Монумент өнөрү
Монумент өнөрү - архитектуралык курулуштарды идеялык-көркөмдүк жагынан толуктап турган пластикалык өнөрдүн түрү.
Монумент өнөрүнө эстеликтер, монументтер жанa имараттардын живопистик, мозаикалык, ошондой эле скульптуралык жактан көркөмдөлүшү кирет. Көтөрүңкү пафостуу идеяларды туюнтуу Монумент өнөрү мүнөздүү болгондуктан анын сүрөттөмө каражаттарындагы ашкере масштабдуулук да дал ушул өзгөчөлүк менен шартталган, мис., Ватикан сарайындагы Рафаэлдин фрескалары же Микеланжелонун Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөрү.
Соц. коомдо Монумент өнөрү өзүнө чейинки бардык алдыцкы саамалыктарды чыгармачылык менен өздөштүрүп, ошондой эле соц. гуманизмдин идеяларын өз каражаттары аркылуу көркөм чагылдырууга багытталган. 1918-ж. В. И. Ленин чоң маани берген монумент пропагандасы күн тартибине коюлуп, сов. скульпторлор: Н. А. Андреев, В. И. Мухина, И. Д. Шадр, М. Г. Манизер; живописчилер: E. Е. Лансере, В. А. Фаворский, А. А. Дейнека жана башкалар жемиштүү эмгектеништи.
Кыргызстан да Монумент өнөрү боюнча 60-жылдардан Т. Садыков (3. Кайназарованын бюсту, гранит, арх. В. Курбатов), 3. А. Хабибулин (М. В. Фрунзенин мемориал музейпнин редьефи, А. Ф. Воронин, А. Н. Каменский, С. Бакашев менен бирге), А. Мухитдинов (Д. Шопоковдун бюсту, 3. А. Хабибулин менен бирге) сыяктуу жөндөмдүү скульптор-монументчилер эмгектенүүдө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.