Хонгорай

Википедия дан

Хонгорай — (байыркы кыргыз Тоо-талаа эл) Энесай дарыясынын жээгинде, Минусин сайында жайгашкан тоолуу төрт улустан турган тарыхый мамлекет.

Хонгорай
конфедерация
1399 — 1703


Желек
Борбор калаа Ах Тас Тура (Ак-Таштуу шаар)
Тил Энесай кыргыз тили
Дин Теңирчилик
Аянт 320 000 км2[1]
Калк кыргыздар
25 — 40 миң адамдан көп (XVIII кылымдын башында, Абакан жана Июс дарыяларынын жээгинде) [1]
Сулале (династия) Хыргыс
Хан
 - 1399 — 1416 Абабарци-Чингсанг (Акбаржын)
 - 1416 — 1425 Эсенху-Хан (Эсен-Тайшы)
 - 1425 Амасанжи Тайши
 - 1609 — 1621 Номчи
 - 1621 Ишей
 - 1658 — 1687 Иренек Хан (Ернак)
 - 1757 Курбан-кашка
Өтүүчүлүк
Юань Империясы
Сибир губерниясы

Доорлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1399 — Ойрат-Кыргыз конфедерациясы түзүлгөн.
  • 1468 — Ойрат-Кыргыз (Хонгорай) конфедерациясы кулаган, ал Ойрат хандыгына жана Хонгорайга бөлүнгөн. [2]
  • 1620 — Хонгорай — Хотогойт хандыгынын вассалы.
  • 1667 — Хонгорай — Жуңгар хандыгынын вассалы болуп эсептелинет.

Согуштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1609 жыл. Кыргыз башчысы НомчиЧулым дарыясында жайгашкан бүт орус айылдарын кырат.

1614 жыл. Номчи Томск согуш-чебине кол салат, бирок чебти ала албагандыктан, кайта орус айылдарын кырып, 7000дей орус каза болот.

1616 жыл. Томск согуш-чебинен Орус аскерлери келип, кыргыздар менен чулумдарга кол салат. Кыргыздар утулат, Чулумдар орустарга баш ийишет.

1619 жыл. Орустар Энесай согуш-чебин курушат, ага кыргыздар ар-дайым кол салып турушат.

1621 жыл. Чулым дарыясында кайта согуш болуп, кыргыздар утулат, кыргыз башчысы Ишей'дин туугандары туткунга алынышат.

1624 жыл. Кыргыздар Томскко келип, бүт жакын аралыкта жайгашкан орус айылдарын кырышат, андан кийин орустар менен кыргыздардын ортосунда тынчтык келишими жазылат.

1629 жыл. Хонгорайдан коргоо Красноярск согуш-чеби курулат, кыргыздар ага чабуул жасап, бирок ала алышпайт.

1630 жыл. Кышында Туба улусунун башчылары Коян жана Сойта орус аскерлерин кырышат, тынчтык келишим жазып атканда, орустар Коян'дын туугандарын туткунга алышат, жана кийинчирээк асып салышат.

1631 жыл. Августта кыргыздардын башчысы Кочебай, Красноярск согуш-чебине чабуул жасайт, жакын арадагы бүт орустардын айылдарын кырат, жылкыларын уурдашат, орустарга салым төлөгөн жашоочулар, кыргыздар менен качышат.

Түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саян-Алтайдын аймагын камтыган Монгол Юань империясы кулагандан кийин Моңголдор кыргыздарга болгон бийлигин жоготкон. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз мамлекетин түзүштү. 14-кылымдын аягында кыргыздар чыгыш монголдорго каршы күрөштө ойроттор менен биригип, Ойрот хандыгында жетекчилик позицияларды кыргыздар ээлеген. 1399-жылы ойрот конфедерациясынан кирген кыргыздардын бир бөлүгүнүн башчысы Угечи-Кашка өз аймагына жаңы расмий аталыш түзүүнү чечкен. Арийне, 15-16-кылымдарда монгол башкаруучуларынын буйругу менен Орто Енисей өрөөнүнө сүрүлүп, кыргыздардын кол алдында бир бүтүмгө бириккен ар кандай урук топтору (Туматтар, Кереиттер жана башкалар) болгон. этно-саясий бирикме Хонгор, же Хонгорай ". Бул корутунду булактардын кеңири спектрин жана биринчи кезекте XVII-XVIII жазма документтерди талдоого негизделген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1663 жылынын декабрында, Ловсан-Тайжы халха-хандарынан качып, Саян кырынан өтүп, Хонгорайга качып келет, ылдыйкы Туба дарыясында «Лозанов шаарчасын» (азыркы убакытта Городок деген айыл) кура баштайт. 1664 жылы Алтын-Хан өзүнүн элчисин Москвага халха хандарына каршы жардам берүүсү менен сурайт. Эгерде жардам беришся, Ловсан-Тайжы Цардыктын кулу болууга умтулат. [3].

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хоорай – кыргыз журтунун экинчи бир аталышы; Минуса ойдуңунун тоолуу-талаалуу аймактарынын географиялык аталышы. Кыргыздардын Хонгорай этно-саясий бирикмесиндеги ээлеген орду зор болгон. 17-кылымдагы орус документтеринде Хакас-Минуса аймагы «Кыргыз жери», «Кыргыз өлкөсү» деп жазылган. Айрым коңшу элдер, мисалы, шорлор бул аймакты «Хыргыс-Хоорай» деп аташкан.

Орто кылымдардагы кыргыздардын үстөмдүгүн Саян-Алтайдын топонимикалык аталыштары да ырастайт: түштүк-батыштан – Абакандын жогорку агымындагы Кыргыз (Хыргыс-Суг) дарыясы, түштүктөн – Батыш Саяндардагы Кургусук (Хыргыс-Суг) дарыясы, чыгыштан – Чулум дарыясынын өрөөнүндөгү Кургусун (Хыргыс-Чул) дарыясы жана түндүк-батыштан – Том дарыясынын өрөөнүндөгү Киргизка Кургусун (Хыргыс-Чул) дарыясы.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]




  1. 1.0 1.1 Очерки Истории Хакасии , Абакан, 2008
  2. https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:1757
  3. В декабре 1663 года, спасаясь от халхасских ханов, Ловсан-тайджи перешел через Саянский хребет и перекочевал в Хонгорай, где в нижнем течении реки Тубы начал строить «Лозанов городок» (ныне село Городок под Минусинском). В 1664 году Алтын-хан отправил своего посла в Москву с просьбой о помощи против халхасских ханов. Взамен Ловсан-тайджи обязывался стать верным царским подданным и дать «аманатов своих родственных людей в томский город», он просил также построить город «на киргизских кочевьях» и дать ему ржи, овса и иных хлебов на семена, так как он хочет «на нынешнем своем кочевье около Упсы (Тубы) реки заводить пашни»