Берберлер

Википедия дан

Берберлер - Түндүк Африка өлкөлөрүндө (Мавритания, Марокко, Алжир, Тунис, Ливия, Мисир), ошондой эле Борбордук жана Батыш Суданда жашаган элдердин тобу.

Жайгашуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Берберлердин тилинин картасы.

Жалпы саны 6 млн-дон ашык (1967). Берберлер деген ат Түндүк Африканы арабдар караткандан (7-к.) бери белгилүү. Антроп. жагынан жер ортолук деңиз расасына кирет. Байыркы ливиялыктардын укум-тукумдары деп саналат. Арабдар караткан соң бербер урууларынын көбү араб маданиятын, каада-салтын, тилин, динин кабыл алышкан. Арабдашпаган, б. а. бербер тилдеринде сүйлөгөндөрү гана Берберлер деп аталат. Берберлер негизинен жер иштетип, мал багышат. Марокко менен Алжирдеги Берберлердин айрымдары өнөр жайда иштейт.

Бербер этностору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.