Эгембердиев, Зыфар

Википедия дан

Игембердиев Зыфар (1908, Жумгал району, Сары-Камыш айылы — 21.10.1974, Бишкек) — хирург, медицина илимдеринин доктору (1958), профессор (1966). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1949).
1933-ж. Москвадан медицина институтту бүткөн.
1933—42-ж. Кызыл-Кыя, Өзгөн шаардык, Ош облустук, Бишкек шаардык ооруканаларында бөлүм башчы, башкы врач, 1942—46-ж. гвардиялык аткычтар дивизиясынын медицина-санитариялык батальондорунун башкы хирургу болуп, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияга чейин барган.
1946—48-ж. Кыргызстан саламаттык сактоо министринин 1-орун басары, 1948—50-ж. министр, 1950—54-ж. СССР медицина ИАда докторант, 1954—60-ж. КММИде проректор, 1960— 74-ж. КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы.
Игембердиевдин эмгектери көбүнчө күйүктөн болгон травмага, андагы шоктун түрлөрүнө, алардын бөйрөктүн ишине тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согушта 35000 операция жасаган Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine