Өсүмдүк материалдарынын гидролизи

Википедия дан

Өсүмдүк материалдарынын гидролизи - катализаторлордун (кислоталар) катышуусунда өсүмдүк тканындагы полисахариддердин суу менен өз ара кошулуу процесси.

  • Өсүмдүк сырьёлорунда 75%ке чейин сууда эрибес полисахариддер (целлюло­за жанa гемицеллюлоза түрүндө) бо­лот. Аны ажыратуудан адегенде ара­лык зат, андан кийин жөнөкөй канттар — моноздор пайда болот. Температура менен кислоталардын концентрациясы жогорулаган сайын гидролиз ылдамдайт.
  • Өсүмдүк материалдарынын гидролизи— тамак-аш, тают жана тех. продуктуларды алуудагы негизги гидролиз өндүрүшү. Гидролизден гидролизаттар—моноздун эритмеси (пентоз, гексоз жанa азыраак глюкоза), орг. кислоталар, спирттер жанa катуу калдыктар (гидролиз лигнини) алы­нат. Гидролизаттар андан ары био- хим. же хим. жол менен иштетилет. Андан тоют ачыткычы, этил спирти биохим. жол менен, көп атомдуу спирт­тер хим. иштетүүдөн алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.