Хельсинки конференциясы

Википедия дан

Хельсинки конференциясы, Хельсинки жыйынтыктоочу актысы, Xельсинки кеңешмеси (1975) - Европа жана Түндүк Америка мамлекет башчыларынын 1975жылдын 30-июлунан 1-августуна чейин Хельсинкидеги өткөргөн конференциясы; Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча кедешме (ЕККК).

Хельсинки конференциясы үч этапта өткөн: алгач Хельсинкиде (1973, 3-7-июль), андан кийин Женевада (1973, 18-сентябрь - 1975, 21-июль) жана кайрадан Хельсинкиде. 1975, 30-июль -1-август Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча кенешменин негизги жыйынтыктоочу этабына 35 мамлекеттин башчылары (а. и. НАТОнун бардык мүчөлөрү, Варшава келишим уюмунун катышуучулары ж. б.) катышкан. Кеңешме Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки чек аралардын бузулгустугу, экономиканын өнүгүшү, илимий-техникалык кызматташтык, ошондой эле Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин коопсуздугу ж. б-га жетишүү жөнүндө Варшава келишиминин катышуучуларынын (социалисттик мамлекеттердин биримдиги) сунушу (1965) боюнча чакырылган. Хельсинки конференциясында эл аралык укук, аскердик-саясий, экономикалык, гуманитардык багытта Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча кеңешме (ЕККК) түзүлүп, жыйынтыктоочу актыга 35 мамлекет башчылары кол койгон. Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча кеңешмеге катышкан мамлекеттердин кийинки жолугушуулары Белградда (1977), Мадридде (1980), Оттавада (1985), Парижде (1990), Будапеште (1994) өтүп, 1995 жылдын 1-январынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4