Орус платформасы

Википедия дан

Орус платформасы, Чыгыш Европа платформасы, Евро­па платформагы — жер кыртышынын тынч абалда турган ири аймактарынын бири; байыркы (рифейден мурунку) платформалардын катарына кирет.

Орус платформасы Чыгыш жанa Түн. Европаны кучагына алып, Скандина­вия тоо кыркасынан Уралга, Баренц деңизинен Кара жанa Каспий деңиздерине чейинки аймакты камтыйт. Түн.-чыгыш жанa тун. бөлүгү Тиман менен Кола жарым аралынын жээктерине чейин жетет.

Түш.-батыш жагы Борб. Евро­па түздүгүнөн (Варшавага жакын), тун.-батышта Балтика деңизине че­йин созулат.

Орус платформасынын фундаментин гнейстерге, кристаллдуу сланецтерге айланган өтө метаморфизмделген, кембрийге чейин пайда болгон жанар тоо жана чекме тектер түзөт.

Фундаментинин устун рифейден антропогенге чейинки иш.ме тоо тектер (ныкталган чопо, кумдук, кварцит, эффузив ж. б.) жаап жатат. Чекме тердин астында кристалл фундаменти бар экендигин 1887-ж. бир болуп А. П. Карпинский далилдеген.

Орус платформасынын азыркы түшүнүккө жакын аныктамасын 1923-яг. сов. геолог А. Д. Архангельский берген.

Орус платформасында темир (Курск магнит аномалиясы), жез, никель, титан, слюда, газ, нефть, туз, таш көмүр, фосфорит, боксит ж. б-лардын кендери кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.