Семетейдин туулганы
Семетейдин туулганы (280-312-6., 1079 сап ыр) — Аккула арып, Манас карыйт. Каныкейди алганына 32 жыл толот. Чоролорун чакырып: Каныкейдин боюнда 7 айлык бала бар, артымда жаш калмак болду, көзүңөрдү салгыла, кыз болуп калса жайын таап бергиле, мен өлөм, камдангыла — дейт. Манас өлөт, сөөгүн Таластын боюндагы Сулпукорго коюшат. 9 ай өткөндө Жакып: Абыке менен Көбөштүн бирине тийсин деп Меңдибайды Каныкейге жиберет. Муну укканда ал капа болуп, 9 айлык боюнда бар, кыз торосом тием, эркек торосом тийбейм дейт.
Каныкей эркек тууйт, кайын энеси Чыйырды экөө баланы алмак-салмак уйку көрбөй кайтарып багышат.
Жакып, Абыке, Көбөш жаңы туулган баланы өлтүрмөк болуп, кол курап аттанышат. Алардын каптап келе жатканын көргөн Каныкей баласын койнуна салып, алтымыш жашар кайненеси Чыйырдыны жетелеп Алтыбайдын аралга кире качат.
Абыке, Көбөштөр Каныкей менен баласын таппай, үй-мүлкүн талкалап, талап кетишет.
Айласы куруган эки аял кайда барарын билишпей, Каныкейдин кеңеши менен анын өкүл атасы Карынбайга келишсе, ал Манастан көөнүм калган деп кабыл албай коёт.
Бакайга барышат. Ал Манастан калган баланы көрүп кубанат, ат-тонун, азыгын камдап, өз атаң Караканга бар деп жолду көрсөтүп, узатып коёт.
Жолдо азыгы түгөнүп ачка болуп, кыйналып, акыры Каракандын шаарына келишет. Каракан Каныкейге ак өргөө тиктирип берип, баланы өзү багып алат. Чоң той берип, балага ат койдурмак болот. Ак боз ат минген, колунда аса таягы бар адам балага «Семетей» деп ат коюп көздөн кайым болот.
Семетей Каракандын баласы болуп чоңоёт. Каракан чоң той берет. Той тарарда Семетей ат минем дейт. Сур жоргого айырмач токуп, ага мингизип, жанына чөйчөктөй көздүү Сары тазды кошуп берет. Семетей өз баласы болсом Каракан мени өзү менен кошо ала жүрөт эле, ал атам эмес экен деп атты жетелеп турган Сары таздан чылбырды жулуп алып, үйүнө кетип калат: Таздан кабар уккан Каракан, анын байбичеси, кыздары, уулу Солтонкул кой десе Семетей болбойт. Каныкей келип кой десе, ага менин атам Манас элимди сагындым, атаңдын Ак олпогу менен Актулпарын сурап бер дейт. Али жашсың деген энесинин жүйөө сөзүнө көнбөй койгондо Каныкей атасына барып, Семетей жалгызым эли-журтун билип алыптыр деп аты менен тонун сурайт. Айткандарын алып берип, Бакайга жолугуп, ошонун тили менен бол деп тапшырып, Каныкей уулун узатат.
Семетей жол жүрүп Таласка келип, Үч-Кошойду эңкейип кирип, Сулпукордун башынан төө кайтарып жүргөн Бакайга жолугуп, өзүнүн дайнын айтып, энеси берген белекти тапшырат. Кубанган Бакай төө энеси куу ингенди кудайыга чалып, Семетейди ошол жерде калтырып, өзү сүйүнчүгө кетет. Жакыпка Семетейдин келгенин айтса, ал баланы алып кел дейт. Сыртка чыгып тура калган Бакай Жакыптын балдарына Семетейге уу берели деп жатканын угат.
Семетейге келип, берген тамагын ичпе деп тапшырып, аны Жакыптыкына ээрчитип барат. Семетей Жакыптын уу кошуп берген арагын ичпей, итке берсе, ит өлөт.
Семетей андан аттанып, Абыке, Көбөштөргө барып, алардын үйүндөгү атасынын курал-жарагын тартып алып, Тайбуурулду минип, кайра таятасыныкына кайтат.
Элиме көчөм деген Семетейди Каракан көп дүнүйө-мүлк берип узатат. Семетей Таласка келип, атасынын ордо тиккен жерине конот.
Чоң атасы, агалары көп колу менен каптап келип, урушта Семетей жеңет. Колго түшкөн Жакыпты Шакан, Абыке, Көбөштү Каныкей өлтүрөт.
Бөлүмдө «Семетейдин» кеңири белгилүү салттык нугу кыска түрдө берилген, тексттердеги көптөгөн деталдык белгилер, чакан эпизоддук көрүнүштөр, айрыкча, Саякбай Каралаевдин вариантына жакын.
Көзгө урунган бир көрүнүш: тексттерде адатта бир адам айткан вариантта белгилеп кете турган карама-каршылык бар: окуялардын баш жагындагы Каныкей төрөгөн жердеги Манастын энесинин аты Бакдөөлөт (287-6., 231 сап ыр) делсе, кийин Шакан (291-6., 368 сап ыр) — делет. Шакан — Чыйырды делип аталуу көп учуроочу белги, ал эми Бакдөөлөт дайым бөлөк каарман. Буга караганда бир нече адамдан жазылган тексттер окумуштуу тарабынан куралып берилген болсо керек дешке негиз бар. Бул китепте жарыяланган тексттин башка кийин жазылган варианттардын басымдуу көпчүлүгүнөн айырмаланган белги окуянын салт боюнча «Манастан» айтылуучу баатырдын өлүмү, аны коюу, Семетейдин туулушу сыяктуу көрүнүштөр ушул бөлүмдө айтылуусу. Бирок, мындай берилүү варианттык белгилердин бирине жатышы да мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4