Түндүк жер аралдары

Википедия дан

Түндүк жер аралдары - Карск жана Лалтевдер дециздеринин чек арасындагы архипелаг, Таймыр жарым аралынынын түндүгүндө.

  • Краснояр крайындагы Таймыр (Долган-Ненец) аймагында. Жалпы аянты 37 миң км2. түндүк жер аралдарынын 1/2 бөлүгү муз куполдору менен капталып, алардын бийикт. 965 мге жетет. Рельефинде плато, дөңсөөлүү түздүк, аралдардын жээктеринде тектирлүү түздүк басымдуу. Климаты арктикалык. Жылдык орт. температурасы -14°С, январдыкы - 28°...-30°С, июлдуку - 0,5°С...-1,6°С; кышында -50°Сге чейин.
  • Жылдык жаан-чачыны 150-450 мм. Муздуктун жалпы аянты 17472 км2.
  • Ири дарыялары: Ушаков, Озёрный ж. б. Арктика жана Антарктика ландшафт алкактары мүнөздүү.
  • Өсүмдүктөрдөн мамык чөп жана эңилчектер басымдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.