Семетейдин Чынкожо, Толтойду Жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Семетейдин Чынкожо, Толтойду Жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшү Эл өөдөгө тартарда, ат кара тил мезгилде, Чынкожо жедигерди чогултуп жыйын кылып, Толтойду көкүттү: — Энеси менен Букарга тентип барган жетим Семетей Таласка кайра көчкөндө сенин колуктуң Шаатемир кызы Чачыкейди Темиркан кошомат кылып тартуулаган. Катынын тарттырып Толтой сени кудай уруптур. Менин кара атымдын канаты бар аны минип чыкканымда он сегиз миң ааламды талкандай чаламын. Менин тилимди алсаң, душманыңдан өчүңү алып берем. Кечээ Каркыранын Кара-Сазында Көкөтөйдүн ашында кытай-калмак кыргыздарды талап киргенде Манас каарланып качырып аларды сүрүп чыкканда, капыр менен мусулман карчылдашып кетпесин деп Кошой, Акункан арачыга түшүп ажыратат. Акункан Манастын ачуусун таратыш үчүн, кыяматтык дос элек, тилимди ал. Белгилүүнүн белинен, пери ойногон жеринен, ургаачыдан уз таптым, тийген айдай сулуусу, жаш төрөлгөн кыз таптым, ошону келин кылып алсын деп сага арнагам — дейт. Манас ага макул болуп кудалашып мал айдап, кулдук уруп май чайнашат. Семетей сенин зайыбың Чачыкейди алды эле. Сен анын зайыбы Айчүрөктү алсаң намысың кайра колго тийгени. Ошондуктан жедигердин элинен көп кол камдап барып Ооганды камап Акункан эпке көнсө кызын алалы, эпке көнбөсө шаарын талкалап, элине балаа салалы деди. Чынкожонун тилин алган Толтой жедигерди жыйып кол топтоду. Жедигердин билермандарынын бири кара сакал Төлөк каптап барсак орой иш, катылышсак жаман иш, катын үчүн урушуп, калың кол бөөдө кырылып, калайман түшкөн жакшы эмес. А көрөкчө Акун канга жуучу жиберип, Айчүрөктү жакшылык менен алалы, — деди. Ушул кеңеш боюнча кара сакал Төлөк жуучулукка кетти. Анын артынан барган жедигердин колу Акундун капкасын камап жатышты. Акункан дын ордосу бийиктиги токсон кулач, калыңдыгы тогуз төө катар жүргөндөй бекем чеп менен курчалыптыр. Кызын алабыз деп нечен дөөлөр доо кылса да ошол чебине бекинип, Акун аман калчу. Жуучуга барган Төлөктү дарбазаны кайтарган балбандар Акун кандын алдына айдап барышты. Акундун сүрүнөн корккон Төлөк сүйлөй албай, кисесиндеги катты алып сунду. Чынкожо менен Толтойдун сөз менен жазган катына терең акыл ойлоп олтуруп, Чынкожонун Кара атын, Толтойдун Сур коёнун баш кылып калың алып сексен күндөн кийин Чүрөктү алсын деп жооп берди. Айчүрөк атам картаң, өзүм кыз, жедигер каптап кирсе эмне болот. Ай-ааламдын баарысын учуп жүрүп кыдырып, бел байлаган белди таап, көңүлүм сүйгөн шерди таап, камап жаткан Чынкожо, Толтойдон кегимди алайын, — деп ойлонуп, ак куу кебин кийип учуп чыкты. Оогандан чыккан ал Кашкарга туш келди. Аны бийлеп турган Каңшыбек түпөк сакал түксүйгөн түгөнгүрдүн бири экен, кербендерди башкарып жолдо жүргөн эме экен, качырын кекейтип чом минген эме экен, ачык көйнөк, жайдак төш ал белгилүү эмес, беренден ага ишенип тие турган эр эмес экен. Андан көөнү сууп, Эркеч-Тамды ашып Анжыянга келип, Сынжыбекти сынады. Көк кепичин тепейтип, аргымагын кекейтип, козу кара кочкордой, корчоңдогон кул экен, эркек кара каргадай токчоңдогон кул экен, беттеше келсе Толтой аны чай кайнамга коёр эмес. Маргалан, Кокон, Ташкен бектерин да сындан өткөрдү, алардын Сынжыбектен өйдөлүгү жок экен. Кетмен-Төбөнү жердеген Айкожонун Билеригин да сынап көрдү. Кылтылдап жорголоп баскан, башынан селдеси түшпөгөн зайпана киши экен, Толтойго беттеше алар эмес. Кең Какшаалдын оюнда, Жаман-Суунун боюнда Сапарбайды жердеген, Кулансарык кыштаган Эр Төштүктү сынап өтүүгө кайрылды. Узун бойлуу, кең далы, ары балбан, ары шер Төштүккө жаш кезекте кезиксе тийип алчу эр экен. Азыр жигиттик курагы өтүп, алтымыштан ашып жетимишке жетип, ысыгы кетип койнунун, кубаты кетип ойнунун, карып калыптыр. Айчүрөк ага көңүлү доо тутпай, Чеч-Төбөгө келди. Байланып калган баатырдын багын ачкан, байланып калган базардын шаарын ачкан, батасы журтту байыткан, байкаса жанды жарыткан чын олуя карыя Кошойду сынады, Жашы жүзгө таяган абаң от башына бөгүптүр, өөдө болбой чөгүптүр. Картайган Кошой кан абам, чоң атам менен тең экен, буга таңылганым болбос деп андан ары жөнөп Эки-Кеминге келсе Үрбү өлүптүр. Андан жолу болбой Сары-Аркага барганда алтымыш балбан жанында Көкчөнүн уулу Үмөтөй салбырынга чыгыптыр. Дүмбүл кыял көөдөнсүз торпок чалыш, бет алган жоого келгенде коркок чалыш Үмөтөйдүн эрдиги Толтойдон өөдө эместиги көрүндү. Андан көңүлү сууп, Ысык-Көлдү кыдырып, Кызыл-Кыяга барды. Кызыл-Кыя жердеген Кырымдын уулу Мурадыл өзү жайчы, эл четинде кароолчу баатыр экен. Алты солон, төрт манжу менен ууга чыгып алты доңуз, төрт каман атып алып дардалактап келе жатыптыр ал дагы көөнүнө толбоду. Кечилдин каны Коңурбайдын дайнын аксакалдуу карылардан угуп жүргөн экен, ошону сынаганы Айчүрөк Күрпүлдөктүн сазына жетип барды. Бажыга жайган сан кара Коңурбайдын жылкысы кумурскадай быжылдап жаткан экен. Жылкысына келген Коңурбай кечүүдөн чыкты барбайып, Алгара атын жулкунтуп, алтындан чылбыр булкунтуп, келишимдүү жан экен. Чоң өтүгүн чойкойтуп, короздой мойнун койкойтуп, көз айнеги балкылдап, көөкөрдөй болгон шуру таш төбөсүндө жаркылдап, көк ала сакал чоң манжу Опол-Тоодой көрүнүп, буурул чалган муруту майлаган балта сабындай, мурунунун чоңдугу селебинин кабындай, эки көздүн кычыгы ачылып калган көргө окшош, ай маңдайын караса бай жайлаган төргө окшош баатырдыгы бир башка, балбандыгы бир канча Коңурбай алтын найлуу канжасына төрт кочуштап тамеки салып оттук менен күйгүзүп, коркурата соруп, ууртундагы түтүндү оозун ачып коё бергенде кол ыштыктай буркурап, жөө туман түшүп жанындагы алтымыш кытай, кырк калдай бири-бирин көрө албай адашышты. Коңурбай аттан түшүп заара кылды. Ал жылкысына жөнөгөндө анын өтүгүнөн түшкөн изди Айчүрөк ченеп көрсө он эки сөөм сере болду. Анын алптыгына таң калган Айчүрөк токсон беште эмес, жыйырма беш менен отуз бештин ортосунда болсо кытайлыгына карабай тийип алчу эр экен, — деп көп жактырып, боз торгой болуп жакын учуп келгенде ары сынчы, ары эр, айлакер Коңурбай анын кайыптын кызы экенин билди да, атып түшүрүп колукту кылып алайын деп очогор менен атып кууп жөнөдү. Капталында канаты бар Коңурбайдын кара атынын куугунду куткарбаган адаты бар эле. Ал күчөп жүгүрүп, Айчүрөктүн деңгээлине келип калды. Коңурбай атып аларына көзү жетип айласы кеткен Айчүрөк жайчылыгына салып, жөө туман түшүрүп, жердин үстүн көргөзбөй Коңурбайды адаштырып араң кутулду. Коңурбайдан кутулган Элкин-Тоо-Атага келип эс алды. Дүйнө жүзүнүн алптарын кыдырып көрүп, өзүнө тең таппаган Айчүрөк өз тагдырына кейип, кайрадан учуп чыкты. Суусамырды басып, Көтөрмөнү ашып, Талас ылдый учуп Кең-Колдогу Манастын күмбөзүнө келип, ага бата окуп, быяк жагын караса, келеңкер чачпак, кең соору келини сулуу кыргыздын, кызыл көйнөк кымча бел кыздары сулуу кыргыздын, кара чепкен ак калпак калкы сулуу кыргыздын, кара байыр казанат, калбыр өпкө жез билек тулпар минген, көк сүлөсүн кара бөрк кийген азаматынын баарысы тегиз кара көк. Алардын алты — жетөөсү барса эле Чынкожолук алы бар. Айчүрөк жылгындуу Кең-Кол, Таластын жерин көрүп кубанып, жыргап жаткан кыргыздын элин көрүп кубанып, кайнатамдын элиби, жылкысын көрүп өтөйүн — деп учуп жөнөдү. Сан түркүн жылкынын ичинен Манастын кызыл буурул, кара буурул жылкыларын көрө албай кайгырып, бешим ченде Бар-Көлдүн маңдайын кароолдоп конду. Төрт-Күлдүн төмөн жагынан, төрө Манастын сайган багынан, Каныкейдин ордодон Чачыкейдин коргондон ит агытып, куш салып, ат арытып, жер чалып кайткан Семетейди көрдү. Колдогону Кожосан, кол бергени кырк чилтен Семетейдин кара чаар кабылан капталында чамынып, чолок көк жал арыстан жандай салып чамынып колдоп алыптыр. Ажыдаар ак жылан оозун ачып ышкырып, илеп тартып жутчудай артынан сойлоп калыптыр. Алп кара куш зымырык азыр илип алчудай бутун салып арбайып үстүнөн жүрүп калыптыр. Мингени Тайбуурул, колуна кондурганы Акшумкар, ээрчиткени Кумайык, Манастын уулу Семетей Опол-Тоодой көрүнүп, көрүнөө келсе Коңурбай сан колу менен жуткандай, Шыгайдын уулу Чынкожо чындашып келсе сойгудай, Багыштын уулу Толтойду кыргын кылып койчудай. Семетейди көңүлүнө толтурган Айчүрөк: "Өзүм келип тийгенде жагынган атка коном го, жаман атты болом го", — деп артынан аңдып аны тосуп чыккан аялы Чачыкейди көрдү. "Эбин таап аны менен сүйлөшүп көрөйүн", — деп күттү. Элдин алды жатарда жыйырма кыз оң жагынан, жыйырма кыз сол жагынан жөлөгөн Чачыкей сыртка чыкканда астынан тосуп, өзүнүн жайын түшүндүрүп: "Семетейге кошсоңуз отуң менен кирип, кызматыңды кылайын, алты күнү саа жатсын, артпаган күнү маа жатсын", — деп сабылды. Айчүрөктүн төмөнчүлүк менен суранган өтүнүчүнө Чачыкей арылдап беттен алып кордоду. Ызаланган Айчүрөк: — Менин бул убакка чейин эрге тийбей жүргөнүм, кудалашып койгон Манастын арбагын сыйлап жүргөнүм. Семетейдин Акшумкарын ала качып кетип, сени салынды катын кылам, — деп жерден топурак алып, дубалап Чачыкейге чачты. Ал талма оорулуу болду. Молдолор дарс окуп аны жетинчи күнү тилге келтирди. Жинди болгон Чачыкейди Семетей көргүсү келбей, ат арытып, жер чалып, ит агытып, куш салып кетмек болду. Кушун колуна кондуруп, эки чоросуна ногойдон чыккан он төрт атты айдатып жолго чыкты. Чачыкей чылбырына оролуп жети күнү үйдө жат деп жибербей турду. Ачуусу келген Семетей аны булдурсун менен капталга тартып жиберип жөнөп кетти. Чачыкей Канчоро менен Күлчорого жалынып: "Семетейдин кушун кууга салдырбагыла, жолдо жаткан ак була болсо алдырбагыла. Семетей менен Акшумкарды аман үйгө алып келсеңер кызыл көйнөк найча бел колукту алып беремин" — деди. Семетейлер Жаңырыктын Жар-Кыяга келгенде жолдо бир таңгак ак була жатат. Семетей чоролорун чакырып: "Ак буланы алгыла Аколпок Абыке, Көбөштүн колунда калганда булайт кийилип жыртылыптыр. Акбуланы энем Каныкейге алып барып берип, Аколпокту оңдотуп алалы", — деди. Күлчоро акбуланы үңкүрдүн түбүнө салып оозун таш менен бекитип салды. Семетей Ала-Көлгө келип, колундагы Акшумкарды андан салып илдирип, мындан салып илдирип, канжыганын баарысын каз өрдөккө билдирип кубанычка батты. Ала-Көлдүн четинен балыр оттоп, чөп тартып, кукулуктап унчукса, жез комуз үнү угулган, мойну кулач, боору түз алачыктай ак куу көрүндү. Аны алдырууга шумкарын салган жатса, Күлчоро, дайым эле шумкарды сиз салып жүрөсүз, бир жолу бизге бериңизчи деди.

Кең пейил Семетей жок дебей бере салды. Шумкарды алган Күлчоро куу учуп кетсин деп көрүнөөгө чыгып, куш салуунун ыгын билбемиш болуп буйдалып турду. Аңгыча Семетей артынан жете келип шаштырганда: — Бул кууга кушту салбайлы беш баласы бар экен убалына калбайлы, — деди. Семетей анын тилин албай кушун кууга салды. Шукшурулуп сайылган Акшумкар ак кууну моюнга тээп алышып калды. Семетей аларды көздөй чу коюп, жетип барып жерге секирип түшүп колун сермеп кууну кармамак болду эле, ал тереңге жылып кетти да шумкардын чолок боосун кымырып колтугуна катып, Аккуу болуп кубулган Айчүрөк жайчылыгы менен жөө туман түшүрүп, көздөн кайым болду. Шумкарын ала качтырган Семетей катуу кайгыга батып, эки чорону Каныкей, Бакай, Сарыкан жана Чачыкейге жиберди. Бери чыгарда Чачыкей чылбырыма чырмалып жибербей турду эле, мүмкүн шумкардын жоголгон себебин билер. Эгер ушул сапар сырын ачса астына күнү албаска ант берейин деди. Өзү ак каңкыны жазданып, Аколпокту жамынып күйүт тартып жатып калды. Чачыкей мунарага чыгып, дүрбү салып, келе жаткан чоролорду көрүп, Семетей жоктугун байкады да, булкунган боюнча коргонуна кирип кетти. Сырттан кезиге алышпай калган чоролор каардуу Чачыкейдин үстүнө батынып кире алышпай турду. Канчоро мага караганда кепке уста элең сен кирип чыкчы, — деп Күлчорого кайрылды. Ал макул болуп Чачыкейдин үстүнө кирип, Семетей шумкардын жайын айтсын, — деп жибергенин айтты. "Талаадагы эркектин кушу менен иши бар, үйдө жүргөн катындын ашы менен иши бар, качырып ийген шумкарыңар менен ишим канча? Көрүнбөй жогол көзүмө", — деп ак тинтени ала жүгүрдү. Күлчоро кача бергенде тинте менен уруп калды, ал каалгага тийгенде, каалганын бырынчырыны чыкты. Эки чоро кеңешип, Үч-Кошойдогу Бакайга барышты да болгон окуяны айтышты. Бакай өзүнүн байбичеси Көрпөжанды, Сарыкандын байбичеси Тынымкан менен, Жамгырчыны байбичеси Жайнаке менен ээрчитип Каныкейге барды. Алар кеңешип туруп Көрпөжан, Тынымкан, Жайнаке — үч байбичени Чачыкейге жиберишти. Көрпөжан: — Шумкардын жоголгон себебнн билет экенсиң, чын сырыңды айт. Айтпай койсоң Семетейдин ачуусу кыйын эле, саамай чачың кербесин, талак катын бербесин, кементайды кийгизип, кер байталды мингизип атаңды көздөй айдабасын, тилди ал, — деди Чачыкейге . Эселек Чачыкей оозуна келгенин оттоп, Бакай, Сарыкан, Жамгырчыны тилдеп, үч байбичени ордосунан кууп чыкты. Жаш келин эмес, эч бир адамдан катуу кеп укпаган Бакай катуу капа болду. Каныкей үч канга үч жорго тартуу кылып кечирим сурады. Күлчоро менен Канчорону чакырып: — Агасы жокто анын катынын иниси жинин тыюучу. Кандарды тилдеген каапырдын кашайтып көзүн оюп чык! Аны менен мен тең тууганмын, жообун өзүм берем, деди Күлчоро кара жаак булдурсунду бүктөй кармап, Чачыкейдин ордого барды. Анын жөкөр кырк келини дарбазанын каалгасын бекитип, киргизбөөгө аракет кылды. Каалганы сындыра тээп, кирип барган Күлчоро Чачыкейди чачынан толгой кармап булдурсун менен карсылдакка алды. Чачыкей аргасы жоктон Акшумкарды Айчүрөк алып кеткенин айтып берди. Күлчоро кубанган бойдон бул жөнүндө Бакайларга айтып келди. Бакай Семетей аргын менен ногойдон көп кол менен мени, Сарыканды, Жамгырчыны алып барсын Ооганга. Анткени чыр салышкан доосу көп, чарпыша кеткен жоосу көп, — деди. Күлчоро Канчорого: Калыңга берчү немедей карыган кишилерди ээрчитип не кылалы. Катынын сабап таштадык үйгө кайра келсек мүшкүл иш болот, а көрөкчө абамды ошондон нары ээрчитип Ооганга жөнөп кетели, — деп, Каныкейдин ордодон ок-дары салынган куржунду алып, Акборчукка жүктөп Семетейге жөнөдү. Күлчоро менен Канчоро Айчүрөктүн Акшумкарды ала качканын сүйүнчүлөп барышты. Шумкардын жайын укканда Семетей атасы Манас тирилип келгендей сүйүнүп, ак боз бээ алдырып, ай туякка чалдырды. Алтын боолуу чатырды аземдетип бүктөтүп Акборчукка жүктөтүп, союшка кызыр эмди тай алып, Манастан калган кызыл туу асмандата көтөртүп, Акшумкардын дартынан, Айчүрөктүн артынан Ооганга жөнөп калды. Нечен күн, нечен татаал жол басып, Кара-Кыяга жетип, өргүү кылды. Эртеси таңда турган Семетей Агынектин белине чыгып барып Оогандын шаарын көрмөккө атасы Манастан калган чоң дүрбүнү салды. Жеткилең тиктеп караса жети күндүк алыстык жети аркан бою көрүнгөн дүрбүдөн Акундун шаарын көрдү, калайыгы кай түрдүү баарын көрдү. Андан бери Ополдун тоосуна, Ак-Кыянын оюна, чоң Үргөнчтүн боюна дүрбү салды эле отуз келин, отуз кыздын ортосунда оюн салып жаткан Айчүрөк көрүндү. Келиндерден келишимдүү узду алып, жаштардан артыкча сулуу кызды алып, алтын жээк чатырдын алтымышын бүктөтүп, ак буурага жүктөтүп, Айчүрөк Семетей келип калар деп тосо чыккан кези экен. Семетей Күлчоро менен Канчорону чакырды. Эки үзөңгү кагышып, эки чоро жарышып, абасына ашып-шашып жетип барышты. Семетей аларга: —Өйдө чыксам өбөгүм, ылдый түшсөм жөлөгүм, эки бирдей эреним, мен көргөндү көрдүңбү, мен туйганды туйдуңбу? Чоң-Ополдун оюнда, чоң Үргөнчтүн боюнда дайра суунун четинде, кайып-терек ичинде асмандан түтүн бөлүнөт, агарып чатыр көрүнөт аюу көпчүк, ак желдик басмайылы басылуу, быштыны мыктап тартылуу азамат аты көрүнөт. Кырдан түтүн бөлүнөт, кызыл-тазыл куш баш ээр кыздын аты көрүнөт. Күлчоро менен Канчоро кимиң барсаң аның бар, бир кишилик алың бар, кечикпей кечүү чалып бер, кечикпей кабар алып бер. Аңгеме кепти куруп кел, адашып калган шумкардын ал-абалын сурап кел! — деди эле, Канчоро кыз-келин менен эбин таап сүйлөшө албаймын, барбаймын деп кесе айтты. Он экиде Күлчоро: — Бар десең аба барайын, качып кеткен шумкардын кабарын жетип алайын, калдайган бир сан кол чыкса качпастан колду салайын. Астымдагы Актелки туягы мукур эле, ашуусу бийик тоо келсе учуп өлбөйүн, агыны катуу суу келсе агып өлбөйүн, булумду берчи кийейин, Буурулду берчи минейин, — деди. Семетей бербеймин деп айта албай берендин көөнүн кайтарбай, чечип берди буулумду, түшүп берди Буурулду. Күлчоро шапа-шупа ат токуп, буулумду кийип, Буурулду минип жөнөй бергенде, Семетей: — Тентек элең Күлчоро, бууданды катуу чаап, кокустан бутун ийинге салдырып аксатып ала көрбө, — деп эскертти. Күлчоро ана-мына дегиче Агынектин белин ашып, эрте жетип барууга эки көзү төрт болуп, кара жаак ак камчы менен Буурулду томукка тартып жиберди эле, ал куландай кулак жапырып, куюндай жерди сапырып, баскан жери быркырап, жолум үйдөй даңканы жолу каткан баланын төбөсүндө чыркырап, таноосунан чыккан буу кол ыштыктай буркурап, аркардай арыш узартып, эти кызып алган соң учкан куш менен жарышып, үстүндөгү Күлчоро оозу менен алышып, тарталбай колу карышып, Ак-Кыянын оюна, Чоң-Үргөнчтүн боюна жетип келишти. Үргөнчтүн боюна келген Күлчоро дайранын агымына көз салса, төө өркөч болуп күркүрөп, боз чамбыл болуп ылайлап, тегеренбей чогуу агып, деңизден канча чоң агып, ортосу опсуз шар агып, четинен үйөр кар агып, жаш балаты карагай түбү менен суурулуп, жарга барып урунуп, жардын боору туурулуп, кокту, чап баары жошулуп, ат агызчу туура суу миң жеринен кошулуп, карагай менен сал агып, кайың менен тал агып, үстүнөн көбүк буу болуп түбү менен үйдөй таш, түгөл агып калдырап, жер жарылып, жар кулап, суунун баары ылайлап, мөңгүнүн баары бузулуп, бөлөкчө агып алыптыр. Үргөнчтүн антип киргенине Айчүрөк себепчи экен. Семетейдин келерин билген Айчүрөк: — Эгер Чынкожо, Толтойду жеңе алчу баатыр болсо ушу суудан коркпой кечип өтсүн, кайраты жок болсо суудан коркуп кетсин, — деп күн жайлап, дайраны киргизген экен. Кирип турган дайраны карап турган Күлчоронун заманасы куурулуп: — Бул Үргөнчтү кечкен жан кыйноо тартып өлбөйбү, кыямат жайын көрбөйбү! — деп Семетейге кайтып бармакчы болду. Ошол кезде Айчүрөк отуз келин, отуз кыздын ортосунда селкинчек тээп оюн куруп жаткан эле. Акылай түндө көргөн түшүн айтып калды. Кара чаар кабылан калаанын ичин жойлоду, карс этип иттер койбоду. Чолок көк жал арстан Ооган келип чамынды, каршы алдынан чыгам деп катылган жоолор кыйрады. Бул эмине болуучу, кичүү сиңди, улуу эже, бул түшүмдү жоручу?!— дегенде Канымжан түштү жоруп, Семетейдин келе турганын айтты. Аңгыча сакчы койгон сары кыз, кароолдо турган кара кыз шашып кирип келишип, кызыл буурул ат минген, кыл куйругун чарт түйгөн, кызыл чырай, нур жүздүү жездекем келип калды, — деп сүйүнчүлөштү. Айчүрөк Семетей өзү кечүү чалбай турганын, бул анын чоросу экенин кыздарга айтты.

Кыздар жарданып карап калышты. Күлчоро кыздарга шылдың болгуча, кыямат жүзүн көрөйүн, — деп кыдырып кечүү карабай, кылчалык жанын аябай, жардын башын уратып, кайып сындуу Буурулду капталга тартып жиберип, сууга кирди чуратып. Сууга адеп киргенде бала менен ат көрүнбөй калды. Жээктеги кыз-келиндер алаканын шак коюшуп, өйдө-төмөн жүгүрүшүп, кызыл гүл экен өчтү деп, кызыл кырчын жаш бала, кыямат жүзүн көрдү деп капаланышты. Көл-дайраны көп кечип, көнүк болгон Буурул ат суунун киргенин көздөй маталып, өөдө-төмөн кетпестен туура сүздү. Үйдөй үйөр чогулуп келе жатканда Күлчоро найза менен өзүнөн алыс түрттү. Суудагы баланы жылаңач кызыр, жаш Айдар жылоосунан алды. Айбандан эстүү Буурул ат Бугу-Кечүүдөн кашатка ыргып чыгып, түз эле Айчүрөктүн тушунан чыкты. Суудан чыккан Күлчорого Айчүрөк сынамакка какшык узатты: — Сенин урааның ким, дайның ким, кооз кийинип алыпсың, куда болгон кайның ким? Өз атыңды мингенсип, өз тонуңду кийгенсип зыңгырай бербе жөнү жок! Жоготконуң эмине, жоолаганың ким эле? Чүрөк минтип турганда, чоро анын какшыгына жараша жооп айтып, Шумкарды бер кетемин жеңе. Айчүрөк да сыр бербей: Куру жалаа кылба сенин колуңдан шумкар алдым беле, жөндөн жөн эле жеңе дейсиң, мен сени тааныбайм, мени алуучу күйөөм Чынкожо, Толтой деди. Ары чечен, ары шер Күлчоро, "Бел байлаганың Толтой, Чынкожо болсо, аларыңды талкалап эбиңе келтиремин. Акшумкардын бутунда алтындан чалган боосу бар, жоготуп ийсең шумкарды сен өңдөнгөн кыздардан, токсон бир кыздын доосу бар", — деди. Күлчорону купулуна толтуруп, Акшумкарды ала качып алганы чын экенин айтып, аттан түшүрдү. Кыз-келинге кошулуп оюн курган Күлчоро абасы Семетейди эстен чыгарып койду. Күлчоро кечиккенде Семетей дүрбү салып, анын кыздар менен оюн куруп жатканын көрүп, ачуусу келип Канчорону чакырып жолго камындырып, жөнөп калды. Семетейдин келерин билген Айчүрөк кенебей Үргөнчтөн кечем деп бөөдө өлүм болбосун деп жайчылыгына салып кирген сууну тарттырды. Семетей Үргөнчтүн суусун кечкени он төрт атты сууга камады. Ошондо Канчоро Семетейге жалынды: "Астыбызда ушу суу, ашкере душман, агып кетип окустан, ажал жетип кокустан өлбөйлү, кыдырып кечүү издеп өтөлү". Семетей Канчорого сүйлөндү: — өлүмдөн корккон оңобу? Өлбөй жүргөн дүйнөдө темир өзөк болобу? Агын суудан коркосуң, найзанын учу кылкылдап, адамдын башы былкылдап, алтымыш миң жоо чыкса андан кантип коркпойсуң? Жебирейил периште беш колун салып барбайып, бычагын камдап туруптурбу? Күлчоро кечкен суудан биз кечпей, кечүү издесек, карап турган келин-кыз бизди шылдың кылбайбы, — деп сууга кирди, анын аркасынан аргасыздан Канчоро кирди. Суудан чыккан Семетей: "Жолдон чыккан кыз болсо, оюн куруп каласың, — деп Күлчорого сүйлөндү. Алдынан чыккан Айчүрөк Семетейдин эли-жеринин эсендигин сурап, көрүшө элек жатканыбызда чороң менен урушпаңыз уят иш, бала менен кабаттап бизге да тийди тилиңиз деди. Семетей ого бетер ороңдоду. — Сендей эр албаган эскиге, туурук таман кескиге эзиле берип нетейин, шумкарды берчи кетейин! Айчүрөк: — Бура тартпай Букарда, бурулбай жаткан сенденби? Бууданым качан келет деп, Буудай тиш атка көп конуп, бузулбай жүргөн менденби? Аталарыбыздын кудалашкан антын сыйлап, мен сени күтүп жүрдүм, болбосо дүйнө жүзүндө сенчелик баатыр жок бекен, алардын баарын кыдырып сындан өткөргөм. Тентек тууган күйөөгө телмирип жүрүп нетейин, албасаң алба, мен да теңимди таап кетейин деди. Канчоро менен Күлчоро арага түшүп жүйө кеп айтышып, Айчүрөк менен Семетейди ыкка келтиришип, элдештиришти. Семетейди асем менен тосуп коноктогон Айчүрөк күүгүм кире күн бата Оогандын шаарына алып жөнөдү. Семетей эс ала электе, Чынкожо билип калса атыш кылбасын деп, Таластан келген он төрт аттын изин жашырып, өз сарайына шек билгизбей киргизип, аттарды жан кишиге көрсөтпөй катып салды.

Ажыбай менен Түмөнбай Оогандын билермандары экен, Толтой менен Чынкожонун келер учуру болуп калды го деп мунарга чыгып карашса чын эле жедигердин калың колу каптап келе жаткан экен. Эси чыккан экөө тартуу алып Чынкожо, Толтойдун астынан чыгышты. Чынкожо катуу кыстаганда жети күндөн кийин Айчүрөктү бермек болушуп, убадалашып кайтышты. Алар Айчүрөктү кармап алып Толтойго берүү үчүн анын сарайына барышып чакырышты. Айчүрөк чыгып келгенде: "Сиз үчүн эл кырылбасын. Толтой деле атанын уулу ага барсаң кантет" дешти. Айчүрөк "Атам картаң, өзүм кыз, айлам барбы, Толтойго барайын, Эки агам арада элчи жүрүп жүдөдүңөр, эс алып алыңыздар деп, сарайына алып кирди. Семетейдин үстүнө алып киргенде аны Манаска окшоштуруп, Ажыбай таанып саламдашты. Ал-жай сурашып, Ажыбай мындагы абалды айтты. Жети күн мөөнөтү бүткөндө Ажыбай, Түмөнбай: Айчүрөктү алып кет", — деп Толтойго кат жазышты. Он экиде Күлчоро чалгын чалып келүүгө Семетейдин ат-тонун сурады. Семетей жок дебей Аколпокту, Тайбуурулду, Сырнайза, Аккелте сыяктуу жоо куралдарын берип, жоо көрө элек балага атап ак боз бээни курмандыкка чалды. Күлчоро чалгын чалып кыйла жол басып тогуз жолдун тоомуна, Бөрү-Койдун чаркына келгенде таш өбөк салып уктап калды. Чынкожо кайрадан жедигердин колун чогултуп, берген убада күнү бүттү, Оогандыктар Айчүрөктү эрки менен берсе алып келели, эрки менен бербесе тартып келели деди. Толтой жаман түш көргөнүн, Айчүрөктү зордуктап алууга болбой турганын, анын Манастын уулу Семетейге кудалашып койгонун айтты. Чынкожо каарланып, эгер анын тилин албаса Семетейге барып астына түшүп, туугандашып кайра келип жедигерди чабарын айтты. Чынкожодон корккон Толтой чалгынга чыкты. Тогуз жолдун тоомуна келип тогуз жакка кеткен жолдон из таппады. Жаңырыктын Жар-Кыя Таласка кетчү жол эле ошого келгенде Айчүрөктүн дубасы менен Толтойдун көзү тумандап жол көрүнбөй калды. Бул жорукка таң калган Толтой аттан түшө калып, жолду сыйпалап, аттын туягы тийген жерлер кол арыктай оюлган издерди тапты. Дөөнүн же желмогуздун изиби деп коркуп, кайра кайрат байлап бараткан жолун улантты. Толтой жакындаганда Тайбуурул жер чапчып Күлчорону ойгото албай, жерге сайган Сырнайзаны тегеренгенде үстүндөгү Чоро ооп түшүп кала жаздап ойгонду. Толтойдун келе жатканын көргөн Күлчоро Аккелте менен атты эле анын огу башынан аша тийди. Мылтыктын үнүнөн чочуган Толтой күн күркүрөдүбү, алда неме болду деп кооптонду. Кайраттанып кыя жагын караса кызыл чийкил жаш бала Манастап ураан чакырып качырып калыптыр — Он экиде бала экен жолунан тосуп алайын, курмандыкка чалайын, — деп күтүп турган Толтойго өз кирпиги жоо болуп көзүнө Манас кырк чоросу менен качырып келе жаткандай көрүндү да качып жөнөдү. Күлчоро артынан кууп жетип, эки жолу сайып, эки жолу тең балалык кылып жаздым сайып, өлтүрө албады. Аңгыча чылбырын колдон түшүрүп, Тайбуурулдун бутун ороп бастырбай салып, жоого жетпей калды. Качкан жоону куткарып жибергенине Күлчоро катуу өкүндү. Жаралуу Толтой таң сүргөндө колуна барып эси ооп түштү. Зордуктап чалгынга жиберген Чынкожону тилдеп, сенин тилиңди алам деп адам көрбөс кордукту көргөнү келген экенмин, катынын ала койгун деп өлүмгө сүрөп келипсиң. Айчүрөк ааламдын баарын кыдырып жүрүп Семетейди ээрчитип келиптир, ажалым чындап жеткен экен, — деди. Табыптар Толтойдун жаратына картык салып, жаман канын сордуруп алып дары сыйпашты. Толтойдун жаратын көргөн Чынкожо, аны Семетей эмес, Күлчоро сайганын билип, жаш баладан жараланганына нааразы болду.

Качкан жоосун өлтүрө сая албай күйүттө келе жаткан Күлчоронун астынан Семетей тосо чыгып, анын алгачкы эрдигине ыраазы болуп, Толтойду бүгүн жаралуу кылсаң, эртең жайлайсың, — деп сооротту.

Жаралуу Толтой табыптарынын жардамы менен айыккандан кийин, Чынкожо жедигердин колун Ооганды каптатты. Доолбас кагылып, Акункан дын аскери да чогулуп келе жаткан жоо менен кармашууга камынды. Ажыбай Семетейге жоонун колу каптап келе жатканын кабарлады. Ал жарак-жабдыгын шайланып, Күлчоро менен Канчорону ээрчитип, душманга каршы чыкты. Ортодо катуу кармаш болуп, акырында жедигердин карапайым элден куралган жоокерлери: — Зордукталып айдалып келген бизде не жазык, жазаласаң кандарды жазала, бизди кечиргин дешип, аттарынан түшүп, жоо-жарактарын жерге ташташып багынышты. Семетей аларга кечирим берип Чынкожонун жеке өзүн качырды. Экөө узакка салгылашып, бирин-бири алыша албай турганда, Семетей айбалта менен төбөдөн ары чапканда Чынкожо атынан учуп түшө жаздап качып жөнөдү да күндү жайлап, туман түшүрүп, канаттуу кара аты менен көккө эргип чыкты. Көк жорудай көктө айланып, мөндүрдөй кылып ок атып, жамгырдай кылып жаа тартып, Семетейдин айласын кетирди. Тумандын арасынан көрүнбөй учуп жүргөн аны болжолдоп атып жатып Семетейдин ок-дарысы бүт түгөндү. Чынкожонун ок-дарысы түгөнүп, казынасына кетти. Семетейди уруш талаасынан издеп чыккан Күлчоро ага жолугуп, ал-жайын сураганда ал: "Асмандан уруш салган Чынкожого тең келе ала турган эмеспиз, Аколпок, Тайбуурулду тартуу тартып, Айчүрөктү сен ал, түбүбүз бирге эле, элдешип жай-жайыбызга тарайлы деп айталы" — деди. Безге сайгандай чочуган Күлчоро тирүүсүндө Чынкожого багынбай турганын айтып, Аккелте, Аколпок, Тайбуурулду сурады. Семетей анын сурагандарын берип, өзү кара үңкүргө жашынды. Күлчоро Аколпокту Тайбуурулдун үстүнө жаап, анын чылбырын ээсиз калгандай астыга чубай таштады. Каныкей Аколпоктун жакасына тигип берген жалгыз ок менен Аккелтени октоп, анын оозун өөп, аталбасам мени, огуң жетпей калса сени Манастын арбагы урсун! — деп шерттешип, Тайбуурулдун астына жашынып Чынкожону күттү. Жөө туманга жашынып кайра келген Чынкожо Тайбуурулду алыстан көрүп аткылай баштады. Бир кезде жакындап келип караса ал үстүндө адамы жок, чылбырын сүйрөп бош турат. Семетейди жайлап салыптырмын деп кубанып, атын олжолоп алайын деп жарым бута жакын түшүп келди. Даярданып турган Күлчоро Аккелте менен мээлеп туруп атканда, анын огу Чынкожонун кара атынын бир канатын таарып түшүп, андан өпкөгө кирип талкалады. Ат-маты менен кулап түшкөн Чынкожо Күлчоронун жакасына жармашып кармаша кетти. Аңгыча үңкүрдө жашынып отурган Семетей жүгүрүп келип :— Экөөлөп кетти дебесин, мага бер — деди Күлчородон. Чынкожону коё берди, Семетей аны шыйрактан кармап ташка чаап, эки бөлүп таштады. Семетей менен Күлчоро оогандыктар менен Толтойдун колу кармашып жаткан жерге келишсе, Канчоро катуу кармаш кылып, жедигердин Төлөк баш болгон бир топ жоокерин кырыптыр. Ажыбай менен Түмөнбай кармашта туруштук бере албай капкасына качып кирип, Толтой үстөмдүк кылып жаткан экен. Аны көргөн Күлчоро чабуул коюп, жоонун колун оогандын шаарынан айдап чыгып, Толтойду бет алды. Коркуп качып жөнөгөн аны качпалап кыйкырды. Качкан Толтой Акункан дын шаарынын тушуна келгенде, мунарадан карап турган Айчүрөк анын намысына тийип айрөктөдү. Айчүрөктүн сөзүнөн ардыккан Толтой Күлчорого жекеге чыкты, экөө алыша албай турганда Семетей келип калды, эми экөөлөйт экен деп коркуп кеткен Толтой аттан кулап түштү. Күлчоро түшө калып, башын кести. Толтойдун аты Суркоён жедигерлерди көздөй жөнөгөндө Семетей артынан кууп барып кармап келе жатканда Канчоро менен Күлчоро астынан чыгышып соогат сурашат. Ал аттын чылбырын Күлчоро жакка жакын ыргытат. Күлчоро атты алып кеткенде Канчоро Семетейге ичинен кек түйүп калат. Акункан чоң салтанат менен той өткөрүп, Айчүрөк менен Семетейди үйлөндүрүп, Таласка узатат. Радлов жазып алган вариантта Айчүрөк Көкчөнүн уулу Үмөтөйдүн колуктусу болот. Семетей анын өчкөн отту тамызган өлгөн жанды тиргизген керемети бар экенин угуп, Канчоро, Күлчоро менен кеңешип, Айчүрөк отуз кызды кошчу алып, кырк жигитти башчы алып оюн баштап чыкканда ала качып алат. Бул башка варианттардагы Семетейдин, Көкчөнүн уулу Үмөтөйдүн колуктусу Чачыкейди тартып алып үйлөнгөнүн эске түшүрөт (Бул вариантта Карычал кызы Чачыкей Күлчоронун аялы деп сүрөттөлөт). Радлов жазып алган вариантта Семетейдин Толтой, Чынкожо менен урушу жок, бирок, Канчоро Толтойдун аты Суркоёнду Күлчорого берип койгону үчүн Семетейди кектеп жүргөнү эскерилгенге караганда бул эпизод ошол учурда деле кеңири белгилүү болгон. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Багыш Сазановдун вариантында Айчүрөктү Толтойдун жардамы менен Чынкожо өзү алмак болот. Багыш Сазановдун вариантында катуу жамгыр жаадырганда Чынкожонун жыгачтан жасалган канаттуу атынын тетиктерине суу толуп, канаты тоңуп уча албай калганда Күлчоро атып түшүрүп, карагайдан жасалган денесин балта менен жарып өлтүрөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4