Ниобий рудалары

Википедия дан

Ниобий рудалары - составында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө ниобий металлы жана анын бирикмелери бар табигый минералдар менен тоо тектердин чогундусу.

Физ. жана хим. касиеттери жагынан өтө жакын болгондуктан ниобий дайыма тантал менен бирге кездешет.

Ниобий рудаларынын составындагы негизги минералдар: колумбит (Fe, Mn) (Nb, Та)2Ов (сос­тавында Nb205—50—76%ке чейин), пирохлор (Са, Na) 2 (Nb, Та, Ti)2Oe (ОН, F) (составында Nb2Os—40—70%).

Мааниси азыраактары: фергусонит — Y(Nb, Та)0<, (мында Nb2Os — 38— 58%), эвксенит—Y(Nb, Ti, Та)206 (мын­да Nb2Os —21—34%). Н. р-нда Nb205— 0,15—0,2% тен кем болбосо, ал өнөр жайлык мааниге ээ.

Ниобийдин чачынды кенинде колумбит 0,1—0,15 кгдан ашса кен пайдаланылат. Ниобий рудалары көбүнчө жегичтүү жана субжегичтүү (карбонатит, гранит, граносиенит. сие­нит) тоо тектер менен байланыштуу. Экзогендик шартта алгачкы кендердин же составында ниобий минералы бар жегичтүү тоо тектердин бузулуп үбөлөнүшүнөн анын чачынды кени пайда болот.

Ниобий рудалары авиацияда, ракета курууда, атомдук реакторлордо, элек­троникада ж. б. о. ж. тармактарында колдонулат. Дүйнөдөгү эң ири нио­бий кени Бразилияда (Араша), Канадада (Ока жана Сент-Онор).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.