап баштаганда, дагы 4 (10 %) сыналуучу 315 Вдан токтошкон. "Окуучудан" соккулар жана жооптор келбей калганда эки (5 %) сыналуучу 330 Вдан токтошкон. Дагы кийинки ар бир деңгээлде бир сыналуучу токтогон (345 В, 360 В, 375 В). Калган 26сы аягына чейин барган.

Корутундулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Милгрэмдин ою боюнча, эксперименттин жыйынтыгынан алынган берилмелер кызыктуу феномендердин пайда болоорун көрсөтөт: "бул изилдөө - авторитеттин буйруктарына макул болуп, акыл эстүү, чоң эле кишилердин тобокелге баргандарын көрсөтөт".

Хаггарддын изилдөөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылы, Лондон колледжинин университетинде иштеген Патрик Хаггард өзүнүн Брюссел Эркин университетинин кесиптештери менен жаңы изилдөө жүргүзүшкөн. Алар бул экспериментти ЭЭГди кошуу менен татаалдаштырышкан. Жыйынтыгында, кишиге берилген буйруктун мүнөзүнө карабастан, киши өзүнүн кыймылдарынан жоопкерчиликти алып салаары байкалган.

Эксперименттин кайталануусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

В 2017-жылы, SWPS Гуманитардык-социалдык университетинин Дариуш Долинский, Томаш Гржиб, Михал Фолваржный, Патриция Гржибала, Каролина Кжужиха, Каролина Мартиновска жана Якуб Трояновский аттуу социалдык психологдору Милгрэмдин экспериментин кайталап көрүшкөн. Алардын иштеринин жыйынтыгы «2015-жылы сиз электр тогу менен урат белеңиз? Стэнли Милгрэм түзгөн эксперименталдык парадигмадагы баш ийүү эксперименти - оригиналдык изилдөөлөрдөн кийинки 50 жылдын ичинде» (орус. «Вы бы причинили электрический шок в 2015 году? Послушание в экспериментальной парадигме, разработанной Стэнли Милгрэмом, в течение 50 лет после оригинальных исследований») деген аталыш менен Калып:Нп3[2] илимий журналында жарык көргөн. Экспериментте 18ден 69 жашка чейинки жаштагы кишилер катышкан. Эркектер менен аял кишилердин саны тең болгон. Катышуучулардын жарымына берки жарымын ток урдура турган ар кайсы 10 баскычты басуу сунушталган. Бул кыймыл үчүн сыйлыктар берири дагы айтылган. Чындыгында, эч бир катышуучуну ток урган эмес. Натыйжасында, катышуучулардын 90%ы бул кадамга барышаары аныкталган. Бирок, эгерде ток ура турган катышуучу аял киши болсо, анда кыйноого макул болгондордун саны кескин азайганы байкалган[3].

Массалык маданияттагы кездешүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 Калып:Статья
  2. Dariusz Doliński, Tomasz Grzyb, Michał Folwarczny, Patrycja Grzybała, Karolina Krzyszycha, Karolina Martynowska, Jakub Trojanowski Would You Deliver an Electric Shock in 2015?
  3. Conducting the Milgram experiment in Poland, psychologists show people still obey // Калып:Нп3, 14.03.2017
  4. Жестокий урок

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]