Минерал жер семирткич

Википедия дан

Минерал жер семирткич - өсүмдүк үчүн азык заттары бар ми­нерал туз жана хим. айрым бирикме (мочевина, кальций цианамиди ж. б.).

Аларды туура колдонгондо өсүмдүктүн түшүмү жогорулап, продукциянын сапаты (пахта, кара куурай буласынын технол. касиети, кызылчанын, жүзүмдүн канттуулугу, картошканын крахмалдуулугу) жакшырат.

Минерал жер семирткич колдонуунун деңгээли — дыйканчылыкты интенсивдештирүүнүн башкы көрсөткүчү. Алардын көбүн химия о. ж. иштеп чыгарат. Минерал жер семирткич агрономпялык жактан түз жана кыйыр таасирдүү болуп бөлүнөт. Түз таасирдүү Минерал жер семирткич өсүмдүктүн өзүн азыктандырат. Аларга азот, фосфор, калий, магний, күкүрт, бор, жез, марганец, молибден, цинк ж. б. кирет. Түз таасирдүү семирткичтер жалгыз жана тутумдаш болуп бөлүнөт.

Жалгыз Минерал жер семирткич бир гана азык элементтен турат. Буга азот жер семирткичтери, фосфор жер семирткичтери, калий жер семирткич­тери, микро жер семирткичтер кирет. Тутумдашында эки же андан арбын азык элемент болот. Кыйыр таасирдүү Минерал жер семирткич топурактын агро-ш. жанa физ.-хим. касиетин жакшыртууда пайдаланылат (аки таш, гипс). Минерал жер семирткичди орг. семирткич менен айкалыш колдонгондо жакшы натыйжа берет.

Дыйканчылыкта азот, фос­фор, калий Минерал жер семирткич, жер айдоо, культивациялоо, себүү алдында, себүү менен бирге жанa вегетация маалында кошумча азыктандырууда чачылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.