Эки миң сом

Википедия дан
2.000 сом‎»‎ барагынан багытталды)
Эки миң сом
2000 сом
Өлкө:  Кыргызстан
Номиналы: 2000 сом
Туурасы: 156 мм
Бийиктиги: 73 мм
Коргоо элементтери:
Түсү: Күрөң-көк
Чыгарылган датасы: 17-ноябрь, 2017
Алдыңкы бети
Алдыңкы бети
Алдыңкы бетиндеги сүрөт: Айкөл Манастын эстелиги жана Умай эне белгиси, (Боз үй)
Арткы бети
Арткы бети
Арткы бетиндеги сүрөт: Өмүр дарагы, Хан-Теңири жана Ысык-Көл, ошондой эле учуп бара жаткан бүркүттүн сүрөтү

Эки миң сом (2000 сом) — Кыргыз сомунун эки миң сом номиналындагы, улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкнотту.

Банкнот 2017-жылдын 17-ноябрынан тарта жүгүртүүгө чыгарылды, жана ошондой эле Кыргызстандын баардык жеринде расмий түрдө улуттук валюта катарында кабыл алынат. Бул акча бирдиги өзүнүн оригиналдуу дизайны, чектелген нускасы жана коргоо белгилери менен буга чейин чыгарылган улуттук валюталардан айырмаланат.

Эстелик банкнотту жүгүртүүгө чыгаруу себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эстелик банкнот өзүнө бир учурда эки тарыхый окуяны камтып, Кыргыз Республикабыздын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 2018-жылы белгилене турган улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына арналат. Ушул эки маанилүү тарыхый окуяларды даңазалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көз карандысыз мамлекеттин тарыхындагы алгачкы эстелик банкнотту чыгарышкан.

Сүрөттөлүшү жана мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эстелик банкнот – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүн, байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ. 1) Банкноттун алдыңкы бетинде чачыранды урууларды бириктирип, түпкүлүктүү кыргыз элинин уюткусун кураган Айкөл Манастын Аккула сын минип, жоо-жарагы шайма-шай эл четинде, жоо бетинде турган элеси чагылдырылган. 2) Кыргыз эли ыйык тутуп, табынып келген, жаман көздөн жана суук сөздөн коргоп, анын руханий дүйнөсүнүн көөнөрбөс кутуна айланган ыйык «Умай эне» белгиси, көчмөн элдин турагы – жакшы жашоо, байгерчиликтин, ырыс-ынтымактын символу боз үйдүн сүрөттөлүшү негизги сюжетти толуктап турат. Кыргыз элинин басып өткөн жолун, жакшы жашоого умтулуп, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган өмүр дарагы банкноттун арткы бетинин негизги сюжети. Аалам эгеси, асман тиреген «Хан-Тенгри» улуулукту, айкөлдүктү туу тутуп, алдыга үмүт артып жашаган, кайрат-күчү майтарылбас кыргыз элине мүнөздүү касиеттерди чагылдырса, көз жоосун алган көгүлтүр Ысык-Көлдүн керемет сүрөттөлүшүнүн алкагында канатын кере жайып учуп бара жаткан бүркүттүн элеси эркиндикти сүйгөн, тоскоолдуктарды тоготпой жиреп өтүп, сүр көрсөткөн, адилетсиздикке элдешпес кыргыз мүнөзүн чагылдырат.

Коргоо белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Түстүү голограмма — Банкнотту сол жактан оң жагына же тескери кармап, жантайыңкы алып кароодо «25» деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт.

  • Микрооптикалык тилке — Банкнотту жантайыңкы алып кароодо тигинен жайгашкан тилкеде чагылдырылган сүрөттөлүштөр ар башка түстө, көлөмдө кубулуп, чагылышып көрүнөт.

  • Көмүскө сүрөттөлүш — Банкнотту жантайыңкы алып кароодо түркүн түстүү тилкелер пайда болот.

  • Иридисценттик тилке — Банкноттун арткы бетиндеги тилкеде канатын кере жайып учуп бара жаткан куштун эки түстө берилген элеси чагылдырылган.

  • Суу белгиси — Ар тараптан чагылдырылып, түркүн түскө кубулуп көрүнгөн суу белгиси сандык номиналдын электротиби.
  • Өтмө регистр — Банкноттун алдыңкы жана арткы бетинде бири-бирине дал келтирилип жайгаштырылган айырмалоочу белги. Жарыкка салып кароодо андан «2000» деген санды көрүүгө болот.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]