Рашид Aд-Дин

Wikipedia дан
Хамадандагы Рашид Ад-Диндин эстелиги

Рашид ад-Дин , Фазлаллах ибн Абу-л-Хайр Али Хамадани (фарси тилинде - رشیدالدین, Хамадан, 1247 – Тебриз, азыркы Иран18. 7. 1318) – мамлекеттик ишмер, дарыгер, энциклопедиячы-окумуштуу. Рашид ад-Доулэ, Рашид ат-Табиб («Рашид табып») деген аттар менен да белгилүү. Чыңгыз хандын небереси Хулагу курган мамлекеттин (13-к.–14-кылымдын орто чени) ханы (1265–82) Абаканын тушунда мамлекеттик кызматка келип, Газан хандын (1295–1304) мезгилинде вазир, Олжейту (Улжейту) хандын (1304–16) учурунда иш жүзүндө башкы бийликке ээ болуп, Абу Саид хан (1316–35) такка отургандан кийин бардык кызматынан ажырап, жалган жалаа менен дарга асылган. Газан хандын тушунда экономикалык реформаларды (туруктуу алык-салык системасын киргизүү, дыйкандардын жашоо-турмушун жеңилдетүү, айыл-чарба, кол өнөрчүлүк, соода тармагын өнүктүрүү, сугат каналдарын оңдоо ж. б.) жүргүзүп, борбордук бийликти чыңдоодо ийгиликтерге жетишкен. Ал жүргүзгөн реформалардын натыйжасында көчмөн моңгол хандары мамлекетти башкаруудагы отурукташкан жашоо-шартка ылайыктуу бийликтин мурунку (ирандык) формасына тез өткөн. Мындан тышкары тарых, медицина, ботаника, эстетика, дыйканчылык жана курулуш техникасы, мусулман дини боюнча бир нече эмгектерди жазган. Анын ичинен Газан хандын өтүнүчү менен жазылган «Жами ат-Таварих» (фарси тилинде جامع‌التواریخ – «Тарыхтар жыйнагы») аттуу эмгеги өзгөчө маанилүү болуп эсептелет. Аны жазуу иши 1307-ж. башталып, бир нече жардамчынын (мисалы, тарыхчы Абдаллах Кашани, катчы Ахмед Бухари ж.б.) аракети менен 1310/11-ж. бүткөн. Эмгекти жазууда Махмуд Кашгаринин Диван-и лугат ат-түрк, Жувейнинин «Тарих-и жахангушай» («Дүйнөнү жеңип алуунун тарыхы») жана моңгол тилинде Чыңгыз хандын өмүрүн камтыган «Алтан дэбтэр» («Алтын китеп») сыяктуу эмгектер пайдаланылган. Автордун ою боюнча «Жами ат-Таварих» эки негизги бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө моңголдор жана алар түзгөн зор империя, анын ичинде Хулагу курган мамлекеттин тарыхы баяндалган. Экинчи бөлүгүнө исламга чейинки бүт дүйнө; халифаттын түзүлүшү; моңголдор чабуулуна чейинки Газневи, Селжук, Хорезм ж. б. мамлекеттери; мусулман эмес мамлекеттер (Байыркы еврейлер, Индия, Кытай, ж. б.) менен элдердин (герман, франк, огуздар ж. б.) тарыхы кирген. Булар менен кошо анда Жучунун Енисей кыргыздарын каратып алышы, Чагатай улусунун түзүлүшү, кыргыздар жана алар менен кошуна турган түрк, моңгол уруулары тууралуу көптөгөн маалыматтар кезигет. Мындан тышкары дүйнө жүзүнүн географиялык маалыматы жана Моңгол империясынын бардык соода жолдорун камтыган 3-бөлүгүн жазуу каралган. Бирок анын тагдыры азырынча белгисиз, кээ бир пикирлерге караганда, аны жазууга автордун чамасы жетпей калган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Петрушевский И. П. Рашид ад-Дин и его исторический труд. //Рашид ад-Дин. Сборник летописей. М.-Л., 1952.