Румындар

Википедия дан
Румындар (1840).

Румындар, ромынь (латынча romani, өздөрүн романус «римдик» деп аташат) – эл, Румыниянын негизги калкы. Жалпы саны 23,5 млн киши, анын ичинде 16 870 миңи Румынияда (2011). Молдова, Украина, Италия, АКШ, Канада, Сербия, Австралия, Германия, Испания, Венгрия, Бразилия, Болгария, Франция, Түркия, Австрия, Улуу Британия, Швеция, Венесуэла, Аргентина, Словакия, Россия, Казакстан жана Өзбекстанда да жашашат. Румын тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көбү православныйлар, арасында протестанттар, католиктер да бар. Румындар байыркы Рим провинцияларындагы романдашкан уруулардан, фракий урууларынан (гет жана дакийлер) куралган. Бул татаал этностук процесс б. з. 1–2-миң жылдыктарынын ортосунда чыгыш роман элинин жана роман тилинин калыптанышы менен аяктаган. Румындар 19-кылымда улут болуп калыптанган. Негизги кесиби – дыйканчылык, жүзүмчүлүк жана мал чарбачылык, ошондой эле кол өнөрчүлүгү да кеңири өнүккөн. Аялдардын салттуу кийимдери – туника сымал ак түстүү кендир көйнөк же кыска кофта, бели кыналып тигилген түстүү юбка кийип, оймо-чиймеленип саймаланган алжапкыч тагынат, башына жибек чепец же оромол жамынышат. Эркектери да туника сымал тигилген ак түстүү кендир көйнөк, кенен ыштан, жеңсиз бешмант кийип, белине булгаары кур курчанат, башына кийиз же чий калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен – дан, эт, балык азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]