Орто Азия темир жолу

Википедия дан

Орто Азия темир жолу Орто Азия экономикалык районун Казакстан, Урал, Сибирь, Волга бою ж. б. экон. райондор менен байланыштырат.

Жол Өзбекстан, Түркмөнстандын, Тажикстандын аймагынан, Кыргызстан­дын Ош обл. менен Казакстандын түн. бөлүгүнөн өтөт. Жалпы уз. 6199 км. Биринчи жолу 1880—85-ж. Узун-Ада, Кызыл-Арбат — Ашхабад участкасы курулуп, ал 1888-ж. Самарканга чейин жеткирилген.

Совет бийлиги учурунда Анжиян - Наманган (1924), Ско­белев— Кызыл-Кыя (1928), Ассаке- ШариханКара-Суу (1930), Жалал- АбадКөк-Жаңгак (1932), Ташкен— Ангрен жана Ташкен — Барраж ,(1944). Самаркан — Карши (1970), Тзрмез — Яван (1973) ж. б. бөлүктөрү курулган.

Анда 1931-ж. өлкөдө тепловоз алгач пайдаланылган. Жол менен негизинен пахта буласы, көмүр, нефть, руда, машина, курулуш материалы ж. б. ташылат. Жүргүнчү ташууда да чоң роль ойнойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.