Окутуунун принциптери

Википедия дан

Окутуунун принциптери - – окутуу процесси (сабакты) даярдап өткөрүүгө коюлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы дидактикалык жоболор. Принциптер мыйзамченемдүүлүктөргө салыштырмалуу туунду түшүнүк болуп эсептелет. Чындыгында мугалим сабакты тобокелдикке салып «кайдан чыксаң андан чык» деп өткөрө албайт, анткени анын ар бир сабагы окуучуларга сөзсүз пайдалуу, (аларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү калыптандырып, активдүү инсандыкка тарбиялап, өстүрүп өнүктүрүүчү) болууга тийиш. Башкача айтканда окутуу процесси (ар бир сабак) төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1. Окутуунун илимий принцибине ылайык сабакта окуучуларга илимий такталган, аларды эки ача ойго келтирбей турган гана маалыматтар берилүүгө тийиш, башкача айтканда

  • үйрөнүлүүчү фактылардын, кубулуштардын, закондордун, эрежелердин чындыктуулугу, алардын илим менен техниканын эң жаңы жетишкендиктерине туура келүүчүлүгү;
  • үйрөнүлүп жаткан материал б-ча чыгарылган корутундулардын негизделиниши, далилденүүчүлүгү;
  • Программанын ар бир суроосун жалпы теориялык жана жалпы илимий идеялык позицияда карап чыгуу;
  • Сабактын бардык этаптарында теманын мазмунундагы эң негизги түйүндүү суроолорго бөтөнчө көңүл буруу менен окуучуларда жалпыланган билим, билгичтик жана көндүмдөрдү калыптандыруу маселелери толук аткарылууга тийиш. Бул принципке ылайык бир дагы окуучунун оозеки же жазуу жүзүндөгү жоопторунда кетирилүүчү каталыктар эч убакта мугалимдин көз жаздымында калтырылбас-тан дароо оңдолуп турууга тийиш.

2. Окутуунун жеткиликтүүлүк принцибине ылайык:

  • үйрөнүлүүчү материалдын татаалдыгын жана класстагы окуучулардын даярдык деңгээлин эске алуу менен билимдерди туура тандап алуу;
  • Жаңы материалды өздөштүрүүгө керектүү убакытты оптималдуу бөлүштүрүү;
  • Татаал нерселерди да жөнөкөй, түшүнүктүү, жеткиликтүү кылып айтып берүү;
  • «Жеңилден оорго», «жакындан алыска», «жөнөкөйдөн татаалга» карай деген эрежелерди колдонуу талап кылынат.

3. Окутуунун турмуш менен, коомдук курулуш менен байланыштуулук принциби – үйрөнүлүүчү жаңы материалды мүмкүн болушунча окуучулардын турмуштук тажрыйбасынан, аларды курчап турган айлана - чөйрөдөгү кубулуштардан, курулуштардан алынган мисалдар менен конкреттештирүүнү, практикалык маселелерди чыгарууну талап кылат. Бул принципке ылайык коомдук турмушта болуп жаткандарды жаап жашырбастан чындыкты айтуу, жалаң жетишкендиктер жөнүндөгү далилдерди келтирүү менен гана чектелбестен болуп жаткан негативдик көрүнүштөрдү да келтирип, алардын себептерин түшүндүрүү, ушундай маселелер боюнча окуучулар тарабынан берилүүчү суроолордон баш тартпастан (тилекке каршы, кээде мугалим мындай суроолорду же укмаксан болуп, же бул суроонун темага «байланышы жок» демиш болуп суроо берген окуучунун таанып билүүчүлүк муктаждыгын канааттандырбай таштайт) аларга сөзсүз ачык жана толук жооп берүү талап кылынат. Устат мугалимдер, тескерисинче, мындай суроолорду бүткүл окуучулардын сабакка кызыгууларын жандандыруу үчүн пайдаланып иштейт. Албетте, аны үчүн мугалим өзү коомдук турмуш менен ар түрлүү көрүнүштөр менен дайыма тааныш болууга тийиш, ошондо гана ал окуучулардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартпай иштей алат.

4. Окутуунун системалуулук жана удаалаштык прициби – ар бир иште логикалык байланыштуулуктун болушу зарыл. Демек окутууда эч убакта баш аламандыкка жол берилбөөгө тийиш, башкача айтканда үйрөнүлүүчү окуу материалынын ар бир кийинки дозасы (кадамы) сөзсүз ага чейинки өтүлгөн материалдын логикалык уландысы болууга тийиш, ошондо гана окуучу жаңы материалды сезимталдуу түшүнүп өздөштүрүү үчүн өзүнүн буга чейинки билгендерин таяныч катары пайдалана алат. Бул талаптын аткарылышын камсыз кылуу үчүн мугалим предметтердин ички жана предметтер аралык тышкы байланыштарды ишке ашырышы керек.

5. Окуучулардын окууга (билим алууга) ынтызар болуусун стимулдаштыруу принциби. Бул принципке ылайык окуучуларды сабакка такай кызыктыруу зарыл. Аны үчүн окуу материалынын окуучулар үчүн кызыктуу моменттерин, материалга байланышкан кызыктуу мисалдарды, окуучулардын өз турмушунан жана алардын субъекттик тажрыйбасынан далилдерди пайдалануу талап кылынат. Тилекке каршы, көп учурда мугалимдин сабагы бир өңчөй, кызыксыз тажатма мүнөздө өтөт.

6. Окутуунун сезимталдуулук принциби. Окуучулар окуу материалын формалдуу эмес сезимдүү кабылдап өздөштүрүүлөрү зарыл, аны үчүн алар окуу процессине (сабактын бардык этабына) активдүү катыштыруулары керек, буга жетишүү үчүн ар бир окуучуну өз алдынча эмгектентүүгө туура келет. Демек: сезимталдуулук болсун үчүн окуучуларда активдүүлүк керек, ал эми активдүүлүк болсун үчүн өз алдынча эмгектенүү керек. Сезимталдуулук – активдүүлүк – өз алдынча иштеп эмгектенүү сезимталдуулук принцибине ылайык мугалим окуу материалын окуучуларга даяр койбоого тийиш, окуучулар болсо ал материалды даяр бойдон кабыл алып тим болбоого тийиш. Тескерисинче, алардын бардык өздөштүргөндөрү өздөрүнүн мугалим менен биргелешип эмгектенүүлөрүнүн натыйжасы болуусу талап кылынат.

7. Окутуудагы билимдердин бекемдик принциби. Окутууда формалдуулукка, үстүрдөндүккө жол берилбөөгө тийиш. Ал үчүн окулуп өтүлгөн билим, билгичтик, көндүмдөрдүн окуучулар тарабынан колдонулуп турушун такай текшерип туруу талап кылынат. Бул максатта өтүлгөн материалды окуучулардан дайыма кайталап сурап туруу, контролдук иштерди тез-тез өткөрүп, тесттик тапшырмаларды пайдаланып туруу талап кылынат.

8. Сабакты окутуунун фронталдык (жалпы класстык), группалык жана жекече формаларын оптималдуу айкалыштырып пайдалануу принциби. Бул принципке ылайык сабакта окуучуларга дифференциалдуу жана жекече мамиле жасоо ыкмаларын колдонуу талап кылынат.

9. Окутуунун көрсөтмөлүүлүк принциби – окуу материалынын окуучуларга жеткиликтүү болуусун камсыз кылууну жана алардын окуу иштерин жеңилдетүүнү талап кылат. Аны үчүн мугалим сабактын ар кандай этаптарында тийиштүү моделдерди, макеттерди, плакаттарды, сүрөттөрдү, схемаларды, таблицаларды, ар түрлүү заттарды, ошондой эле техникалык каражаттарды пайдаланат. Бирок, окутуудагы көрсөтмөлүүлүктүн оң жана терс жактары бар экендигин эске алуу зарыл. Мисалы, ашыкча көрсөтмөлүүлүктүн пайдасы жок, ал зыяндуу, анткени ал окуучулардын логикалык, абстрактык ойлоосунун өнүгүшүнө тоскоол этет. Ошондуктан мугалим көрсөтмөлүүлүктү колдонуунун оптималдуу вариантын табууга тийиш, тактап айтканда, мугалим жаңы материалды окуучулар көрсөтмө куралсыз түшүнүшпөй тургандыгын туура аныктап анын зарылдыгына көзү жеткен учурда гана аны пайдаланышы талап кылынат.

10. Окутуу процессинин оптималдуулук принциби –берилген шартта мугалимдин да, окуучулардын да зарыл болгон минималдуу аз убакыт жана аз күч жумшоолору менен окуучуларга билим, билгичтик, тарбия берип өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон максималдуу натыйжаны камсыз кылгыдай окутуунун вариантын сезимдүү тандап алуу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004