Пайзилда Ирисов

Википедия дан
Пайзилда Ирисов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Пайзилда Ирисов
Туулган жылы: 1940-жылы 4-сентябрь
Туулган жери: Тору Тай айылы, Ноокат району, Ош облусу
Каза болгон жылы: 2010-жылы
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: адабиятчы


Адабиятчы Пайзилда Ирисов Ноокат районунун Тору-Тай айылында 1940-жылы 4-сентябрда туулган.

1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1963–1965-жж. мектептерде мугалим болуп иштеген.

1966–1969-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда аспирантурада окуп,

1970-жылдан ошол эле жерде лаборант, кенже илимий кызматкер болуп иштеген.

1971-жылы ырчылык өнөрдөгү айтыш жанры боюнча кандидаттык диссертация жактаган.

1975–2010-жж. Ош мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты кафедрасында эмгектенген.

Бул мезгил ичинде көптөгөн республикалык жана эл аралык конференцияларга катышып, жүзгө жакын илимий жана публицистикалык макалаларды, бир нече китептерди жарыкка чыгарган.

1989-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» төш белгиси ыйгарылган.

2001-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Балдарга арналган элдик оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрү. – Ф.: Илим, 1972. –178 б.
  • Карач-Көкүл баяны. Элдик эпос. – Ф.: Илим. 1975. –273 б.
  • Акын баскан жол. – Ош.: «Билим» коому. 1989. – 83 б.
  • Фольклор жыйноо жана фольклордук практика. Студенттер үчүн колдонмо. – Ош. 1991. – 49 б. (К.Оморкулов, Б.Үкүевалар менен бирге).
  • Ырчылар чыгармачылыгы. Окуу программасы. Студенттер үчүн. – Ош. 1997. – 28 б.
  • Ырчылар чыгармачылыгы. ЖОЖдор үчүн окуу китеби. – Ош. 2001. – 208 б.
  • Ырчылар чыгармачылыгы. Окуу китеби. Б.: Бийиктик. 2004. – 214 б.
  • Акындар поэзиясы. Студенттер үчүн окуу программасы. – Ош, 2008. – 34 бет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]