Рэй Курцвейл

Википедия дан
Рэймонд Курцвейл
Рэймонд Курцвейл Стэнфорд университетинде, 2006-жыл.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Рэймонд Курцвейл (Raymond Kurzweil)
Туулган жылы: 1948-жыл, Бирдин айынын (февралдын) 12си
Туулган жери: Куинс, Нью-Йорк
Өлкө: АКШ желеги АКШ
Илимий ишмердүүлүгү: болочок таануу (футурология), долбоордоо
Ишмердүүлүгү: болочок таануу (футурология), долбоордоо жаатындагы америкалык адис
Альма-матер: Массачусетс технологиялык институту
Сыйлыктары: Грейс Мүррей Хоппер атындагы сыйлыктын ээси

Рэймонд Курцвейл (Raymond Kurzweil; 1948-жыл, 12-феврал, АКШнын Нью-Йорк шаары) — белгилүү америкалык ойлоп табуучу жана футуролог. Ал доошту жана сүйлөө аракеттерин аныктап, компүтерде каттоо жаатында көп сандаган системаларды ойлоп тапкан. Болочок таануу (футурология) жаатында да эмгектер жарыялаган. Маселен, анын бир катар илимий-технологиялык прогноздору таамай чыккан (азыр да жасалма интеллект, киши өмүрүн кескин узартуу аргалары тууралуу орчун жоромолдорун айтып келет). Анын жоромолуна караганда, жасалма интеллектти өөрчүтүү аркылуу адамзат өлбөстүктүн деңгээлине жете алат жана адамзат үчүн соолгус заттык молчулук камсыз кылынат. Анын илимий жоромолуна караганда, технологиялык сингулярдык (бирдиктүү тектик) доору жакындоодо, бул илимий-техникалык жетишкендик доору кишинин интеллектинен алда-канча жогору турган кубаттуу жасалма интеллектти иштеп чыгуу жана кишини акырындап киборгго айландыруу жүрүмү менен мүнөздөлөт.


Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рэймонд (Рэй) Курцвейл 1948-жылдын, 12-февралында АКШнын Нью-Йорк шаарынын Куинс (Queens) атуу бөлүгүндө төрөлгөн. Анын ата-энеси – динди анча терең тутпаган (б.а. секулярдык жашоо таризин туткан) жөөттөрдөн болгон. Алар экинчи дүйнөлүк согуштун алдыңкы учурунда Европадагы Австрия мамлекетинен качып чыгып, АКШга келип байырлашкан.

Анын атасы – музыкант жана композитор болгон, энеси – визуалдык ыкманы колдонгон көркөм өнөрчү, сүрөтчү болгон. Таякеси болсо «Белл лабораториялары» (Bell Labs) компаниясында иштеп жүрүп, жээни Рэйди компүтер илимине тарткан.

Диний тааным жаатында Рэй ээн-эркин өскөн, анткени аны ата-энеси «Унитардык универсализм» деп аталган динге тартышкан. Оболу христиандык реформачыл бутак болгон бул дин кийинчерээк христиандардан толук бөлүнүп, плюралисттик турумду тутуп калган. Бул диндин азыркы тарапкерлери өзүн атеист деп, же болбосо көп кудайга, кош кудайга, бир кудайга ишенген киши деп санашы да кабыл алынат. Дал ушул диний көз карашта бала чагын өткөргөн Рэй ар кыл диний агымдарга сабырдуу мамиле кылган.

Бала чагынан эле Рэй илимий фантастикага кызыккан. 15 жашында (1963-жылы) ал статистикалык маалыматты (билгини) иштеп чыгууга багытталган компүтердик программа ойлоп тапкан. Жогорку класстарда окуп жүргөн чагында ал ар кандай үндүк калыпты тааный ала турган компүтердик программа ойлоп табат, бул программа классик композиторлордун чыгармаларына анализ кылууга мүмкүндүк берген. Ушул эле программа классикалык үлгүлөргө салып жаңы ыр жаратууга кызмат кылган.

1965-жылы Рэй Курцвейл Си-Би-Эс (CBS) сыналгы каналынын “Менин бир жашыруун сырым бар” деп аталган бир берүүсүнө чакырылат. Анда ал өзү ойлоп тапкан компүтердин (эсептегичтин) жардамы менен пианино күүсүн аткарат.

Ошол эле 1965-жылы Курцвейл Ойлоп табуучулардын Эл аралык илим жармаңкесинде биринчи даражадагы сыйлыкка ээ болгон.

Анын эмгеги “Уэстингхауз Талант Издөө” (Westinghouse Talent Search) сынагы тарабынан да жогору бааланат. Рэй Ак Үйгө сынак жеңүүчүлөрүнүн салтанатына чакырылып, аны АКШ президенти Линдон Б.Жонсон (Lyndon B. Johnson) өзү илимий ийгилиги менен куттуктаган.


Жаш кезиндеги ойлоп табуулары жана ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1968-жылы, Массачусетс технологиялык институтунда экинчи курста окуп жаткан чагында, Рэй атайын компүтердик программа иштеп чыгат. Бул программа орто мектептин жогорку класстарында окуган окуучуларды ар кыл коллеждерге багыттоо ишин аткарат. Рэй, ал кездеги 20 жаштагы студент, өзү иштеп чыккан “Коллеж тандоодо кеңеш берүү программасы” (Select College Consulting Program) деп аталган бул программаны “Харкорт, Брэйс энд Уорлд” (Harcourt, Brace & World) компаниясына 100 миң долларга (2006-жылкы эсеп менен 500 миң АКШ долларына) жана автордук укук үлүшүнө сатат.

1970-жылы Массачусетс технологиялык институтун аяктап, “Маалымат таануу илими жана адабияты” тармагында “Илим жаатындагы бакалавр” (Bachelor of Science) даражасын алат.

Жетилген курактагы ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рэймонд Курцвейл 1974-жылы “Курцвейл Компүтер Продактс, Инк.” (Kurzweil Computer Products, Inc.) деп аталган жеке компаниясын негиздейт. Бул компания ар кандай арип түрү менен жазылган текстти тааный ала турган эсептегичтин (компүтердин) программасын түзүү менен алектенет.

Рэй Курцвейлдин компаниясы иштеп чыккан жаңы программа – символдорду (тамгаларды, сандарды жана башка тийешелүү белгилерди) кайсы арипте жазылганына карабастан оптикалык усул менен тааный ала турган алгачкы компүтердик программалык система болуп калды. Буга чейин эски сканерлер анча-мынча арипти гана тааный алчу.

Дагы бир айырмалуу жагы – Курцвейлдин компаниясынын программасы сканер аркылуу таанылган символдорду үн чыгарып окуп чагылдыруучу “окуу машинесин” негиздөөгө жол ачкан. Анын көмөгү менен азиз (сокур) кишилер кадыресе текстти сканерден өткөртүп, машина аркылуу анын текстинин мазмунун үн чыгарып окутуп угууга жетишти.

Бул жогорку тепкичке жетүү үчүн эки жаңы ачылышты жүзөгө ашырууга туура келди: оболу бети тайпак сканердин технологиясы иштелип чыкты, андан соң текстти үнгө (доошко) айлантууга мүмкүндүк кылган технологиялык каражат өндүрүлдү.

Бул технологиялык табылгаларды өндүрүү үчүн башка да компаниялардын кызматы талап кылынды. Маселен, Bell Labs компаниясынын үлүшү чоң болду.

1976-жылы 13-январда Рэй Курцвейл маалымат жыйынын өткөрүп, “Курцвейл окуу машинеси” (Kurzweil Reading Machine) деп аталган жаңы керемет аспап тууралуу жар салды. Маалымат жыйынына АКШдагы Азиздердин Улуттук Федерациясынын жетекчилери да катышты.

Бул аспап Курцвейлдин атын бүт дүйнөгө таанытты.

“Си-Би-Эс” сыналгы каналынын кечки жаңылыктарын окуган америкалык даңазалуу сыналгы журналисти Уолтер Леланд Кронкайт (Walter Leland Cronkite, Jr., 1916 – 2009) мырза ошол күнкү жаңылыкты окуп жаткан маалда “Курцвейл окуу машинесин” колдонуп, ал жазган текстти машине үн чыгарып окуп берди: “Иштин жайы дал ушундай. 1976-жылдын Бирдин айынын 13ү” ("And that's the way it is, January 13, 1976").

Курцвейл 1980-жылдары электрондук музыка технологиясы жаатында иликтөөлөрүн тереңдетти.

1982-жылы ал америкалык айтылуу ырчы, аткаруучу, акын, көп аспапта ойногон өнөрпоз жана коомдук ишмер Стив Моррис (Stevland Hardaway Morris, 1950-жылы туулган) менен жолукту. “Стиви Уандер” (Stevie Wonder) өнөрпоз ысымы менен кеңири таанымал бул инсан туулгандан кийин көп узабай сокур болуп калган.

Стиви Уандер мырза бул жолугушуу маалында Рэй Курцвейлге арызданып, заманбап электрондук синтезаторлор менен салттык улуттук музыкалык аспаптардын мүмкүнчүлүктөрү менен доош чыгаруу касиеттеринде олуттуу айырма бар экенин белгиледи.

Курцвейл ошондон кийин жаңы максатты жүзөгө ашырууга бел байлады. Ал саллтык музыкалык аспаптардын доошун кылдат кайталай ала турган электрондук музыкалык синтезаторлордун жаңы муунун өндүрүү менен алпурушмак болду.

Ошол эле 1982-жылы ал “Курцвейл музыкалык системалары” (Kurzweil Music Systems) компаниясын негиздеп, ал эми 1984-жылы “Курцвейл К250” (Kurzweil K250) аспабын өндүрүп чыгарды. Аны сынагандар бул аспап чыгарган пианино доошу менен чыныгы пианино доошун ажырата албай коюшту.

Бул аспап доошту жазуу жана чабыштыруу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, ар кыл музыкалык аспаптардын доошун туурай алган касиетке да ээ. Анын аркасында бир гана өнөрпоз киши бүтүндөй бир оркестрдин ишин аткарып, музыкалык чыгарма жазуу жана аткаруу өзгөчөлүгүнө ээ болду.

“Курцвейл музыкалык системалары” компаниясы 1990-жылы музыкалык аспаптарды өндүрүүчү кореялык “Йоңг Чэңг” (Young Chang) деген компанияга сатылды.

Курцвейл өзү “Ксерокс” (Xerox) компаниясында бир нече жыл бою кеңешчи болуп иштеди.

2006-жылы кореялык “Хандэй” (Hyundai) компаниясы “Йоңг Чэңг” компаниясын сатып алды да, Рэй Курцвейл 2007-жылдын январында бул компаниядагы “Курцвейл музыкалык системалары” ишканасынын стратегиялык багытты иштеп чыгуу жаатындагы башкы жетекчиси (Chief Strategy Officer) кызматына дайындалды.

Заманбап ойлоп табуучу, ойчул жана ишкер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рэймонд Курцвейл 2006-жылы Стэнфорддо “Сингулярдык (Бирдиктүү тектик) саммитине катышып жаткан учурунда. АКШ.

Рэймонд Курцвейл 1990-жылы футурология жаатындагы өзүнүн «Ой жүгүртө алчу машинелер доору» атуу туңгуч китебин жарыялады.

1998-жылы “Руханий машинелер доору” китеби жарык көрдү.

2005-жылы “Сингулярдык (Бирдиктүү тектик) доору жакындоодо” («Singularity is Near») китеби окурмандарга сунушталды.

Андан тышкары Курцвейлдин “Бирдиктүү тектик доору жакын калды: болочок тууралуу чыныгы тарых” деп аталган даректүү тасмасы чыкты. Анда технологиялык бирдиктүү тектик доор адамзатты жакынкы болочокто күтүп жатканы тууралуу илимий жоромол камтылган.

2009-жылы Курцвейл менен медицина илимдеринин доктору Терри Гроссман биргелешип жазган «Сереге көтөрүлүү: (Түбөлүк жашоого карай тогуз кадам)» китеби жарык көрүп, бат эле бестселлерге айланды.

2009-жылы «Гугл» (Google) компаниясы менен америкалык космос иликтөө агенттиги НАСА (NASA) биргелешип «Сингулярдык университети» («Бирдиктүү тектик университети») аттуу жогорку окуу жайын негиздеп жаткандыгы жана бул университетти Рэй Курцвейл жетектей тургандыгы тууралуу жарыя кылынды.

Бул университет жалпы адамзат кабылып жаткан жана болочокто кабылышы ыктымал болгон дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүү жаатында ар кыл адистерди даярдоо максатын көздөйт.

Негизги алдын-ала айткан жоромолдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2010-жылдары атайын виртуалдык аспаптар кишинин көзүнүн ичинде эле ар кыл сүрөттүү көрүнүштөрдү чагылдыра алат. Натыйжада үч башка өлчөмдө (3D) көрүүгө мүмкүндүк жараткан көз айнектикиндей натыйжа алынат.

Кийимге төөнөлгөн уйукфондор (мобилдик телефондор) аркылуу кулакка үн жеткирилет (Bluetooth).

Виртуалдык жардамчылар кишилерге күндөлүк турмушта ар кыл көмөгүн берип турат. Маселен, алар чет тилдеги текстти көз ачып жумгуча которуп беришет.

Интернетке байланган чакан компүтерлер турмушка тыгыз аралашууга көмөк кылышат.

  • Курцвейлдин пикиринче, 2014-жылы эң кубаттуу компүтерлер кишинин мээсинин кубатына тете эсептөөчү иш аткарууга жарап калышат.

Компүтерлер өз алдынча аспап катары колдонулуп чектелбестен, буга чейин болуп көрбөгөндөй түрлөрдө колдонула баштайт. Аларды кийим-кечекке жана демейдеги колдонулчу шаймандарга жана башка заттарга туташтырып же төөнөп койсо болот.

Виртуалдуу чындык эми көрүү жана угуу сезимдери менен чектелбестен, башка сезүү органдарына да тийешелүү боло баштайт.

  • 2020-жылга карата нанотехнологиялык аспаптар саламаттык сактоо тармагында кеңири колдонула баштайт. Маселен, нанороботтор кишинин клеткасына азык жеткирет жана анын таштандысын сыртка ташып кетет.

Нанороботтор кишинин мээсин так сканерден өткөрүп, анын иш-аракетинин чоо-жайын тактоого жетишет.

2020-жылдардын этегинде өнөр жайда нанотехнология табылгалары кеңири колдонула баштайт. Анын аркасында көптөгөн өнүмдөр арзан наркта чыгарыла баштайт.

2029-жылга карата компүтер айтылуу «Түринг тестинен» ийгиликтүү өтөт да, кубаттуу компүтердин акыл-эси дээрлик кишиникиндей деңгээлде болуп калат. Бул үчүн компүтер кишинин мээсинин иш-аракетин туурай ала турган деңгээлге жеткирилет.

  • 2030-жылдары наномашинелерди кишинин мээсинин өзүнө салууга мүмкүндүк жаралат. Алардын көмөгү менен мээ клеткасына тийешелүү сигналды жасалма жол менен жиберүү жана андан тийешелүү сигналды алуу иши жүзөгө ашырылат.

Мунун натыйжасында виртуалдуу турмуш чындыгы калыптанат. Анын камсыз кылынышы эч кандай кошумча жабдууну жасоону талап кылбайт.

  • 2040-жылдардын ичинде кишинин денеси ар кандай шекилди ала баштайт. Кишинин денесине нанороботтор арбын жайгаштырылат.

Кишинин денесинин ички мүчөлөрү алардан алда канча натыйжалуу иштей ала турган кибернетикалык аспаптар жана жабдуулар менен алмаштырылат.

  • 2045-жылы технологиялык бирдиктүү тек (сингулярдык) доору башат алат, деп санайт Рэй Курцвейл мырза.

Дал ушул жаңы технологиялык доордо жалпы Жер планетасы бирдиктүү эбегейсиз залкар компүтерге айланат.

Бул технологиялык жүрүм акырындап Ааламдын башка бөлүктөрүнө да көчүрүлө баштайт.

Сингулярдык доордун 2045-жылдан кийинки өнүгүү баскычы тууралуу конкреттүү илимий жоромол жасоого азырынча эртелик кылат.

Динге жана кудайга мамилеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курцвейл балалык чагын бир гана динге байланбастан, ар кыл диний агымдарга сабырдуу мамиле кылган чөйрөдө өткөргөндүктөн, ал кийинчерээк да түркүн агымдарга ачык бойдон калган.

2000-жылы январда, “Руханий машинелер доору” китебинин жарыяланышына байланыштуу, Курцвейл мырза Сан-Диего шаарында Биринчи унитардык универсалисттер чиркөөсүндөгү (First Unitarian Universalist Church of San Diego) сыйынууга катышкан.

2007-жылы ал АКШнын Коннектикут штатындагы Хартфорд шаарында Ыйсанын Бирдиктүү Чиркөөсү (United Church of Christ) деген христиандык агымдын чиркөөсүндө чыгып сүйлөгөн. Бул жыйынга ошол кезде президентикке талапкер Барак Обама (Barack Obama) да катышкан.

Өзүнүн -“Сингулярдык (Бирдиктүү тектик) доору жакындоодо” китебинде Курцвейл адамзат үчүн жаңы дин калыптанышы зарыл деген ойду айткан.

Анын оюнча, бул болочокку дин жашоонун аң-сезимге негизделген ар кыл түрлөрүнүн өз ара сый-урмат кылуу принцибине жана илимди кадырлоо принцибине таянууга тийиш. Бул болочокку дин эч кандай көсөмдү талап кылбайт жана бул динге табынгандар сыйынууну өздөрүнүн жеке пенделик иши катары гана карайт.

2009-жылы чыккан “Трансцендент киши” (Transcendent Man) даректүү тасмасынын этегинде Рэймонд Курцвейл мырза мындай дейт: “Деги кудай деген барбы? Кандай десем, мен “азырынча, жок” деп айтаар элем” ("Does god exist? Well, I would say not yet").

Курцвейлдин сынчылары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рэй Курцвейлдин жактоочуларынан тышкары, сынчылары да арбын. “Машине кантип эле киши сыяктуу ой жүгүртө алсын” деп аны сындагандар көп.

“Лотус Дивелопмент Корпорейшн (Lotus Development Corporation) компаниясынын негиздөөчүсү Митч Капор (Mitch Kapor) болсо “технологиялык сингулярдык” түшүнүгүн “140 кишинин интеллектуалдык коэффициент көрсөткүчүн аныктоо үчүн даярдалган интеллекттик усул” деп атады.

“Виртуалдык турмуштук чындык” (VR) терминин арбын колдонгон компүтер адистеринин бири, нью-йорктук Жарон Ланиер (Jaron Zepel Lanier) мырза болсо Курцвейлдин идеяларын “кибернетикалык тоталдаштыруу” азгырыгына алдырган ойлор катары сыпаттады.

Пулитцер сыйлыгынын ээси, “Гөдел, Эшер, Бах” китебинин автору Дуглас Роберт Хофштадтер (Douglas Hofstadter) мырза болсо Курцвейлдин китебин”эчтекеге арзыбаган жана дурус идеялардын жыйындысы, бул эки топту бири-биринен ажыратуу да кыйын”, - деп сынга алды.


“Технологиялык бирдиктүү тек” идеясы илимий фантастика жанрында кыйла популярдуу болуп жатканы менен, Нил Стивенсон жана Брюс Стерлинг сыяктуу айрым авторлор мындай идеялардын турмушта орун алышынын ыктымалдыгына өздөрүнүн шегин билдиришти.

Ал эми “Сан Майкросистемз” (Sun Microsystems) компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Жой (Bill Joy) мырза болсо болочокку илимий-техникалык прогресс тууралуу Курцвейлдин мезгилдик жадыбал тизимине өзүнүн макулдугун билдирди, бирок жасалма интеллект (акыл-эс), нанотехнология жана мыкты өнүккөн биотехнология түбү барып антиутопиялык (англисче dystopia) коомду, тактап айтканда, авторитардык режим орногон коомду жаратат ко деген өз санааркоосун да кошумчалады.

Негизги чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1990-жылы - «Ой жүгүртө алчу машинелер доору» китеби.
  • 1998-жылы - “Руханий машинелер доору” китеби.
  • 2005-жылы -“Сингулярдык (Бирдиктүү тектик) доору жакындоодо” китеби
  • 2009-жылы - Рэй Курцвейл менен медицина илимдеринин доктору Терри Гроссман (Terry Grossman) биргелешип жазган «Сереге көтөрүлүү: (Түбөлүк бакыбат жашоого карай тогуз кадам)» (англисчеси: Transcend: Nine Steps to Living Well Forever) китеби
  • Жазылып жаткан китеби: “Акыл-эс кантип иштейт жана кантип аны түзсө болот?” (англисчеси: How The Mind Works and How To Build One)

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ray Kurzweil, The age of spiritual machines: When computers exceed human intelligence. New York : Viking, 1999. ISBN 0670882178 9780670882175.
  • Ray Kurzweil, The singularity is near: When humans transcend biology. New York: Viking, 2005. ISBN 0670033847 9780670033843.
  • Ray Kurzweil; Terry Grossman, Transcend: Nine steps to living well forever. Emmaus, Pa.: Rodale, 2009. ISBN 9781605299563 1605299561.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]