Уинстон Черчилль

Википедия дан
Уинстон Черчилль (1943).

Сэр Уинстон Леонард Спенсер-Черчилль (англисче Sir Winston Leonard Spencer-Churchill; 1874-1965), журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Британиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагындагы Нобел сыйлыгынын ээси. Улуу Британиянын даӊазалуу мамлекеттик ишмери.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уинстон Черчилль 1874-жылы 30-ноябрда Бленхейм аксарайында туулган. Бул аксарай Малборо герцогдоруна таандык болгон.

Атасы - лорд Рэндолф Спенсер-Черчилль болсо жетинчи Малборо герцогунун үчүнчү уулу болгон жана учурунда британ парламентине мүчө жана каржы тармагын тейлеген канцлердин кызматын аркалаган.

Энеси деди Рэндолф Черчилль (кыз чагындагы аты - Женни Жером) болсо америкалык бай ишкердин кызы болчу.

Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1940-45-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орун ээлеп калды.

Кийин да (1951-55) Черчилль Улуу Британиянын өкмөт башчысы болгон.

1955-жылдын 5-апрелинда ал өкмөт башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын берген.

1964-жылы 27-июлда акыркы ирет Британ парламентинин лорддор үйүндө (палатасында) отурумга катышкан.

1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын канышасы "лорд" даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына "сэр" деген сый наам кошулуп айтылып калган.

Кыргызстандын 2005-жылы чыгарылган почтоо маркасы

1953-жылы 10-декабрда Черчилль адабият тармагындагы Нобел сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер - америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы Нобел сыйлыгын алган).

Черчилль 1965-жылы 24-январда дүйнөдөн кайткан.

Черчиллдин таамай жана азил сөздөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уинстон Черчиллдин чукугандай тапкан сөздөрү, азилдери да тарыхта калды.

Достор жана көркөм өнөр

Бир жолу драматург Жорж Бернард Шоу Черчиллге өзүнүн жаӊы пьесасынын премьерасына чакырык жиберип, катка мындайча сөз жазып койгон экен:

“Өзүӊүз менен кошо досуӊузду ала келиӊиз, бирок андай досуӊуз бар экенине күмөнүм бар”.

Черчилль болсо жооп кылып мындайча куш тилиндей кат жөнөтүптүр:

“Ка-ап, бул кечте мен бош болбой калбадымбы! Албетте, мен пьесанын сахнага экинчи жолку коюлушуна кубануу менен барууга даярмын, бирок андай учур болооруна күмөнүм бар”.

Индиялыкпы же индейби?

Тээ 1943-жылы Вашингтондо Ак Үйдө Черчилль конок катары сый тамакта отурганда, ага Хелен Огден Миллз Рид деген айым кайрылып калат. Бул айым “Чикаго трибун” гезитинин британдарды жаман көргөндүгү менен белгилүү ээсинин карындашы болчу.

Айым Улуу Британияны Индиянын элине карата өтө ырайымсыз саясат жүргүзүп жатат деп сынга алат.

Ошондо Черчилль берки айымга мындайча жооп кайтарган экен:

“Урматтуу айым (Мадам), сөзүбүздү андан ары улантуудан оболу тактоо киргизип алышым керек болуп турат. Деги мен сиздин сөздү туура уктумбу же жокпу?

Сиз “индиялык” деген сөздү колдонуп, Индиянын өӊү каратору калайыгын - британдык бакыбат башкаруунун шарапаты менен ырааттуу түрдө жана ал түгүл тим эле коркунучтуу деӊгээлге чейин саны өсүп жаткандарды - айтып жатасызбы, же аталышы окшош болгон “индейлерди” - Американын кызыл терилүү тургундарын, менин аӊдаганыма караганда, Кошмо Штаттарда дээрлик кырылып жок боло жаздаган калкты - айтып жатасызбы?

Балыктын кара уругу

Улуу Британия, АКШ жана СССР гитлердик фашизмге каршы ынтымак түзгөн жылдары Иосиф (англисче – Жозеф, кыскача Жо) Сталин британ өкмөт башчысы Черчиллге балыктын кара уругун байма-бай жиберип турган экен.

Черчилль кызматтан кетип, парламентте оппозицияда жүргөн учурунда, 1946-жылы 5-мартта АКШнын Миссури штатындагы Фултон шаарында жайгашкан Вестминстер коллежинде даӊазалуу “Дүйнөнүн булчуӊдары” аттуу сөзү менен чыгып сүйлөйт.

Черчиллдин дал ушул сөзү “кансыз согушка” – Батыш менен Советтер Биримдигинин идеологиялык тирешүүсүнө жана жарыша куралдануу дооруна башат ачкан деп айтылып жүрөт.

Ошондон көп узабай Черчилль америкалык “Тайм” журналынын кожоюну уюштурган сый тамакта отуруп калат.

Британ мамлекеттик ишмери кашыгына балыктын кара уругунан мелт-калт кыла сузат да, жылмайа айтат:

- Билесиӊерби, Жо байке (Иосиф Сталин) бул даамдуу нерсени мага үзбөй жана, баса белгилеп айтсам, өтө арбын салып тураар эле. Эми мага бул уруктун бир даны түгүл, таш-балакет да жок болот!

Тактыктын сыры

“Сиз эмне үчүн ушунчалык таксыз?”

Бул суроого Черчилль мындайча жооп узаткан экен:

- Менин өтө так саатым – бул ашказаным. Маселен, дал ушул көз ирмемде ашказаным мага түшкү саат бир болгонун жана түштөнүү маалы келгенин айтып жатат.

Армян коньягы жана Сталин

Бир жолу Сталин Черчиллге армян конягын жибериптир.

Анысы жагып калган экен, Черчилль мактаптыр.

Анан Сталин улам армян конягын жибертип туруптур.

Бир жолу Черчилль "баягы конягың бузулду" дейт.

Сталин текшертсе, коняк чыгарган "Двин" ишканасынын технология башчысы Маркар Седракян Сибирге айдалган экен да, коняк сапаты өтө начарлаптыр.

Анан Сталин Седракянды кайра Сибирден Ереванга алдыртып, ага Соцэмгек баатыры наамын бердиртиптир.

Айрым адабият булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Черчилль У. Мускулы мира. - Москва: Эксмо, 2004. - ISBN 5-04-010272-0.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Biology-stub