Шайыр Супатаева

Википедия дан
Супатаева, Шайырбүбү Нурмухамбетовна
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Супатаева, Шайырбүбү Нурмухамбетовна
Туулган жылы: 1950-жыл
Туулган жери: Оргочор айылы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1972-жылдан баштап ушул кезге чейин
Театр: Ош кыргыз драма театры, Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы музыкалуу-драма театры

Супатаева, Шайырбүбүтеатр жана кино артисти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шайырбүбү Супатаева орто мектепти аяктагандан кийин 1967-1972-жылдары Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусствосу институтунда окуйт.
Эмгек жолун 1972-жылы, курсташтары – Ш.Дүйшөнкулов, Д.Байдөбөтов, Г.Каниметова, М.Токтобаев, Н.Мамбетова, Ж.Сыдыкбаева ж.б. менен чогуу, жаңы ачылган Ош кыргыз драма теарында баштайт.

Бул театрда он жылдан ашуун эмгектенгенден кийин, Шайырбүбү 1985-жылы кайрадан ачылып иштеп аткан Пржевальск шаарындагы Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы драма театрына артист болуп кызматтыкка алынат. Ошондон тартып ушул сахна коллективинде чыгармачылык жактан ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.
Театрда эмгектенген кырк жылдан ашуун жигердүү чыгармачылык жолунун ичинде Шайырбүбү Супатаева драма, трагедиядан тартып комедияга чейинки ар кыл диапозондогу ондогон ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө кеңири таанылып, жалпы улуттук масштабдагы чыгармачылык инсандардын бирине айланды.
Театрдан тышкаары Шайырбү Супатаева кыргыз киносунда да бир нече мыкты образдарды жаратты. Айрыкча “Токолдор тополоңундагы” башкы каарман – “маршал кемпир” Алымкандын ролу менен Шайырбүбү Супатаева азыркы кыргыз актердук өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катарында турган орошон талант экенин айгинеледи.

Театрда ойногон негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Рабия (М. Гапаров, “Кадыр түн”)
  • Анна Андреевна (Н.В.Гоголь, “Текшерүүчү”)
  • Айша апа (Ч.Айтматов, “Фудзиямадагы кадыр түн”)
  • Клитемнестра (Л.Дюрко, “Менин сүйүктүү Электрам”)
  • Мария (У.Шекспир, “Он экинчи түн”)
  • Кемпир (Ф.М.Достоевский, “Көк мээ” (“Идиот”)
  • Зыйнат Бекеевна (Т.Абдумомунов, “Машырбек үйлөнөт”)
  • Батыйна (Т.Абдумомунов, “Каркыралар кайтканда”)
  • Янь (Б.Брехт, “Сычуандагы ак пейил адам”)
  • Сайра (З.Сооронбаева, “Сынган мазар”)
  • Мактым (М. Гапаров, “Темир корук”)
  • Аксаамай (М. Мамазаирова, “Кымгуут түшкөн бир кечте”)
  • Асыл (З.Сооронбаева, “Эркек колукту”)
  • Уулкан (Б.Калчабаева, “Кыз-күйөө”)
  • Оңол (К.Жапаров, “Намыскөйлөр”)
  • Чыйырды (Ж. Кулмамбетов, “Манас, Манас болгону...”)
  • Баян (З.Сооронбаева, “Баян”)
  • Кертолгоо (Ч.Айтматов, “Каркыранын көз жашы”)
  • Маргарита (У.Шекспир, “Кандуу так”)
  • Таңгабике (Мустай Карим, “Ай тутулган түндө”)
  • Батыш (М. Байжиев, “Алтынчы күнү кечинде”)
  • Көзү ачык кемпир (Ж. Кулмамбетов, “Ааламат келген күн”)
  • Курманжан (Ш.Дүйшөнкулов, “Курманжан-датка”) ж.б.

Кинодогу ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шуруу (“Жамгыр”, реж. З.Эралиев)
  • Бопуйкан (“Жараланган турналар”, реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Алымкан (“Токолдор тополоңу”, реж. Ж.Кулмамбетов)

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1] Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
[2] Archived 2016-04-05 at the Wayback Machine
[3] Archived 2016-03-08 at the Wayback Machine