Эмгек темасы "Манаста"

Википедия дан

Эмгек темасы "Манаста" Адамдардын аң-сезимдүү максатка ылайык иши, аракети, жумушу, ошондой эле алардын жигердүүлүк сапатынын белгиси. "Манас" эпосунда ак калпак элибиздин бейкутчулукта жашаган турмушундагы кен эритүүчү көөрүкчүлүгү, уста узануучу, төрт түлүк малды багуу аны аман асыроо, жер иштетип дыйканчылык менен эмгектенүүсү кеңири, ары таамай, таасын чагылдырылган.

Басып алган эл менен уруунун башчысы өзү күч менен каратып алган элдер менен урууларды кылычтын мизине салып, зордоп иштетүү менен, алардан түшкөн олжону бүт ээлеп алган. Алсак, эл атасы, журт эгеси Каракан дүйнөдөн кайтканда, сөөк өчтү душмандар Молто, Алооке, Эсенкан көп кол менен капарсыз жаткан кыргыз элин чаап алышып, уюткулуу элдин бирин тереңге, бирин Эренге, бирин Каңгайга, бирин Алтайга тентитип, айдап жиберет.

Манастын атасы Жакып кан менен Акбалта кырк үйлүүсү менен Алтай деген жерге айдалат. Эрксизден айдалгандар бөтөн эл, бөтөн жерде эмне кылар айласын таппай карайлап тургандарга Акбалта: "Эмгек кыл балдар, эмгек кыл, Арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат" (Саякбай Каралаев, 1. 84), — деп азып-тозгондорду эртеңки жакшылыктын болорунан күдөр үзбөөгө чакырып, өзгөчө жаштарды эмгек кылууга үндөйт. Жакып баш болуп сүрүлүп баргандар ак эмгектин аркасында алтын кенин казышып, эгин айдашып, алардын кочушун койго, табагын тайга сатышып, сандыгын сары алтын мүлккө толтуруп, төрт түлүк малынын түмөнү түрүлгөн атагы ай-ааламга тараган эсепсиз бай болот.

Эмгектин бөлүнүшү боюнча да байыркы учурларда эле болгондугун "Манас" эпосу да ырастайт. Маселен, койчу башчысы Ошпур, жылкычысы Ыйман, төөчүсү Сарбан, уйчусу Байбол, төлгөчү Кара Төлөгү, Агыдай далы көрүүчү, Ырамандын ырчысы, кабарчысы Жаш Айдар менен эр Шууту, кароолчусу Сереги менен Жоорунчу, тилмечи алтымыш буруу тил билген Ажыбай, кара тилин кайраган чечен, элчиси Үрбү, балбаны алп Кошой, Акаяр, чыканактай эр Агыш, жоокерчиликтеги чалгынчысы Алмамбет, Сыргак, алдыда болуучу жакшылык менен жамандыкты жаңылбай билген акылман — көз ачыгы Бакай, Каныкей, чайчысы Тазбаймат, дарыгери Каныкей, Момунжан болуп берилишинен эле "Манас" үчилтигинде эмгекти бөлүнүшүнүн бардык түрүн, башкача айтканда акыл эмгеги менен күч эмгегинин жиктелишин көрүүгө болот. Ал эми "Капка кармап турчусу, Он эки күзөт бир малай" (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 584-инв., 27-б.), — деп үй кызматына жараша бөлүштүрүү да ачык байкалат.

Эпос дыйканчылык тууралуу да аздыр-көптүр кабар берет. Жаш Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, атасынын малкорлугуна, ач көздүгүнө тарынып үйүнөн кетип калып, жолдон Баба дыйканга жолугуп, анын кеңеши боюнча экөөлөп жер айдашат. Манас өзүнүн маңдай тери, ак эмгеги менен тапкан эгиндин мол түшүмүнө Аккуланы сатып алат.

Темир узануучулар эл-жерди коргогон баатырлар менен эр азаматтарды "шиберге койсо өрт, шилтегени мүрт кеткен кылычтар, сайганын тешип өткөн сыр найзалар , чапса кылыч кеспеген, ок жаңылып кетпеген соот, чопкуттар, ат жабдуулар менен камсыз кылып турушкан.

"Манас" эпосунда эркектердин эмгегине караганда аялдардын эмгеги бөтөнчө даңазаланат.

Каныкей баш болгон аялдар өмүрлүк жолдошторунун жоосун жеңип, аман-эсен жеңиш менен кайтып келүүсүн тилешип: "Керишке кийсе ок өтпөс, Найзанын учу тешпеген. Нар кескен огу кеспеген" (Саякбай Каралаев, 2. 59) согуштук кийим-кечектер менен камсыз кылып, айлап-жылдап ичсе түгөнбөс гүл азыктарды даярдап беришет.

Акылман Каныкей Манас дүйнөдөн кайтканда бир адамга билгизбей, бир адамга туйгузбай, кара зоо бетин ойдуруп, ооз жагынан бир киши баткандай, төр жагына алты миң кой жаткандай жай каздырып, айкөлүнүн сөөгүн коёт. Ичи жарык болсун деп жакут желек каухарды катар-катар койдурат, үстү түшүп кетпесин үчүн алтындан түркүк орноттурат. Салкын болсун үчүн, ичи ылдый суу жүргүзүп, асты жумшак болсун деп арчанын күлүн төктүрүп, кырк жылы сууга чыласа, кылк этип оңуп койбогон алтындан соккон килемди салдырат. Айкөлүнүн эл-жерине кылган эмгеги, көрсөткөн баатырдык эрдиктери, иштери эч унутулбас үчүн:

Жети миң эркеч бир кырып,

Кыш кайнатып бек салдым

Жети кылым өткүчө

Жетигимдин күмбөзү (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 155) бузулбай турсун деп көргөн адамды таң калтырган күмбөз салдырат.

Эпос ак ниети, адал эмгеги менен жасаган иш эч качан өлбөйт, унутулбайт деген идеяны даңазалайт.

Бүгүнкү күндө келечектин ээлери болгон жаш муундарыбызды эмгекке тарбиялоодо "Манас" эпосунун таасири өтө күчтүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4