Ормон хандын Илеге көчүшү

Википедия дан

ОРМОН ХАНДЫН ИЛЕГЕ КӨЧҮШҮ (1851-1853)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ормон хандын (1792-1854) маанилүү тышкы саясий аракеттеринин бири.

Максаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги максаты орус аскеринин кысымынан улам Иленин сол жээгин көздөй жылып жаткан казак урууларына тоскоолдук кылуу, ал жерден биротоло конуш алуу болгон. Анткени 1847-ж. Капал чебинин (азыркы Талдыкоргон ш.) курулушу менен Орус империясы Борбордук Азияга карата экспанциясын күчөтүп, бул тараптагы казактын Улуу жүз уруулары Кокон хандыгынын карамагына (Чүй суусунун жээги) карай көчө баштаган. XIX кылымдын 50 – 60-жылдарында казактын Улуу жүзгө караштуу дуулат урууларынын кандайча түштүк-батышка жылышын орус акимчилигинде жооптуу кызматтын бирин ээлеген П.П. Румянцев алардын өз оозунан уккан: «Качандыр бир кезде биздин ата-бабалар Ташкент тарапта жашап, кийин Арка-Каркаралы уездине келишкен; ал жактан азыркы Капал (азыркы Талдыкоргон) уездине өтүп, Акчий, Кен-Арал конуштары жана Көк-Суу, Каратал сууларынын жээгинен орун алышкан. ...Дуулаттар менен чогуу азыркы Кордой болуштугун түзгөн Баимбет (Каскарау) уругу ышты (сты) урууларын кошуп алып, түштүк-батыш тарапка жылганда, жалайырлар кысыла баштаган. Иле өзөнүнө жеткен дуулаттар андан өтүп, Иленин оң жээгиндеги Ала-Тоо тоолору менен Чүй өрөөнүндөгү кара-кыргыздарды кысып, азыркы Верный уездинин басымдуу бөлүгүн ээлеп калды». Башкача айтканда, Капал чебинде турган орус бийлигинин куралдуу кысымынан жапа тарткан казактар Чүй өрөөнүн көздөй жылып кетип, Үч-Алматы суусунун бою (жалпысынан түндүктөн түштүктү карай – Иленин сол жээгинен Ала-Тоого, чыгыштан батышка – Чарын өзөнүнөн Кашкелең өзөнүнө чейин) убактылуу бош калган. Экинчиден, Ормон хан Кокон бийлигинен баш тартып, алардын чептерин кыйратып, өрттөгөнү үчүн Олуя-Атага 10 миңдей аскер жыйнап жаткан Мусулманкул миң башыдан өз коопсуздугун убактылуу камсыздардыруу болгон.

Илеге көчүүнүн саясий себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздар байыртадан Илени өз жери катары эсептеген. Мисалы, Тан династиясынын тарыхында ...Дулу-хан өлгөндө (634-ж.) анын ордуна Шаболо Хилиши-хан атын алган иниси Тунво Ше отуруп... Көп өтпөй (638-ж.) батыш уруулары Иби Дулу-хан деген ат менен Юйгу Шени хан шайлап, ал Хилишиге каршы согуш ачат, бирок андан эч майнап чыкпагандан кийин бул экөө Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүп, анын (Иле өзөнү) батышын Дулу, чыгышын Хилиши алат. Ушундан тартып Батыш түрк уруулары да эки хандыкка бөлүнөт. Дулу-хан өз ордосун Цзихэ тоосунун батышына көчүрүп, аны түндүктөгү ордо деп атап, анын курамына Сяоми менен Гйегу [Хягастар] (кыргыздар) да кирген. Н. Аристов мындай маалыматтарды андан ары улантып, 1761-ж. Иле тарапта кыргыздардын беш уруусу турганын, анын ичинде Черикчи башында турган 1000 түтүн сарыбагыш, ошондой эле уруу башчысы эскертилбеген саяктар (алар да 1000 түтүн) болгонун эскертип, бул эки уруу калмактар келгенге чейин эле Кеген-Каркыра менен Темуртуда (балким сөз Иленин сол жээгиндеги Темирлик суусу жөнүндө болуп жатат) туруп, калмактардын кысымы менен Анжиянга качканын, анан алар жеңилгенден (Кытайдан) кийин кайра ошол эле конуштарын ээлеп калышкан деген жыйынтык чыгарат. Абылай хандын өлөөр алдында кыргыз-казак дагы бир жолу чогулуп, эки элдин чек арасын тактап, бүтүм чыгарып, мындан ары тынч турууга макул болушкан. Алымбектин санжырасы боюнча казак-кыргыз жер бөлүшүп, кыргыздардын чеги –батыш жагы; Буурул, Түймөкент, Абылкайыр, Түйүшкөн, Күйүктүн бели, Корготунун Чүйгө куйган жери, ошондон Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып өтүп, Иленин суусун жээктеп келип, Үч-Алматыга токтойт. Кыргыз жери – башы Үч-Алматы, түндүгү – Иле бою, аягы Чокмордун бели, Корготунун Чүйгө куйган жери, батыш жагы – Кичи-Буурул, Чоң-Буурул, Күйүктүн бели, ушул чек болуп, казак-кыргызка Абылайдын алдында бүтүм болот.

Илеге көчүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иле боюна көчөрдөн мурун Ормон хан эл жыйып, кеңеш курган. Илеге бет алган көчкө черик уруусунун бийи Ажыбек, саяк уруусунун бийи Дуулат ж. б. кошулган, бирок көчүп баргандардын басымдуу бөлүгү сарыбагыштан туруп, жалпы саны 6000 түтүнгө чамалаш болгон. Көч 1851-ж. декабрь айында Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн чыгып, 80 жылкыны алдыга салып, күрткү басып калган белди бузуп, Түргөн, Талгарды басып, Кашкелең жана Көк-Ойрокко түшкөн. Чокан Валиханов Илеге көчүүгө байланыштуу Ормон хан Ала-Тоонун тескейиндеги казактарды зарлатканын; колго түшкөн туткундарды Чыгыш Түркстан жана Орто Азиянын базарларында кул-күң эсебинде сатып, өзүнө каршы чыккан адамдарды жазалоо үчүн Кашкелең өзөнүнүн жээгине дарга орнотконун жазса; Осмонаалы Сыдыков Ормон хан болуп казак, кыргыздын бирин да жазалабай, мал-башына да зыян келтирбей, орустарга да сыр көрсөтүп, тосуп алууга чыкпай, кишилерин жиберип, алыстан узатып турганын; канча төөгө курал-жарак жүктөтүп, хан сыяктуу күч кылып же дарга курдуртуп, ага бирөөнү асууга даярдап жаткандай түрдүү айла-амал колдонуп тургандыктан «Ормон опуза» деген сөз чыкканын эскертет.

Ормон хандын орус бийлигине кайрылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илеге келгенден кийин Ормон хан уулу Үмөтаалы менен бирге Николай Iге кайрылып, Иле жана Чүй сууларынын араларынан конуш сураган өтүнүчүн жолдогон. Жазган каттарында Ормон хан максатын ачык билдирип, эгер Иле боюна отурууга уруксат берилсе, ал жерге Жумгал, Кочкор, Нарын, Кетмен-Төбө кыргыздарын көчүрүп келерин маалымдаган. Анда Улуу жүздөгү дуулат, албандардын бир бөлүгү Россиядан качып, кыпчактарга (Коконго) өтүп жатканын, Ала-Тоонун чыгышы – Иленин сол жээги, ага куйган Чарын (документте Нарын) Кашкелең сууларынын аралыгы бош калганын угуп, акылга ий элибиз менен кеңешип, ушул жылдын декабрында, эң суук учурда, калың карды жиреп, Ала-Тоону ашып, катуу чаалыгып, качкан казактардан бош калган жайлоо-кыштоолорго көчүп келгенин көрсөткөн. Аны менен бирге Ормон хан казактар эгин эгүүгө тоскоол кылып, малын уурдап жатканын жана падышага өзүнчө сунуш киргизип, Иленин оң жагында казак, сол жээгинде кыргыздар турса тынччылык болорун белгилеген. Ормон хандын Кокон бийлигине баш ийбегенин жана Кенесары ханды жеңүүдө көрсөткөн кызматын баалап, бул сунушка Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорт макулдук берген. Орус генерал-губернаторунун ою боюнча Иле боюн кыргыздарга берүү менен аларды орус бийлигин кабыл алууга мажбурлап, Ормон ханга султандык кызмат ыйгарып, ал аркылуу эч чыгымсыз Улуу жүз казактарын толук багындырабыз деп ойлогон. Бирок Иле боюнан кыргыздар орун алышына Россия империясынын Тышкы иштер министрлиги (Азия департаменти) каршы болуп, болгону Г. Х. Гасфортко Ормон ханды өз карамагына кабыл алууга аракет кылуу гана сунушталган.

Ормон хандын Кеминге көчүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ормон хандан ант алуу жана Иле боюна туруктуу чеп салууга ыңгайлуу орун караштыруу үчүн 1853-ж. 2-июлда Капалдан Чоң ордонун приставы майор М. Д. Перемышльский башындагы 2 замбирек менен куралданган 467 казак-орустан турган атайы аскер экспедициясы чыккан. Бирок өтүнүчү аткарылбай калганын уккан Ормон хан алар келээрден бир аз мурун (1853, май-июнь) Кеминге көчүп кеткен. Орус тыңчысы Ф. Нагаев аркылуу орус бийлигине берген жообунда Ормон хан Орус империясынын колониалык саясатына карата көз карашын ачык билдирип, алардын сунушун жалпы элге салып чечерин, эл кандай чечим кабыл алса ошондой болорун билдирген.

Колдонулган адабияттар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Б.Жамгерчинов. "Кыргызы в эпоху Ормон хана". Труды ИЯЛИ. Вып. 1. 1944. – Фрунзе: Кир. ФАН, 1945.
  • С. Абрамзон. "У истоков манапства". Советская Киргизия, 1931, 1 апреля.
  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • А. Н. Бернштам "ОБ ОРМОН-ХАНЕ И ИВАНЕ ГРОЗНОМ". Т. I. Избр. соч. Бишкек 1997.
  • Валиханов Ч.Ч. Записки о киргизах. //Собр. соч. в 5 т. А.-А., 1985. Т. 2.
  • Бичурин Н.Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена– А., Т.1 1998.
  • Румянцев П.П. Уезды Жетысу, А., 2000.
  • Аристов Н.А., Усуни и кыргызы или кара-кыргызы Б., 2001.
  • Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу – ХХ кылымдын башы). Б., 2003.
  • Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
  • Махаева А..Ш. Казак-кыргыз тарыхынан (XVIII к. экинчи жарымы – XX к. башы). Б., 2011.
  • (жеткиликсиз шилтеме) Б. Солтоноев "Кызыл Кыргыз Тарыхы". 1 том. Бишкек, 1993.
  • Ж. Токтоналиев "Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда", Бишкек, 2002.(жеткиликсиз шилтеме)

Айрым шилтемелер:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз казак чек ара маселеси Archived 2011-10-11 at the Wayback Machine
Ормон Хандын ата-бабалары жөнүндө(жеткиликсиз шилтеме)
Манап бийдин тарыхы Archived 2011-10-11 at the Wayback Machine
Б. Солтоноев Эсенкул бийдин туулганы жөнүндө(жеткиликсиз шилтеме)
Б. Солтоноев Ормон заманындагы кыргыз жөнүндө(жеткиликсиз шилтеме)