Шрек Үчүнчү

Википедия дан
Шрек Үчүнчү
Shrek the Third
Түрү

Компьютердик анимация

Жанры

комедия
фэнтези
Шумдуктуу окуя
Үй-бүлөлүк

Приквели

«Шрек»
«Шрек 2»

Сиквели

«Шрек түбөлүккө»

Режиссёру

Крис Миллер

Продюсери

Арон Уорнер
Эндрю Адамсон
Дэниз Нолан Каскино

Сценарийдин
автору

Джеффри Прайс
Питер Симэн
Йон Зак

Үн
коштогондор

Майк Майерс
Эдди Мёрфи
Камерон Диас
Антонио Бандерас

Композитору

Гарри Грегсон-Уильямс

Студиясы

DreamWorks Animation
Pacific Data Images (PDI)

Өлкө

 АКШ

Тили

Аңглисче

Узактыгы

93 мүнөт

Жылы

2007

Бет ачаары

18-май 2007

Бюджети

160 мил. $

Кирешеси

798958162 $

IMDb

ID 0413267

BCdb

кененирээк

Rotten Tomatoes

m/shrek_3

https://www.dreamworks.com/movies/shrek-the-third
Shrek the Third

"Шрек үчүнчү" (англ. Shrek the Third, орус. Шрек Третий) - 2007-жылы тартылган жана компүтерде анимацияланган америкалык фэнтези комедия. Тасма "Шрек" тасмаларынын үчүнчү чыгарылышы болуп саналат. Тасманы "DreamWorks Animation" өндүргөн.

Бул чыгарылыш Шрек менен Фионанын үйлөнгөндүгүнөн сегиз айт өткөндөн кийинки убакыттан башталат. Тасмада, "Алыскы " королдукту анча жактырбай жетектеген Шрек, такка чынында татыктуу болгон Фионанын бөлөсүн издөөгө жөнөйт. Бул учурдан пайдаланып "Келишимдүү канзаада" Шректи тактан алып, өзү падыша болууну көздөйт. "Шрек 2"ге үн коштогон Майк Майерс, Эдди Мёрфи, Камерон Диаз, Антонио Бандерас, Руперт Эверетт, Жули Эндрюс жана Жон Клиизден тышкары, үчүнчү чыгарылышта Артур Пендрагонго Жастин Тимберлейк жана Мерлинге Эрик Айдл үн коштошкон.

Тасма 2007-жылы, 6-майда Лос-Анжелестеги Вествуд аймагында, "Mann Village" кинотеатрында алгачкы жолу көрсөтүлгөн жана 2007-жылы, 18-майда АКШдагы баардык кинотеатрларда көрсөтүүгө чыккан. 2008-жылы балдардын тандоосу боюнча "Эң мыкты анимацияланган тасма" наамына көрсөтүлгөн, тилекке каршы "Рататуй" тасмасына жеңишти алдырып жиберген. Ошондой эле, 61-"Британия Кино Сыйлыктары" тапшыруу аземинде BAFTA сыйлыгынын "Эң мыкты анимацияланган тасма" наамына көрсөтүлгөн.

Тасма 799 миллион АКШ долларын табуу менен тартууга кеткен 160 миллион АКШ доллардык бюджетинен ашып, 2007-жылдын эң көп кирешелүү тасмаларынын бири болгон.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]